Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 84 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай- коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти (мындан ары - Департамент) өз ишин социалдык-маданий багыттагы, билим берүү, саламаттык сактоо жана инженердик инфраструктура, ошондой эле турак жай объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо жаатында жүргүзөт.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби болот, өзүнө бекитилип берилген мүлккө оперативдүү башкарууну жүргүзөт, киреше алып келүүчү ишти жүргүзүүгө жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тескөөгө укуктуу.
4. Департамент Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментинин социалдык-маданий багыттагы, билим берүү, саламаттык сактоо, турак жай объекттерин куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо жана инженердик инфраструктураны өнүктүрүү бөлүгүндө укук улантуучусу болуп саналат.
5. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти, 28.
6. Департаменттин толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти";
расмий тилде: "Департамент жилищно-гражданского строительства при Государственном агентстве архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
2. Департаменттин максаты
7. Департаменттин максаты Кыргыз Республикасынын аймагындагы социалдык-маданий багыттагы, билим берүү, саламаттык сактоо жана инженердик инфраструктура, ошондой эле турак жай объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо болуп саналат.
3. Департаменттин милдеттери
8. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- социалдык-маданий жана тиричилик багытындагы, билим берүү, саламаттык сактоо, өнөр жай-жарандык жана инженердик инфраструктура объекттерин, ошондой эле турак жай объекттерин республикалык бюджеттин жана башка каржылоо булактарынын эсебинен куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо;
- Кыргыз Республикасында турак жай курулушун өнүктүрүү боюнча саясатты ишке ашыруу.
4. Департаменттин функциялары
9. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- курулуш, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- мамлекеттик каражаттардын, гранттардын жана эл аралык долбоорлордун эсебинен каржылануучу объекттерди куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча "Бирдиктүү заказчынын" функцияларын аткаруу;
- долбоордук жана подряддык уюмдарды архитектуралык-шааркуруу корутундулары жана инженердик-техникалык шарттар, ошондой эле типтүү, жеке жана кайрадан колдонулуучу долбоорлорду байланыштыруу үчүн бардык керектүү маалыматтар менен камсыздоо;
- долбоордук уюмдар менен долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана берүү графигин макулдашуу, аны аткаруунун жүрүшүн контролдоо, газ менен камсыздоону, электр менен жабдууну, жылытууну, ысык жана муздак суу менен камсыздоону, канализацияны, радио жана телефон тармактарын эксплуатациялоочу уюмдар менен макулдашуу, курулушка тийиштүү органдардын уруксаттарын алуу;
- техникалык регламенттердин талаптарын жана курулуштагы сейсмикалык ченемдерди сактоо менен долбоордук-сметалык документтерге ылайык курулуштун, реконструкциялоонун жана капиталдык ондоонун мөөнөттөрүн жана сапатын камсыздоо, долбоордук-сметалык документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жумушчу чиймелер, иштин көлөмү өзгөргөн учурда тийиштүү органдар менен макулдашуу;
- курулуш-монтаждоо, ишке киргизүү-жөндөө жана иштин башка түрлөрүн башкарууну уюштуруу жана камсыздоо, курулуш объекттерин эксплуатацияга киргизүүгө даярдоо;
- курулуп бүткөн объекттерди кабыл алуу боюнча ишке катышуу жана аларды эксплуатациялоочу уюмдарга берүүнү (өткөрүп берүүнү) жүзөгө ашыруу;
- капиталдык курулуш объекттерин техникалык кайра жабдуу (комплекттөө), ошондой эле бул объекттерди жабдуулар жана курулуш материалдары менен камсыз кылуу;
- подрядчы менен биргеликте курулуп, реконструкцияланып жана капиталдык оңдолуп бүтпөгөн объектти консервациялоо учурунда сакталышын камсыз кылуучу тийиштүү уюштуруу-техникалык иш-чараларды жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык конкурстарды (тендерлерди) уюштуруу жана өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамкурулуш) тапшырмасы боюнча объекттерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо менен байланышкан иштерди аткаруу;
- долбоордук, курулуш уюмдары жана жабдууларды жана курулуш материалдарын жабдуучулар менен келишимдерди түзүү;
- бюджеттик жана бюджеттен сырткары каржылоо менен белгиленген чектерде подряддык иштердин капиталдык салымдары боюнча объекттердин тизмегин даярдоо;
- пайдаланылуучу капиталдык салымдар боюнча отчеттуулукту жүргүзүү;
- турак жай курулушун өнүктүрүү жана турак жай рыногун түзүү программалары, турак жай көйгөйлөрүн чечүүгө жаңы ыкмаларды ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо;
- Кыргыз Республикасында турак жай курулушун өнүктүрүү программаларын аткарууну координациялоо;
- курулуш, инфраструктураны өнүктүрүү чөйрөсүндө чет элдик өнөктөштөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин аткарылышын камсыздоо;
- зарыл болгон учурда же бул каржылоо жөнүндө макулдашуу менен аныкталган болсо, долбоорлорду ишке ашыруучу убактылуу түзүмдүк бөлүмдөрдү же топторду түзүү жана тиешелүү кызматкерлерди жалдоо;
