Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-марты № 125
Товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду узартуу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик жыйымдын маркасы жана/же идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоо киргизилген датага чейин айрым товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук долбоорду натыйжалуу жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында пилоттук долбоордун алкагында товарларды идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркалоо жөнүндө убактылуу жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташылып кирүүчү жана сатылуучу товарлардын айрым түрлөрүнүн тизмеси (мындан ары - Тизме) 2-тиркемеге ылайык.
2. 2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин Тизмеге ылайык товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо пилоттук (эксперименттик) режимде (мындан ары – пилоттук долбоор) киргизилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ыйгарым укуктуу салык органы жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган пилоттук долбоорду жүргүзүүгө жооптуу органдар болуп аныкталсын.
4. Ыйгарым укуктуу салык органы жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын оператору менен биргеликте «Товарларды маркалоо» мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасын (мындан ары - «Товарларды маркалоо» МАМС) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилүүчү «Товарларды маркалоо» МАМСты жеткире иштеп чыгууга коюлган талаптарга ылайык жеткире иштеп чыгууну камсыз кылсын.
5. Убактылуу жободо аныкталуучу тартипте пилоттук долбоорго катышуу ниетин билдирген жана Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон товарлардын айрым түрлөрүн өндүрүүнү, импорттоону/ташып кирүүнү, сатууну жүзөгө ашырган ишкердик субъекттери жана тышкы экономикалык иштин катышуучулары төмөнкүлөргө укуктуу деп белгиленсин:
1) Убактылуу жобого ылайык санариптик идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү, импорттолуучу/ташылып кирүүчү, сатылуучу товарларга идентификациялоо каражаттарын түшүрүүгө;
2) пилоттук долбоорду жүргүзүү мезгилинде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоосуз Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 31-декабрындагы № 359 «Акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду жүргүзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктундагы «2022-жылдын 30-сентябрына чейин» деген сөздөр «2023-жылдын 30-июнуна чейин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында алкоголдук жана тамеки продукциялары үчүн (сигареттерден жана ысытуучу тамекиси бар буюмдардан тышкары) акциздик салыкты санариптик башкаруу жөнүндө убактылуу жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасында сигареттер жана ысытуучу тамекиси бар буюмдар үчүн акциздик салыкты санариптик башкаруу жөнүндө убактылуу жобо 2-тиркемеге ылайык.»;
3) жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
4) ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакциядагы 2-тиркеме менен толукталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 10-мартындагы № 18 (3467) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
| 2-тиркеме |
Идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташылып кирүүчү жана сатылуучу товарлардын айрым түрлөрүнүн тизмеси
№ | Товарлардын аталышы | Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын коду (ЕАЭБ ТЭИ ТН) |
1 | Таңгакталган суу, табигый суу, минералдык суу | 2201
|
2 | Газдалган суу, канттын же башка таттуу же даам-жыпар жыттуу заттардын кошулмаларын, энергетикалык жана башка алкоголсуз суусундуктарды камтыган суу | 2202 |
3 | Куюлган жана куюлбаган сыра | 2203 |
4 | Сигариллалар жана сигаралар | 2402 |
5 | Түтүктүү, чегүүчү, чайноочу, соруучу, жыттоочу, кальяндык тамеки (тамеки продукцияларын өндүрүү үчүн чийки зат катарында пайдаланылуучу тамекини кошпогондо) | 2403
|
6 | Электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн картридждердеги, резервуарлардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктук | 2404 |
7 | Чачылма түрдөгү ысытылган тамеки | 2404 |
8 | Бир корпустагы никотин суюктугу менен никотинди жеткирүүнүн бир жолку электрондук системалары | 2404 |
9 | Электрондук сигареттер жана ушул сыяктуу жекече электрдик буулануучу түзүлүштөр (никотинди жеткирүүнүн электрондук системалары) | 8543 40 000 0
|
| 4-тиркеме |
|
Кыргыз Республикасында сигареттер жана ысытуучу тамекиси бар буюмдар үчүн акциздик салыкты санариптик башкаруу жөнүндө убактылуу жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4, 345-беренелеринин талаптарына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик жыйымдын маркаларын сатып алуу жана колдонуу жана сигареттерди жана ысытылуучу тамекиси бар буюмдарды же алардын таңгактарын идентификациялоо каражаттары менен маркалоо аркылуу бюджеттин кирешесине акциздик салыкты төлөөнү ырастоо механизмин апробациялоо тартибин аныктайт.
2. Ушул Убактылуу жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) импорттоочу – маркалануучу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүчү салык төлөөчү;
2) ыйгарым укуктуу банк – ыйгарым укуктуу салык органы менен тейлөөгө келишим түзгөн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы бар коммерциялык банк;
3) маркалоо – акциздик товарга же анын таңгагына идентификациялоо каражатын жана/же акциздин бюджеттин кирешесине төлөнгөндүгүн ырастоочу бекитилген үлгүдөгү акциздик марканы түшүрүү/бекитүү;
4) маркалануучу продукция - тизмеси Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесинин 1-пунктунун 4, 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу сигареттер жана ысытылуучу тамекиси бар буюмдар;
5) акциздик марканын номиналдык наркы – ыйгарым укуктуу банк аркылуу сатуу учурунда акциздик марканын сатылуучу баасы;
6) тамеки буюмдарынын маркасы (аталышы) - тамеки буюмдарынын башка маркалардан төмөнкү белгилердин бири же бир нечеси - жекече белгиси (аталышы), рецептурасы, өлчөмү, чыпкасынын болушу же жоктугу, ошондой эле өндүрүүчү тарабынан белгиленген башка керектөө касиеттери менен айырмаланган ассортименттик позициясы;
7) электрондук-маалыматтык элемент – электрондук түзүлүштөр жана/же программалык тиркемелер менен аныкталуучу, аныктыгынын идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтарды өзүндө алып жүрүүчү, ошондой эле салык органдарына жыйымдарды чогултууга, эсептик контролдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү кайсы болбосун башка маалыматтарды алып жүрүүчү акциздик маркадагы элемент;
8) салык кызматынын органы – ыйгарым укуктуу салык органы жана аймактык салык органдары;
9) өндүрүүчү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) укугуна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында идентификациялоо каражаты түшүрүлгөн акциз жыйымынын маркаларын колдонуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында салык салуу максатында милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон айрым товарлардын тизмесине киргизилген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында өндүргөн экономикалык иштин субъекти;
10) маркалоонун жана маркаланган товарларды көзөмөлдөөнүн улуттук системасынын оператору (мындан ары - Маркалоо оператору) - Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик орган жана/же менчигинде мамлекеттин үлүшү бар уюм;
11) товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалымат системасы (мындан ары - “Товарларды маркалоо” МАМС) - маркалоо коддорун генерациялоо, идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарларды жүгүртүү тууралуу маалыматты чогултуу жана иштетүү, сактоо, берүү жана жайылтуу боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы, аны пайдаланууну камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана ЕАЭБ укуктарында каралган башка максаттарда пайдалануу;
12) идентификациялоо каражаты – штрих же башка код түрүндө берилген же радиожыштык белгисине жазылган же автоматтык идентификациялоонун башка каражаттарын же технологияларын колдонуу менен берилген машинадан окула турган формадагы маркалоо коду;
13) маркаланган товар – белгиленген талаптарды сактоо менен идентификациялоо каражаты түшүрүлгөн товар, алар жөнүндө анык маалыматтар “Товарларды маркалоо” МАМСта камтылган;
14) идентификациялоо каражатынын наркы – кызмат көрсөтүүлөр үчүн, анын ичинде товарларды маркалоо коддорун берүү жана генерациялоо үчүн товарларды жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан коюлган эсептерге ылайык Маркалоо операторуна төлөнүүчү акы;
15) товар жүгүртүүнүн катышуучусу - маркаланган товарларды кийин өткөрүү/сатуу менен байланышпаган максаттарда пайдалануу үчүн сатып алган субъекттерди кошпогондо, товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу чарба жүргүзүүчү субъект;
16) товар – материалдык-буюм формасындагы ар кандай мүлк;
17) GTIN – GS1 товарларынын бирдиктүү эл аралык базасындагы товардык продукциялардын глобалдык номери.
