Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-февралы № 106
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Билим берүү уюмунун сапатынын деңгээлин баалоо жол-жобосун жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында көз карандысыз аккредитация боюнча актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун тартибинде:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бул тартип билим берүү уюмдарын (институттук аккредитация) жана билим берүү программаларын (программалык аккредитация) аккредитациялоо жол-жобосун белгилейт.
Аккредитация аккредитациялануучу билим берүү уюмуна (улуттук аккредитация) коюлуучу Кыргыз Республикасынын минималдуу талаптарына же билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу боюнча эл аралык ассоциациялардын (тармактардын) (эл аралык аккредитация) стандарттарына ылайык жүргүзүлөт.
Улуттук аккредитация билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңеш тарабынан таанылган аккредитациялык агенттиктер тарабынан жүргүзүлөт.
Эл аралык аккредитация аккредитациялык агенттиктер тарабынан жүргүзүлөт:
- билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңеш тарабынан таанылган;
- билим берүүнүн сапатын камсыз кылуунун эл аралык тармактарында толук же ассоциацияланган мүчөлөр болуп саналган.
Улуттук жана эл аралык программалык аккредитациялар баштапкы (Ex-Ante) (билим берүү программасын ишке ашыруунун биринчи жылында жүргүзүлүүчү) жана толук (билим берүү программасынын бүтүрүү курсу болгондо жүргүзүлүүчү) болот.
Билим берүү уюмунун институттук жана программалык аккредитациядан өтүүсү милдеттүү болуп саналат.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында көз карандысыз аккредитация боюнча актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибинде:
- 11-пункттагы "жана аларга кабыл алуу планын" деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча окууга кабыл алуу планы ЖОЖдор тарабынан өз алдынча бекитилет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 13-1-пункт менен толукталсын:
"13-1. Абитуриенттердин - чет мамлекеттердин жарандарынын документтерин кабыл алуу жылдын ичинде АМС аркылуу ишке ашырылат. Кирүү сыноолорун уюштуруу жана абитуриенттерди - чет мамлекеттердин жарандарын кабыл алуу мөөнөттөрүнүн сакталышы үчүн жоопкерчилик ЖОЖдун кабыл алуу комиссиясынын төрагасына жүктөлөт.";
- 20-пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын;
- 57-пункттагы "Өзгөчө абалда ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча, документтерди" деген сөздөр "Документтерди" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 79-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чет өлкөлүк жарандар үчүн кирүү сыноолорун өткөрүүнүн мөөнөттөрү: жайкы кабыл алуунун алкагында - 1-августтан тартып 1-декабрга чейин; кышкы кабыл алуунун алкагында - 20-декабрдан тартып 20-мартка чейин.";
үчүнчү абзацтагы "Жайкы кабыл алуунун алкагында чет өлкөлүк" деген сөздөр "Чет өлкөлүк" деген сөздөргө алмаштырылсын жана "5-декабрга чейин" деген сөздөр алып салынсын;
- 84-пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын;
- 85-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кирүү сыноолорун өткөрүүнүн формасы (онлайн, оффлайн) ЖОЖ тарабынан белгиленет.";
- 110-пункттун үчүнчү абзацындагы "Өзгөчө абалда абитуриенттерди" деген сөздөр "Абитуриенттерди" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 112-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"112. Абитуриенттерди уюштуруу-укуктук формасына карабастан ЖОЖдордун студенттеринин катарына окутуунун бардык формаларына, окутуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орундарга кабыл алуу жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 25-августка чейин, кышкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 15-февралга чейин жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жарандардын ичинен абитуриенттерди уюштуруу-укуктук формасына карабастан ЖОЖдордун студенттеринин катарына окутуунун бардык формаларына, окутуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орундарга кабыл алуу жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 1-декабрга чейин, кышкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 20-мартка чейин жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жарандардын ичинен абитуриенттерди кабыл алуу мөөнөттөрү Кыргыз Республикасында же чет өлкөлөрдө келип чыккан форс-мажордук жагдайларда (табигый кырсыктар, эпидемиялар, согуштук абал, өрт, өзгөчө кырдаалдар) ыйгарым укуктуу орган тарабынан узартылышы мүмкүн.";
- 117-пункттун үчүнчү абзацындагы "20-октябрында", "20-февралында" деген сөздөр тиешелүү түрдө "10-декабрында", "30-мартында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 648 "Жогорку кесиптик медициналык билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарында чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. 2022-2023-окуу жылында жана кийинки окуу жылдарында өзгөчө статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларды кошпогондо, жогорку кесиптик медициналык билим берүү программаларын ишке ашыруучу, Дүйнөлүк медициналык билим берүү федерациясы тарабынан аккредитацияланган жана билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңеш тарабынан таанылган агенттиктерде үч жылдан кем эмес мөөнөткө эл аралык институттук же программалык аккредитациядан өткөн Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарына чет өлкөлүк жарандарды кабыл алууга жол берилет деп белгиленсин. Жогорку медициналык кесиптик билим берүү программалары боюнча окууга кабыл алуу өзгөчө статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайлар тарабынан өз алдынча бекитилет.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 1-пунктта белгиленген талаптарга ылайык келген жогорку окуу жайлардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 1-пунктта белгиленген талаптарга ылайык келген Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарына жана өзгөчө статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларга окууга жиберилүүчү абитуриенттерге жана студенттерге окуу визаларын берүүнү камсыз кылсын.".
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-февралы № 106
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382 токтомунун редакциясына ылайык)
Билим берүү уюмунун сапатынын деңгээлин баалоо жол-жобосун жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында көз карандысыз аккредитация боюнча актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун тартибинде:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бул тартип билим берүү уюмдарын (институттук аккредитация) жана билим берүү программаларын (программалык аккредитация) аккредитациялоо жол-жобосун белгилейт.
Аккредитация аккредитациялануучу билим берүү уюмуна (улуттук аккредитация) коюлуучу Кыргыз Республикасынын минималдуу талаптарына же билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу боюнча эл аралык ассоциациялардын (тармактардын) (эл аралык аккредитация) стандарттарына ылайык жүргүзүлөт.
Улуттук аккредитация билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңеш тарабынан таанылган аккредитациялык агенттиктер тарабынан жүргүзүлөт.
Эл аралык аккредитация аккредитациялык агенттиктер тарабынан жүргүзүлөт:
- билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңеш тарабынан таанылган;
- билим берүүнүн сапатын камсыз кылуунун эл аралык тармактарында толук же ассоциацияланган мүчөлөр болуп саналган.
Улуттук жана эл аралык программалык аккредитациялар баштапкы (Ex-Ante) (билим берүү программасын ишке ашыруунун биринчи жылында жүргүзүлүүчү) жана толук (билим берүү программасынын бүтүрүү курсу болгондо жүргүзүлүүчү) болот.
Билим берүү уюмунун институттук жана программалык аккредитациядан өтүүсү милдеттүү болуп саналат.".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382 токтомуна ылайык күчүн жоготту)