- курулуш жана инженердик инфраструктура чөйрөсүндө эл аралык донордук жардамдар, чет элдик инвестициялар жөнүндө маселелерди координациялоо;
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан Кыргыз Республикасынын аймагындагы архитектура жана курулуш органдары, долбоордук жана подряддык уюмдар, заказчы-инвесторлор менен өз ара аракеттенүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
5. Департаменттин укуктары
10. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан Департаменттин компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- өзүнүн атынан соттордо доогер жана/же жоопкер катары чыгууга;
- Департаменттин компетенциясына кирген иш чөйрөлөрүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарды белгиленген тартипте тартууга;
- мамлекеттик органдарга, прокуратура органдарына, сот органдарына курулуш подрядынын келишиминин шарттарын бузгандыгы, долбоордон четтегендиги, ченемдик укуктук актылардын, ченемдик-техникалык документтердин талаптарын сактабагандыгы, курулуш-монтаждоо жана башка иштерди сапатсыз аткаргандыгы үчүн адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө материалдарды жана доо арыздарын жөнөтүүгө жана келтирилген чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, кредиттик жана гранттык макулдашууларга ылайык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн убактылуу түзүмдүк бөлүмдөрдү жана топторду түзүүгө;
- мамлекеттик баалуу кагаздар менен белгиленген тартипте иш жүргүзүүгө;
- чет өлкөлүк инвестицияларды белгиленген тартипте тартууга жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча заказчынын ролун аткарууга;
- турак жай, социалдык, өнөр жай-жарандык жана инженердик инфраструктура объекттерин куруу үчүн жер участокторун белгиленген тартипте башкарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
11. Департаментти Мамкурулуштун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
12. Директордун орун басары болот. Директордун орун басары Департаменттин директорунун сунушу боюнча Мамкурулуштун директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат. Директор жок учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
13. Директор:
- Департаменттин ишине жалпы жетекчилик кылат жана милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Департаменттин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот. Департаменттин финансылык-экономикалык абалына жараша кызматкерлердин эмгек маянасына үстөктөрдү жана кошумча төлөмдөрдү белгилейт;
- белгилүү бир иштерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык эмгек келишимдерин жана макулдашууларды түзөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Департаменттин бардык кызматкерлери жана облустук капиталдык курулуш башкармалыктарынын начальниктери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет, ошондой эле алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат, ушул Жободо аныкталган функцияларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон документтерге кол коёт;
- облустук курулуш башкармалыктарынын жетекчилерин дайындоого сунуштарды берет;
- орун басарларынын, түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилеринин функциялык милдеттерин жана жоопкерчилик даражасын аныктайт;
- эмгек өргүүлөрүнүн графигин бекитет, эмгек келишимдерин түзөт жана аларга кол коёт, сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
- Департаменттин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте ведомстволук сыйлыктарга сунуштайт жана сыйлайт;
- чечимдердин жана тапшырмалардын аткарылышын уюштурат жана камсыз кылат;
- ишеним катсыз Департаменттин атынан иш жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында Департаменттин кызыкчылыгын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- мүлктү жана финансылык каражаттарды башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык-чарбалык иш үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча убактылуу түзүмдүк бөлүмдөр жана топтор жөнүндө жоболорду бекитет;
- Департаменттин алдында аймактык түзүмдөр түзүлгөн учурда алар жөнүндө жоболорду бекитүүгө киргизет;
- борбордук аппарат менен чыгаша жана киреше сметасын макулдашат;
- Департаменттин максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
7. Департаменттин мүлкү
14. Департаменттин мүлкүн негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген жана Департаменттин балансында көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктар түзөт.
15. Департаменттин каражаттарын түзүү булактары төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) республикалык бюджет;
2) гранттар;
3) юридикалык жана жеке адамдардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
16. Департаменттин негизги фонддорун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюу менчик ээсинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
8. Кайра уюштуруу жана жоюу
17. Департаменттин иши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ал кайра уюшулган же жоюлган учурда токтотулат.
18. Департаменттин ишинин процессинде пайда болгон документтер ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.