Сравнение редакций…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 84 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамкурулуш) калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү жаатындагы ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
Департамент Мамкурулуштун алдындагы Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментинин ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү бөлүгүндө укук улантуучусу болуп саналат.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган, мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган штамптары жана бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери болот.
Департаментти күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
4. Департаменттин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти";
- расмий тилде: "Департамент развития питьевого водоснабжения и водоотведения при Государственном агентстве архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Кабинете Министров Кьтргызской Республики";
кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти (ИСКСЧӨД)";
- расмий тилде: "Департамент развития питьевого водоснабжения и водоотведения (ДРПВВ)".
5. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти, 28.
2. Департаменттин ишинин максаты
6. Департаменттин ишинин максаты Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоонун жана саркынды сууларды чыгаруунун борборлоштурулган системасын туруктуу өнүктүрүү жана эксплуатациялоо үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
3. Департаменттин милдеттери
7. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү;
- борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын тейлөөчү, анын ичинде ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда кызматтарды көрсөтүүчү субъекттердин потенциалын күчөтүү;
- Кыргыз Республикасынын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташуусун өнүктүрүү;
- эксплуатациялоо жана куруу боюнча мамлекеттик ишкананы түзүү жолу менен борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын объекттерин куруу, реконструкциялоо, капиталдык ондоо жана эксплуатациялоо;
- калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү боюнча саясатты ишке ашыруу;
- республикалык бюджеттин жана эл аралык финансылык институттардын каражаттарынын эсебинен каржылануучу борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын объекттерин куруу жана реабилитациялоо боюнча иш-чараларды координациялоо.
4. Департаменттин функциялары
8. Жогоруда белгиленген милдеттерди ишке ашыруу үчүн Департамент төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясат функциялары:
- ичүүчү менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору боюнча аткаруу агенттигинин функцияларын жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдарынын ченемдерине ылайык сатып алууларды уюштуруу жана жүргүзүү;
- калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен, камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын тейлөөчү субъекттердин экономикалык жана финансылык абалын жакшыртууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу жана иштерди жүргүзүү;
- калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүү;
- калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларына тиешелүү документтерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
- калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын техникалык күтүүнү жана эксплуатациялоону жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын тейлөөчү субъекттерди методикалык камсыздоону жүзөгө ашыруу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана суу түтүктөрү тармагын эксплуатациялоочу уюмдарга борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын башкарууну, калктуу конуштардын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыздоонун экономикалык механизмин өркүндөтүү, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттеринин абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын пайдалануу менен байланышкан республикалык жана региондук стратегияларды, программаларды, иш-аракеттердин пландарын жана ишкер долбоорлорду иштеп чыгууга катышуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын туруктуу эксплуатациялык потенциалын өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүү;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү чет өлкөлүк өнөктөштөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген мамлекеттер аралык келишимдердин жана макулдашуулардын аткарылышын камсыздоо;
2) координациялоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерине мониторинг жүргүзүү;
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү эл аралык донордук жардамдарды, чет элдик инвестицияларды координациялоо;
- калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү программаларын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү, координациялоо жана көмөк көрсөтүү;
3) колдоо функциялары:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу менен байланышкан уюмдардын, ишканалардын кызматкерлерин даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндө райондук жана республикалык маанидеги мамлекеттик ишканаларды түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндө райондук жана республикалык маанидеги мамлекеттик ишканалардын ичүүчү сууга жана саркынды сууларды чыгарууга акы төлөө, акча каражаттарын чогултуу жана кайтарып берүү маселелери, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын күтүү жана эксплуатациялоо боюнча сметаларды түзүү, ичүүчү суунун сапатын баалоону жүргүзүүгө келишимдерди түзүү боюнча жыйналыштарынын ишине катышуу;
- суу түтүктөрү жана саркынды сууларды чыгаруу курулмаларын жана алардын жабдууларын эксплуатациялоону, оңдоону жана техникалык тейлөөнү уюштуруу боюнча алдынкы тажрыйбаны киргизүү;
- министрликтер, административдик ведомстволор, уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен актуалдуу маалымат алмашуу жана жайылтуу, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларына мониторинг жүргүзүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүү;
- калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча маалымат базасын түзүү.
5. Департаменттин укуктары
9. Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
- белгиленген тартипте чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча заказчынын ролун аткарууга;
- кредиттик жана гранттык макулдашууларга ылайык эл аралык финансылык институттардын каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн убактылуу бөлүмдөрдү (топторду) түзүүгө;
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк укуктарга, милдеттерге ээ болууга, алууга жана жоопкерчилик тартууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- келишимдерди түзүүгө, Департаменттин максатына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен накталай эмес жана накталай эсептерди жүргүзүүгө;
- багытына, менчигинин түрүнө жана курулуш ыкмасына карабастан подрядчы уюмдар тарабынан аткарылып жаткан курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшүнө контроль жүргүзүүгө;
- мамлекеттик органдарга, прокуратура органдарына, сот органдарына келишимдин шарттарын, ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы, курулуш-монтаждоо иштерин жана иштин башка түрлөрүн сапатсыз аткаргандыгы үчүн адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө материалдарды жана доо арыздарын жөнөтүүгө;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдердин долбоорлорун даярдоодо консультация берүү же маалымат алуу үчүн башка бөлүмдөрдүн, консультация берүүчү фирмалардын адистерин, подрядчыларды, жабдуучуларды тартууга;
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттеринин бүткөрүлгөн курулуш-монтаждоо иштерин эксплуатацияга кабыл алуу боюнча комиссиянын курамына катышууга;
- курулуш, подряддык уюмдардын ишин жана алардын кызмат көрсөтүүлөрүн баалоону жүргүзүүгө, зарыл учурда контракттарды бузуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда директивалык методикалык көрсөтмөлөрдү, стандарттарды жана ченемдерди макулдашууга жана ишке ашырууга;
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден Департаменттин ишине тиешелүү маалыматтарды суроого жана алууга;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактар менен кызматташууга;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык конференцияларга жана семинарларга катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
10. Департаментти Мамкурулуштун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
11. Директордун бир орун басары болот, ал Мамкурулуштун директору тарабынан "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Директор жок учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
12. Директор:
- Департаменттин ишине жалпы жетекчилик кылат, бардык мамлекеттик органдар менен түздөн-түз өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат, милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык Департаменттин кызматкерлерин, кенже тейлөөчү персоналды жана техникалык тейлөөчү персоналды Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Департаменттин компетенциясына кирген белгилүү бир иштерди аткаруу үчүн эмгек келишимдерине, контракттарга, макулдашууларга кол коёт жана түзөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Департаменттин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет, ошондой эле алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат, ушул Жободо аныкталган функцияларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон документтерге кол коёт;
- ишеним катсыз Департаменттин атынан иш жүргүзөт, Кыргыз Республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыктарын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- мүлктү, финансылык каражаттарды башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык финансылык-чарбалык иш үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- эл аралык финансылык институттардын каражаттарынын эсебинен каржылануучу, кредиттик жана гранттык макулдашууларга ылайык түзүлгөн долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Департаменттин максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
7. Департаменттин мүлкү
13. Департаменттин мүлкүн негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген жана Департаменттин балансында көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктар түзөт.
14. Департаменттин негизги фонддорун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюу менчик ээсинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
8. Кайра уюштуруу жана жоюу
15. Департаменттин иши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ал кайра уюшулган же жоюлган учурда токтотулат.
16. Департаменттин иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 7-мартындагы № 98
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