Бул Убактылуу жободо колдонулган башка түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жана/же Евразия экономикалык бирлигинин Бажы бирлигинин Бажы кодексинде аныкталган мааниде чечмеленет.
2. Уюмдарга, жеке ишкерлерге жана жеке жактарга маркалануучу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагында жүктөп жөнөтүүгө жана сатууга, ошондой эле маркалануучу продукцияны акциздик маркаларсыз жана идентификациялоо каражаттарысыз Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүгө, ташууга, комиссияга кабыл алууга же консигнациялоого тыюу салынат.
Жеке жактарга акциздик марка жана идентификациялоо каражаты менен белгиленбеген маркалануучу продукцияны Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында белгиленген ченемдердин чектеринде Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүгө (жөнөтүүгө) жол берилет.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесинин 1-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн тамеки буюмдары акциздик жыйым маркалары менен, ал эми Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесинин 1-пунктунун 4, 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн сигареттер жана ысытылуучу тамекиси бар буюмдар идентификациялоо каражаты менен маркаланууга тийиш. Түрлөр жана аталыштар боюнча акциздик продукцияны маркалоо салык кызматынын органынын акциздик маркаларды берүү тууралуу чечиминде көрсөтүлгөн акциздик маркалардын типтерине жана номерлерине ылайык жүргүзүлөт.
4. Салык төлөөчү экспорт үчүн өндүргөн маркалануучу продукция экспортко жөнөтүлгөн учурда акциздик марка менен маркаланбайт. Маркаланууга тийиш болгон (анын ичинде товарды алмашуу негизинде же берилүүчү чийки затты пайдалануу менен сатып алынган), Кыргыз Республикасынын аймагында экспорт үчүн өндүрүлгөн жана акциздик марка менен белгиленбеген продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга тыюу салынат.
5. Маркалануучу продукция салынган кутуда же башка идиште акциздик марканын болушу аларды керектөөчүлөргө сатуу, Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча ташуу (эл аралык транзитти кошпогондо) жана сактоо үчүн зарыл шарттардын бири болуп саналат (буга өндүрүүчү Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруу үчүн технологиялык процесске же сактоого ылайык буюмдарды маркалоого чейин сактоо кирбейт).
6. Маркалоо акциздик жыйым маркаларын кайталап пайдаланууну болтурбоочу ыкма менен жүзөгө ашырылат. Чаптоочу жери акциздик марка кутуну же башка идишти ачуу учурунда айрылгыдай кылып аныкталууга тийиш. Акциздик марканы түшүрүүдө акциздик марканы бузбастан аны товардан алып салууга мүмкүндүк бербеген клей пайдаланылууга тийиш.
7. Тамеки буюмдарынын кутусунда тамеки буюмдарынын өндүрүлгөн айы жана жылы жөнүндө маалымат (мындан ары - өндүрүлгөн дата) милдеттүү тартипте көрсөтүлөт. Кутусунда атайын целлофан таңгагы бар тамеки буюмдарына акциз маркасы целлофан таңгагынын алдына чапталат жана өндүрүлгөн дата жөнүндө маалымат милдеттүү тартипте көрсөтүлөт.
8. Тамеки буюмдарынын өндүрүлгөн датасы жөнүндө маалыматтардын үстүнө таңгактоонун (кутунун) кандайдыр бир элементтерин же акциз маркасын түшүрүүгө жол берилбейт.
9. Тамеки буюмдарынын өндүрүлгөн датасы тууралуу маалыматтарды көрсөтүүдө төмөнкү талаптар коюлат:
1) жазуу так жана окууга жеңил болушу керек;
2) тамеки буюмдарынын таңгагын (кутусун) ачканда жазуулардын толуктугун камсыздоо үчүн жазуу ыңгайлуу жайгаштырылышы керек;
3) жазуу тунук оромо пленкага же кандайдыр бир башка сырткы таңгактоочу материалга жазылбашы керек;
4) тамеки буюмдарынын өндүрүлгөн датасы тууралуу маалымат араб цифралары менен көрсөтүлөт (шрифттин бийиктиги 3 миллиметрден кем болбойт), пробел коюлбайт: айы.жылы жазылат (хх.хххх). Мисалы: 01.2022.
10. Бул Убактылуу жобонун талаптарынан четтөө менен маркаланган продукция маркаланбаган катары каралат.
11. Акциздик маркалар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген тартипке ылайык конкурстун жеңүүчүсү менен түзүлгөн келишимге (контрактка) ылайык ыйгарым укуктуу салык органынын заказы боюнча даярдалат. Акциздик маркалардын формалары жана үлгүлөрү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан конкурстун жеңүүчүсү менен биргеликте иштелип чыгат.
