КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 17-февралы № 84
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу жана оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулуш жана инженердик инфраструктура департаменти төмөнкүлөргө бөлүнүү жолу менен кайра уюштурулсун:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментине;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментине.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы 3-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 260 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттун экинчи абзацы, 2-пункттун 1-пунктчасы, 5-пункттун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 3-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"- Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментин жана Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментин кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүмдөрү 2023-жылдын 1-январынан тартып өзүн-өзү каржылоого өтөрү.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жөнүндө жободо:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Департамент Мамкурулуштун архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын укук улантуучусу болуп саналат.";
- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма бешинчи абзац менен толукталсын:
"- объектти анын баштапкы абалына келтирүү, объектти же анын бөлүгүн бузуу (демонтаж) жөнүндө сотко доолорду берүүгө.".
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
1) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
2) бир айлык мөөнөттө кайра уюшулган юридикалык жактын бөлүштүрүү балансын бекитсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 16 (3465) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
3-тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай- коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы
Коллегия |
| Борбордук аппарат |
| Шаар куруу кеңеши Техникалык кенеш | |
|
| ||||
|
|
|
|
|
|
Шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык башкармалыктар |
|
|
|
| Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту |
|
|
|
| ||
|
|
|
|
|
|
Мамлекеттик архигектура- курулуш контролдоо департаменти |
|
|
|
| Мамлекеттик экспертиза департаменти |
|
|
|
| ||
|
|
|
|
|
|
Турак жай-жарандык курулуш департаменти |
|
|
|
| Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту |
|
|
|
| ||
|
|
|
|
|
|
Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору |
|
|
|
| Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти |
|
|
|
| ||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борбору |