Акциздик маркалар Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн ыйгарым укуктуу банк аркылуу берилет, ошондой эле чет өлкөлөргө маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводдорго түздөн-түз жөнөтүлөт.
12. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн маркалануучу продукцияларды белгилөө үчүн сатып алынган жана чет өлкөгө өндүрүүчү заводго жиберилген акциздик маркалар маркалануучу продукцияларды өндүрүүнүн технологиялык процесси аяктагандан кийин маркалоо үчүн пайдаланылат.
13. Чет өлкөдө маркалануучу продукциянын өндүрүүчү заводунда чаптоо үчүн ыйгарым укуктуу банкта сатып алынган акциздик маркалар Кыргыз Республикасынын аймагынан бажы төлөмдөрү алынбастан убактылуу ташып киргизүү (уруксат берүү)/ташып чыгаруу бажы жол-жоболоруна ылайык чыгарылат.
14. Салык төлөөчүнүн акциздик маркалардын наркын төлөөсү ыйгарым укуктуу банктагы атайын жабык эсепке акча каражаттарын которуу жолу менен жүргүзүлөт.
15. Ыйгарым укуктуу салык органы өндүрүүчү компания даярдаган жана жеткирген акциздик маркалардын наркын коюлган эсепке ылайык төлөйт, коштолгон чыгымдарды төлөйт. Жылдык салыштырып-текшерүүдөн жана өндүрүүчү компания менен өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин жабык эсептеги калдык сумма ушул Убактылуу жобонун 17-пунктунда каралган максаттарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен аныкталган максаттарга колдонулат.
2-глава. Акциздик маркаларды берүү тартиби
16. Ыйгарым укуктуу банк салык төлөөчүгө акциздик маркаларды ал акциздик маркалардын номиналдык наркын төлөгөндөн кийин гана берет. Акциздик марканы сатып алууда салык төлөөчү, акциздик марканын номиналдык наркынан тышкары, бир эле учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген акциздик салыктын ставкасы боюнча маркалануучу продукцияга акциздик салыкты да төлөйт.
17. Акциздик марканын номиналдык наркын ыйгарым укуктуу салык органы аныктайт. Акциздик марканын номиналдык наркы акциздик марканы даярдоо наркынан, транспорт чыгымдарынан, анын ичинде өндүрүүчү компания жок болгон учурда, акциздик маркаларды ыйгарым укуктуу банктан чет өлкөлүк өндүрүүчү заводдорго чейин жеткирүү боюнча чыгымдардан, бажы төлөмдөрүнөн жана алымдарынан, курстук айырманын өзгөрүшүнүн тобокелдиктерин камсыздандырууга чыгымдардан жана башка чыгымдардан түзүлөт.
Башка чыгымдарга топтолгон каражаттарды акциздик маркалардын чыныгы экенин аныктоо үчүн атайын приборлорду, эсептөө техникасын, байланыш каражаттарын, акциздик маркаларды чаптоо үчүн жабдууну сатып алууга жана тейлөөгө, эсепке алуу-методикалык колдонмолорду даярдоого жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чыгымдарды төлөө кирет.
18. Салык төлөөчүгө акциздик маркаларды сатуу ыйгарым укуктуу банк аркылуу маркаларды берүү же түздөн-түз маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго акциздик маркаларды жөнөтүү жолу менен жүргүзүлөт. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып киргизилүүчү маркалануучу продукция өндүрүүчү заводдо гана маркаланууга тийиш.
Ыйгарым укуктуу банктан акциздик маркаларды берүү жөнүндө чечим төмөнкү документтерди берүү менен аймактык салык органы тарабынан кабыл алынат:
- арыз-эсеп ушул Убактылуу жобонун 1-тиркемесине ылайык 2 (эки) нускада. Салык төлөөчүнүн арыз-эсебинде өндүрүлгөн жана/же импорттолгон акциздик товарлардын аталыштарын көрсөтүү менен ушул Убактылуу жобонун 2-тиркемесине ылайык акциздик буюмдардын спецификациясы 2 (эки) нускада тиркелет. Арыз-эсептин жана акциздик буюмдардын спецификациясынын бир нускасы салык төлөөчүгө кайтарылат, экинчи нускасы салык кызматынын органында калат;
- акциздик продукцияларды ташып киргизүүгө жана/же сатууга лицензиянын көчүрмөсүн (акциздик продукциялардын лицензиялануучу түрлөрү үчүн);
- маркалануучу продукциялардын бардык санына акциздик салыктын жана акциздик маркалардын номиналдык наркынын төлөнгөндүгүн ырастаган төлөм документтеринин көчүрмөсүн жана түп нускасын. Төлөм документтеринин көчүрмөсү салык кызматынын органында калат, түп нускасы салык төлөөчүгө кайтарылат.
Акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго жиберүү чечимин, ыйгарым укуктуу банк тарабынан импорттолуучу маркалануучу продукцияга акциздик маркаларды берүү чечимин ыйгарым укуктуу салык органы кабыл алат. Мында ушул пункттун үчүнчү-бешинчи абзацтарында каралган документтерден башка салык төлөөчү тарабынан төмөнкү документтер тапшырылат:
- ташып киргизилген акциздик продукцияга инвойстор, маркалануучу продукцияларды жеткирүүгө келишимдин түп нускасы жана салык төлөөчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. Келишимдин көчүрмөсү салык кызматынын органында калат, түп нускасы салык төлөөчүгө кайтарылат;
- маркалануучу продукциянын өндүрүүчү заводуна анын так реквизиттерин толук көрсөтүү менен акциздик маркаларды жиберүү тууралуу өтүнүч каты.
Импорттолгон маркалануучу продукцияга акциздик маркаларды берүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу банк тарабынан ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча 3 (үч) нускада түзүлөт. Акциздик маркалар ыйгарым укуктуу банк тарабынан салык төлөөчүгө чечимде көрсөтүлгөн акциздик маркалардын катар номерине ылайык берилет. Салык кызматынын органынын чечиминин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси - салык төлөөчүдө, үчүнчүсү - салык кызматынын органында калат.
Мында салык төлөөчүлөр тарабынан алынган акциздик маркалардын номерлеринин диапазонун салык органынын чечиминде көрсөтүлгөн номерлердин диапазону менен кайра эсептөө жана салыштырып текшерүү жүргүзүлөт.
19. Акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго жөнөтүү тууралуу чечим 2 нускада түзүлөт. Мында ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан чет өлкөдө маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго акциздик маркалардын тиешелүү партиясы жөнөтүлгөндүгү тууралуу акциздик маркаларды өндүрүүчү компанияга заказ-кат жөнөтүлөт.
Акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго жөнөтүүдө акциздик марканы сатып алуу датасы болуп ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан кабыл алынган акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго жөнөтүү тууралуу чечимдин датасы саналат.
20. Ыйгарым укуктуу банк тарабынан импорттолгон маркалануучу продукцияга акциздик маркаларды берүү жөнүндө чечим, акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго жөнөтүү тууралуу чечим ушул Убактылуу жобонун 18-пунктунда каралган документтерди салык төлөөчү тапшырган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде салык кызматынын органы тарабынан кабыл алынат.
21. Эгерде акциздик маркаларды сатып алууга арыз-эсепти тариздөө учурунда ыйгарым укуктуу банкта зарыл типтеги акциздик маркалар жок болсо же талап кылынган акциздик маркалар, акциздик маркаларды чыгарууга заказда көрсөтүлбөсө, анда акциздик маркаларды сатып алуу учуруна карата акциздик салыктын иш жүзүндөгү суммасын төлөө шарты менен ыйгарым укуктуу банкта болгон акциздик маркалар сатылышы мүмкүн. Бул үчүн ыйгарым укуктуу салык органы маркалануучу продукциянын тибин, аталышын көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү уруксатты салык төлөөчүгө – акциздик маркаларды сатып алуучуга, ыйгарым укуктуу банкка, салык төлөөчүнү – акциздик маркаларды сатып алуучуну салыктык каттоо жери боюнча салык кызматынын органына, бажы иши жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
22. Салык кызматынын органдары маркалануучу продукцияны өндүрүүчү же импорттоочу салык төлөөчү тарабынан акциздик салыкты эсептөө үчүн эсептердин жана башка документтердин берилишин контролдойт.
3-глава. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден жана/же үчүнчү өлкөлөрдөн акциздик товарларды өндүрүүдө жана/же импорттоодо акциздик маркалануучу товарлар үчүн маркалоо коддорун берүү тартиби
23. Идентификациялоо каражаттарына (маркалоо коддоруна) заказ берүү үчүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден жана/же үчүнчү өлкөлөрдөн маркаланууга тийиш болгон акциздик товарларды өндүрүүнү жана/же импорттоону/ташып киргизүүнү жүзөгө ашыруучу товарларды жүгүртүүнүн катышуучусу Маркалоо операторуна кайрылат жана маркалоо коддорун генерациялоого өтүнмө жөнөтөт.
24. Идентификациялоо каражаттарын (маркалоо коддордун) генерациялоого өтүнмө алынгандан кийин “Товарларды маркалоо” МАМС товарларды жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан берилген маалыматтардын негизинде акциздик салыктын төлөнүүчү суммасын алдын ала эсептеп чыгат жана жеке эсепте төлөнгөн акциздик салыктын суммаларынын жетиштүүлүгүн текшерет.
25. Товар жүгүртүүнүн катышуучусунун жеке эсебинин балансын толтуруу төмөнкүдөй ишке ашырылат:
1) автоматташтыруу киргизилгенге чейин – ыйгарым укуктуу салык органынын кызмат адамы;
2) автоматташтыруу киргизилгенден кийин – автоматташтырылган режимде, Кыргызстандын салыктык башкаруу маалыматтык системасынан (мындан ары – ИСНАК) “Товарларды маркалоо” МАМСка келип түшкөн маалыматтын негизинде.
26. Акциздик салыктын суммаларын эсептөө GTIN боюнча маркалоо коддорунун заказындагы маалыматтардын жана маркалануучу товарлардын каталогундагы маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.
27. “Товарларды маркалоо” МАМСта төлөм документинин статусу текшерилет.
28. Товарларды жүгүртүүнүн катышуучусунун жеке эсебинде төлөнгөн акциздик салыктын суммасы жетиштүү болгон учурда “Товарларды маркалоо” МАМС маркалоо коддорун генерациялайт жана жеке эсептен акциздик салыктын эсептелген суммасын эсептен чыгарат.
29. Салык төлөөчүнүн өздүк эсебине төлөнүүчү акциздик салыктын суммасы жетишсиз болгон учурда “Товарларды маркалоо” МАМСы товарларды жүгүртүүнүн катышуучусуна маркалоо коддорун генерациялоодон баш тартат.
30. Салык төлөөчү тарабынан акциздик салыктын төлөнгөндүгүн тастыктоочу маалыматтарды алуу максатында Маркалоо оператору, ыйгарым укуктуу салык органы жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өздөрүнүн маалыматтык системаларын “Товарларды маркалоо” МАМС менен интеграциялоону жүзөгө ашырышат.
31. “Товарларды маркалоо” МАМСта идентификациялоо каражатын колдонуу жөнүндө маалымат берилгенден кийин маркалоо коддору үчүн каражаттар салык төлөөчүгө кайтарылбайт.
32. ИСНАК:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасына импорттолуучу маркаланган акциздик товарларга акциздик салыктын түшкөн суммаларынын эсебин жүргүзөт;
2) салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин, төлөм документинин номерин, бюджеттик классификациянын кодун жана төлөмдүн суммасын көрсөтүү менен акциздик салыктын иш жүзүндө келип түшкөн суммаларын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматтарды “Товарларды маркалоо” МАМСка жөнөтүүнү камсыздайт.
33. “Товарларды маркалоо” МАМС:
1) товарларды жүгүртүүнүн катышуучулары берген маалыматтардын негизинде акциздик салыкты төлөөнүн суммасын алдын ала эсептөөнү жүргүзөт;
2) ИСНАКтан салык төлөөчүлөр жана бюджеттик классификациянын коддору боюнча келип түшкөн маалыматтардын негизинде жеке эсептеги акциздик салыктын төлөнгөн суммаларын эсепке алууну жүзөгө ашырат;
3) акциздик салыктын төлөнгөндүгүн ырастоонун жыйынтыгы боюнча маркалоо коддорун генерациялайт;
4) акциздик салыкты төлөөнү ырастоонун жана маркалоо коддорун генерациялоонун жыйынтыгы боюнча маркалоо коддорун генерациялоо жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу салык органына жиберет;
5) жеке эсепте төлөнгөн акциздик салыктын суммасы жетишсиз болгон учурда маркалоо коддорун генерациялоодон баш тартат.
34. Идентификациялоо каражатынын наркын төлөө салык төлөөчү тарабынан акча каражаттарын Маркалоо операторунун атайын эсебине которуу жолу менен жүргүзүлөт.
4-глава. Акциздик маркаларды эсепке алуу жана сактоо тартиби
35. Акциздик маркалар мамлекеттик атайын бланктар болуп саналат.
36. Тамеки буюмдарына маркалар кагаздан даярдалат, тиешелүү формада жана өлчөмдө, бир же бир нече коргоочу элементтери, аталышы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү, тогуз орундуу катар номери, электрондук-маалыматтык элементи жана продукциянын түрүн аныктоочу сериясы болот.
37. Акциздик маркалардын сакталышын камсыз кылуу максатында салык төлөөчү атайын жайды бөлүүгө же аларды күйбөй турган ящиктерде (сейфтерде) сактоого милдеттүү.
38. Акциздик маркалар ыйгарым укуктуу банкта блоктолгон атайын эсепке төлөнгөн номиналдык наркы боюнча ишкананын кампасында кириштелет, мында ага акциздик маркаларды ташуу боюнча чыгымдар киргизилбейт.
39. Акциздик маркаларды колдонгон ишканаларда жетекчинин буйругу менен акциздик маркалардын сакталышы үчүн жооптуу кызмат адамы дайындалат. Кызмат адамы продукцияны белгилөө үчүн акциздик маркаларды кол койдуруп берет жана жөнөтүлгөн продукциянын жана акциздик маркалардын тибин, сыйымдуулугун, номерлерин жана аларды алуучунун аты-жөнүн жазуу менен берилген маркалардын эсебин жүргүзөт.
40. Салык кызматынын органдары өндүрүүчү ишканаларда акциздик маркаларды эсептен туура чыгарууну туруктуу контролдоого (бул үчүн зарыл учурда болгон акциздик маркаларды инвентаризациялайт), эсептен чыгарылган акциздик маркалардын санын кутудагы тамеки буюмдарынын өндүрүлгөн жана сатылган продукциясынын саны менен салыштырууга милдеттүү.
5-глава. Чаптоо процессинде пайдаланылбаган жана бузулган акциздик маркаларды кайтарып берүү
41. Маркалануучу продукцияны өндүрүү/импорттоо токтотулган учурда өндүрүүчү/импорттоочу пайдаланылбаган бардык акциздик маркаларды ыйгарым укуктуу банкка кайтарып берүүгө милдеттүү.
Пайдаланылбаган акциздик маркаларды кайтарып берүү жол-жоболорун жүргүзүү үчүн маркалануучу продукцияны өндүрүүчү/импорттоочу акциздик маркаларды алган жери боюнча салык кызматынын органына төмөнкүдөй документтерди берүүгө милдеттүү:
- акциздик маркаларды кайтарып берүүнүн себептерин көрсөтүү менен жана акциздик маркаларды сатып алууда төлөнгөн акча каражатын кайрып алуу жөнүндө өтүнүч менен жазуу жүзүндөгү арызды;
- маркалануучу продукциянын түрүн, сыйымдуулуктарын аныктаган сериялардын жана кайтарып берилүүчү маркалардын катар номерлеринин реестрин кагазда жана электрондук түрдө;
- акциздик маркаларды берүү тууралуу чечимдин нускасын.
Салык кызматынын органы бир айлык мөөнөттө жогоруда аталган документтерди текшерүүдөн өткөрөт жана ыйгарым укуктуу банкка акциздик маркаларды кайтарып берүү жөнүндө 3 (үч) нускада түзүлгөн чечимди чыгарат. Акциздик маркаларды кайтаруу жөнүндө чечимдин бир нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси – акциздик маркаларды сатып алуучуда, үчүнчүсү – салык кызматынын органында калат.
42. Пайдаланылбаган акциздик маркалардын номиналдык наркын кайтарып берүү, импорттолуучу тамеки заттары үчүн акциздик маркаларды кошпогондо, салык кызматынын тийиштүү органы менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу банк тарабынан бир жумалык мөөнөттө жүргүзүлөт.
Импорттолуучу тамеки заттары үчүн пайдаланылбаган акциздик маркаларды ыйгарым укуктуу банк жок кылуу үчүн гана кабыл алат. Мында акциздик маркалардын номиналдык наркы кайтарылып берилбейт, ал эми акциздик салыктын суммасы ашык төлөнгөн катары эсептелет.
43. Маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводдо чаптоо процессинде акциздик маркалар бузулган учурда бузулуунун себептерин, бузулган акциздик маркалардын санын жана типтерин көрсөтүү менен акт түзүлөт. Өндүрүүчү/импорттоочу бузулган акциздик маркаларды ыйгарым укуктуу банкка кайтарып берүүгө милдеттүү.
Кайтарып берүү жол-жобосун жүргүзүү үчүн өндүрүүчү/импорттоочу акциздик маркаларды алган жери боюнча салык кызматынын органына төмөнкүдөй документтерди берүүгө милдеттүү:
- акциздик маркалардын бузулганы жөнүндө актыны;
- маркалануучу продукциянын, сыйымдуулуктун түрүн аныктаган сериялары жана кайтарып берилүүчү бузулган акциздик маркалардын катар номерлери көрсөтүлгөн реестрин кагазда жана электрондук түрдө.
Салык кызматынын органы бир айлык мөөнөттө жогоруда аталган документтерди текшерүүдөн өткөрөт жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитиле турган форма боюнча ыйгарым укуктуу банкка бузулган акциздик маркаларды кайтаруу тууралуу 3 (үч) нускада түзүлгөн чечимди чыгарат. Акциздик маркаларды кайтаруу тууралуу чечимдин бир нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси - акциздик маркаларды сатып алуучуда, үчүнчүсү - салык кызматынын органында калат.
Продукциянын, сыйымдуулуктун түрүн аныктаган сериялары, баалардын диапазону жана катар номерлери көзгө толук көрүнбөгөн жана электрондук-маалыматтык элементи идентификацияланбаган акциздик маркалар ыйгарым укуктуу банкка кайтарылбайт.
Акциздик маркалар бузулганда ыйгарым укуктуу банк кабыл алган акциздик жыйымдын бузулган маркалары комиссиялык түрдө жок кылуу актысына ылайык жок кылынган учурда акциз төлөнбөйт. Бузулган маркалардын ордуна маркалардын номиналдык наркы төлөнгөн шартта, акцизди кайталап төлөбөстөн жаңы акциздик маркалар берилет.
44. Маркалануучу продукцияны белгилөө үчүн жараксыз акциздик маркалар салык кызматынын тиешелүү органынын жана өндүрүүчүнүн/импорттоочунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен ыйгарым укуктуу банк тарабынан комиссиялык түрдө жок кылынууга тийиш.
45. Ыйгарым укуктуу банк пайдаланылбаган акциздик маркаларды кабыл алгандан жана/же маркалануучу продукцияны белгилөө үчүн жараксыз акциздик маркаларды комиссиялык жок кылгандан кийин ушундай акциздик маркалар боюнча төлөнгөн акциздик салыктын суммасын салык кызматынын органдары/бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан акциздик салыктын ашыкча төлөнгөн суммасы катары эсептейт.
46. Өндүрүлгөн акциздик товарлар бузулган же жоголгон учурда акциз толук өлчөмдө төлөнөт жана/же кайтарып берилбейт, буга ал жеткис күчтүн натыйжасында келип чыккан учурлар кирбейт. Акциздик маркалар жоголгон учурда акциздик маркаларды сатып алганга чейин же сатып алып жаткан учурда төлөнгөн акциз кайтарып берилбейт, буга ал жеткис күчтүн натыйжасында келип чыккан учурлар кирбейт.
47. Өндүрүштүк брак табылган учурда салык төлөөчү жетекчинин, башкы бухгалтердин жана акциздик маркалардын сакталышына жооптуу адамдын катышуусунда брак болгон акциздик маркалардын табылгандыгы жөнүндө актты түзөт, акциздик маркалардын тибин жана номерин, кутунун номерин көрсөтөт, ошондой эле табылган бракталган маркаларды сүрөткө тартат. Андан ары салык төлөөчү салык кызматынын органына бракталган маркалардын табылгандыгы жөнүндө актыны, акциздик маркаларды сатып алууда төлөнгөн акча каражаттарынын квитанциясынын көчүрмөсүн жана бракталган маркалардын фотосүрөтүн берет. Салык кызматынын органы материалды андан ары иликтөө үчүн акциздик марканы өндүрүүчү компанияга берүү үчүн ыйгарым укуктуу салык органына бир жумалык мөөнөттө өткөрүп берет. Өндүрүүчү компания брактын болушун ырастаган учурда, салык төлөөчү акциздик салыкты жана номиналдык наркын төлөбөстөн ошол эле санда бракталган маркалардын ордуна акциздик маркаларды алууга укуктуу.
48. Акциздик маркалануучу товарларды маркалоо үчүн генерацияланган маркалоо коддорун жокко чыгаруу төмөнкүдөй учурларда жүзөгө ашырылат:
1) маркалануучу продукцияны өндүрүү/импорттоо токтогондо;
2) өндүрүү учурунда маркалоо коддорун бракка чыгарууда;
3) маркалоо коддору генерацияланган учурдан тартып маркалоо чөйрөсүндөгү салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин.
49. Акциздик маркалануучу товарларды өндүрүү/импорттоо токтотулганда жана/же акциздик маркаланган товарларды өндүрүүдө акциздик маркалар бракка чыгарылган учурда, салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органына төмөнкү документтерди берет:
1) маркалоо коддорун пайдаланбоо себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү арызын;
2) пайдаланылбаган/бракка чыгарылган акциздик маркаларды алууда төлөнгөн акциздик маркаларды келечекте алуунун эсебине кайтарылууга/чегерилүүгө жаткан акциздик салыктын суммасынын эсебин;
3) жокко чыгарылууга тийиш болгон пайдаланылбаган/бракка чыгарылган акциздик маркалардын реестрин, кагаз жүзүндө жана электрондук алып жүрүүчүдө маркалануучу продукциянын акциздик маркаларын берүү учуруна карата акциздик салыктын түрүн, сыйымдуулугун, ставкасын көрсөтүү менен.
50. Маркалоо маселелери боюнча салык мыйзамдарында белгиленген маркалоо кодун түшүрүү жөнүндө маалыматтарды берүү мөөнөтү аяктагандан кийин “Товарларды маркалоо” МАМСта маркалоо коддорун жокко чыгаруу автоматтык түрдө ишке ашырылат. Мында көрсөтүлгөн акциздик маркаларды алууда төлөнгөн акциздин суммасы ыйгарым укуктуу салык органынын чечиминин негизинде акциздик салыктын маркаларын андан ары алуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
Акциздик салыктын суммасын пайдалануу укугун алуу үчүн салык төлөөчү ушул Убактылуу жобонун 49-пунктунда каралган документтерди тапшырат.
51. Ыйгарым укуктуу салык органы маркалоо коддорун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган учурда, “Товарларды маркалоо” МАМСта ыйгарым укуктуу салык органынын кызматкери тарабынан маркалоо кодун көрсөтүү менен электрондук файлды жүктөө жолу менен маркалоо коддорун жокко чыгаруу жүзөгө ашырылат. Маркалоо коддорун кийин генерациялоо үчүн эсепке алынууга жаткан акциздик салыктын суммасы ыйгарым укуктуу салык органынын кызматкери тарабынан “Товарларды маркалоо” МАМСка ыйгарым укуктуу салык органынын тиешелүү чечиминин реквизиттерин көрсөтүү менен киргизилет.
6-глава. Акциздик товарларды маркалоону контролдоо
52. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана импорттолуучу продукцияны маркалоо салык жана бажы контролу астында, (анын ичинде бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү Тизмеге киргизилген бажы кампасынын, терминалдын аймагында жана убактылуу сактоо кампаларында) жүзөгө ашырылат.
53. Соода тармагында (чекене жана дүң) турган маркалануучу товарда акциздик марканын болушун жана аныктыгын контролдоо салык кызматынын органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
54. Кыргыз Республикасынын аймагында маркаланбаган акциздик товарларды өндүргөн, импорттогон же саткан уюмдар, жеке ишкерлер жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
55. Ыйгарым укуктуу салык органы ай сайын отчеттук айдын 10уна чейин бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга импорттолуучу тамеки продукцияларына акциздик жыйымдын берилген маркалары жөнүндө маалыматтарды жөнөтөт.
56. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ай сайын отчеттук айдын 10уна чейин ыйгарым укуктуу салык органына акциздик товарларды экспорттоо/импорттоо жөнүндө маалыматтарды берет.
| Кыргыз Республикасында сигареттер жана ысытуучу тамекиси бар буюмдар үчүн акциздик салыкты санариптик башкаруу жөнүндө убактылуу жобого 1-тиркеме |
______________________________________________________________________ (Салык кызматынын органынын аталышы)
Акциздик маркаларды сатып алууга арыз-эсептөө
20___-жылдын “___” ______________ № _____ (салык органы тарабынан толтурулат)
Салык төлөөчүнүн аталышы |
|
Юридикалык дареги жана телефону |
|
ИСН |
|
№ | Акциздик маркаланган продукция-нын түрү | Мар-канын тиби (*) | Сыйым-дуулугу (маркада) | Идиштин сыйым-дуулугу | Сатып алынуучу акциздик маркалардын саны | Салык салынуучу көлөм | Акциздик салыктын ставкасы | Акциздик салыктын суммасы (сом) | Акциздик маркалардын номиналдык наркы (сом) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Акциздик салык № __________________ эсепке 20___-жылдын “___” ___________ № _____ төлөм документине ылайык _________________________________________________ сом суммасында төлөндү.
(жазуу жүзүндө)
Марканын номиналдык наркы № _________________ эсепке 20___-жылдын “___ ” ____________ төлөм документине ылайык _________________________________________________ сом суммасында төлөндү.
(жазуу жүзүндө)
М.О. | Уюмдун жетекчиси: | _______________________________ |
|
| (колу) |
| Башкы бухгалтер: | _______________________________ |
|
| (колу) |
(*) Марканын типтери: A - арак; C - коньяк; L - ликер-арак ичимдиктери; V - шарап; S - шампан; E - чыпкалуу сигареттер; F - чыпкасыз сигареттер.
| Кыргыз Республикасында сигареттер жана ысытуучу тамекиси бар буюмдар үчүн акциздик салыкты санариптик башкаруу жөнүндө убактылуу жобого 2-тиркеме |
___________________________________________________________________
(Салык кызматынын органынын аталышы)
Акциздик маркаларды сатып алууга арыз-эсебине акциздик буюмдарды спецификациялоо 20___-жылдын “___” _____________ № ______
Салык төлөөчүнүн аталышы |
|
Юридикалык дареги жана телефону |
|
ИСН |
|
№ | Акциздик продукциянын түрү | Акциздик продукциянын маркасы (аталышы) | Идиштин сыйымдуулугу. Тамеки буюмдарынын түрү | Сатып алынуучу акциздик маркалардын саны |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Уюмдун жетекчиси: | ____________________ (аты-жөнү) | ____________ (колу) |
|
|
|
М.О. |
|
|
| 3-тиркеме |
|
Кыргыз Республикасында алкоголдук жана тамеки продукциялары үчүн (сигареттерден жана ысытуучу тамекиси бар буюмдардан тышкары) акциздик салыкты санариптик башкаруу жөнүндө убактылуу жобо
1-глава. Жалпы жобо
1. Бул Убактылуу жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4, 345-беренелеринин талаптарына ылайык иштелип чыкты, Кыргыз Республикасынын аймагында алкоголдук жана тамеки продукцияларын (сигареттерди жана ысытуучу тамекиси бар буюмдарды кошпогондо) же алардын таңгагын идентификациялоо каражаты түшүрүлгөн акциздик жыйым маркасы менен маркалоо аркылуу бюджеттин кирешесине акциз салыгын төлөөнү ырастоо механизмин апробациялоо тартибин аныктайт.
2. Бул Убактылуу жободо төмөнкүдөй терминдер, түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) импорттоочу – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) укугуна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында салык салуу максатында идентификациялоо каражаты түшүрүлгөн акциздик жыйым маркаларын колдонуу менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарлардын тизмесине киргизилген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоону/ташып келүүнү жүзөгө ашырган экономикалык иштин субъекти;
2) өндүрүүчү – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ЕАЭБ укугуна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында салык салуу максатында идентификациялоо каражаты түшүрүлгөн акциздик жыйым маркаларын колдонуу менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарлардын тизмегине киргизилген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында өндүргөн экономикалык иштин субъекти;
3) даярдоочу компания – ыйгарым укуктуу салык органы менен биргелешип иштелип чыккан формалар жана үлгүлөр боюнча идентификациялоо каражаттарын бастыруу менен акциздик жыйым маркаларын даярдоого келишим (контракт) түзгөн компания.
4) ыйгарым укуктуу банк - ыйгарым укуктуу салык органы менен тейлөөгө келишим түзгөн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы бар коммерциялык банк;
5) маркалоонун жана маркаланган товарларды көзөмөлдөөнүн улуттук системасынын оператору (мындан ары - Маркалоо оператору) – Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик орган жана/же менчиктин мамлекеттик үлүшү бар уюм;
6) товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - “Товарларды маркалоо” МАМС) - маркалоо коддорун генерациялоону, идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарларды жүгүртүү тууралуу маалыматты чогултууну, иштетүүнү, сактоону, берүүнү жана жайылтууну жүзөгө ашыруучу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары жана ЕАЭБ укуктары менен каралган башка максаттарда колдонулуучу ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы;
7) электрондук-маалыматтык элемент – электрондук түзүлүштөр жана/же программалык тиркемелер менен аныкталуучу, аныктыгын идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтарды өзүндө алып жүрүүгө жөндөмдүү, ошондой эле салык органдарына жыйымдарды чогултууга, эсептик контроль жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү кайсы болбосун башка маалыматтарды алып жүрүүчү акциздик жыйым маркасындагы элемент;
8) идентификациялоо каражаты – Data Matrix эки өлчөмдүү матрица коду түрүндө берилген, машинада окула турган формадагы маркалоо коду;
9) идентификациялоо каражаты түшүрүлгөн акциздик жыйым маркасы (мындан ары - акциздик жыйым маркасы) – Кыргыз Республикасынын аймагында маркаланган товарларды өндүрүүнүн жана/же жүгүртүүнүн мыйзамдуулугун ырастоочу электрондук-маалыматтык элемент жана идентификациялоо каражаты түшүрүлгөн марка;
10) товарды маркалоо – ушул Убактылуу жобонун талаптарына ылайык акциздик жыйым маркасын товарга жана/же анын таңгагына түшүрүү/бекитүү.
11) маркаланган товар – белгиленген талаптарды сактоо менен акциздик жыйым маркасы түшүрүлгөн товар, алар жөнүндө анык маалыматтар (анын ичинде аларга түшүрүлгөн идентификациялоо каражаттары жана/же идентификациялоо каражаттарын камтыган материалдык алып жүрүүчүлөр жөнүндө маалыматтар) “Товарларды маркалоо” МАМСта камтылат;
12) акциздик марканын номиналдык наркы – ыйгарым укуктуу банк аркылуу сатууда акциздик марканын сатылуучу баасы;
13) идентификациялоо каражаттарынын наркы – көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр үчүн, анын ичинде товарларды маркалоо коддорун берүү жана генерациялоо үчүн товарларды жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан коюлган эсептерге ылайык Маркалоо операторуна төлөнүүчү акы;
14) тамеки буюмдарынын маркасы (аталышы) – жекече белгилениши (аталышы), рецептурасы, өлчөмдөрү, чыпкасынын болушу же болбошу, ошондой эле өндүрүүчү тарабынан белгиленген башка керектөөчүлүк касиеттери сыяктуу бир же бир нече белгилери менен башка маркалардан айырмаланган тамеки буюмдарынын ассортименттик позициясы;
15) салык кызматынын органы – ыйгарым укуктуу салык органы жана аймактык салык органдары;
16) товар жүгүртүүнүн катышуучусу - кийин өткөрүү/сатуу менен байланышпаган максаттарда пайдалануу үчүн маркаланган товарларды сатып алган субъекттерди кошпогондо, товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу чарба жүргүзүүчү субъект;
17) товар - материалдык-буюм формасындагы ар кандай мүлк;
18) GTIN – GS1 товарларынын бирдиктүү эл аралык базасындагы товардык продукциялардын глобалдык номери.
Ушул Жободо колдонулуучу башка түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарында жана ЕАЭБ укугунда аныкталган мааниде пайдаланылат.
3. Уюмдарга, жеке ишкерлерге жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик жыйым маркасы менен милдеттүү маркаланууга тийиш болгон товарларды жөнөтүүгө жана сатууга, ошондой эле мындай товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө, ташууга, комиссияга же консигнацияга кабыл алууга тыюу салынат.
Жеке жактарга акциздик жыйым маркасы менен белгиленбеген маркалануучу товарларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдердин чегинде Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө (жөнөтүүгө) жол берилет.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында идентификациялоо каражаты түшүрүлгөн акциздик жыйым маркасы менен маркаланууга тийиш болгон акциздик товарлардын тизмеги жана аларды киргизүү мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Салык төлөөчү тарабынан экспорт үчүн өндүрүлгөн маркалануучу товар экспортко жөнөтүлгөн учурда маркаланбайт. Маркаланууга тийиш болгон (анын ичинде товарды алмашуу негизинде же берилүүчү чийки затты пайдалануу менен сатып алынган), Кыргыз Республикасынын аймагында экспорт үчүн өндүрүлгөн жана акциздик жыйым маркасы менен белгиленбеген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга тыюу салынат.
6. Маркалануучу товар куюлган же салынган бөтөлкөдө, кутуда же башка идиште акциздик жыйым маркасынын болушу аларды керектөөчүлөргө сатуу, Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча ташуу (эл аралык транзитти кошпогондо) жана сактоо (буга өндүрүүчү технологиялык процесске ылайык товарларды маркалоого чейин сактоо же Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу үчүн сактоо кирбейт) үчүн зарыл шарттардын бири болуп саналат.
7. Маркалоо акциздик жыйым маркасын кайрадан пайдаланууну жокко чыгаруучу ыкма менен жүзөгө ашырылат. Чаптоочу жер акциздик жыйым маркасы бөтөлкөнү, кутуну же башка идишти ачуу учурунда айрылгыдай болуп аныкталууга тийиш. Акциздик жыйым маркасын түшүрүүдө акциздик марканы бузбастан аны товардан алып салууга мүмкүндүк бербеген клей пайдаланылууга тийиш.
8. Товарларды түрлөрү, аталыштары жана сыйымдуулугу боюнча маркалоо (алкоголдук буюмдар үчүн) салык кызматынын органынын акциздик жыйым маркаларын берүү жөнүндө чечиминде көрсөтүлгөн акциздик жыйым маркаларынын типтерине жана номерлерине ылайык жүргүзүлөт.
9. Тамеки буюмдарынын кутусунда милдеттүү түрдө тамеки буюмдарынын өндүрүлгөн айы жана жылы жөнүндө маалымат (мындан ары - өндүрүлгөн дата) көрсөтүлөт. Кутусунда атайын целлофан таңгагы бар тамеки буюмдарына акциздик жыйым маркасы жана өндүрүлгөн дата жөнүндө көрсөтмө милдеттүү түрдө целлофан таңгагынын алдына чапталат.
10. Тамеки буюмдарынын өндүрүлгөн датасы жөнүндө маалыматтардын үстүнө таңгактоонун (кутунун) кандайдыр бир элементтерин же акциздик жыйым маркасын түшүрүүгө жол берилбейт.
11. Тамеки буюмдарын даярдоо датасы тууралуу маалыматтарды көрсөтүүгө төмөнкү талаптар коюлат:
1) жазуу так болушу жана оңой окулушу керек;
2) жазуу тамеки буюмдарынын таңгагын (кутусун) ачканда жазуулардын толуктугун камсыздагыдай жайгаштырылышы керек;

4) тамеки буюмдарынын өндүрүлгөн датасы тууралуу маалымат араб цифралары менен көрсөтүлөт (шрифттин бийиктиги 3 мм кем болбойт), пробел коюлбайт: айы.жылы жазылат (хх.хххх). Мисалы: 01.2022.
12. Ушул Убактылуу жобонун талаптарынан четтөө менен маркаланган товар маркаланбаган катары каралат.
2-глава. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде жана/же үчүнчү өлкөлөрдө акциздик товарларды өндүрүүдө жана/же импорттоодо акциздик маркалануучу товарлар үчүн маркалоо коддорун берүү тартиби
13. Идентификациялоо каражаттарына (маркалоо коддоруна) заказ берүү үчүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде жана/же үчүнчү өлкөлөрдө маркаланууга тийиш болгон акциздик товарларды өндүрүүнү жана/же импорттоону/ташып келүүнү жүзөгө ашыруучу товарларды жүгүртүүнүн катышуучусу Маркалоо операторуна кайрылат жана маркалоо коддорун генерациялоого өтүнмө жөнөтөт.
14. Маркалоо коддорун генерациялоого өтүнмө алынгандан кийин “Товарларды маркалоо” МАМС товарларды жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан берилген маалыматтардын негизинде акциздик салыкты төлөө суммасын алдын ала эсептеп чыгат жана жеке эсепте төлөнгөн акциздик салыктын суммаларынын жетиштүүлүгүн текшерет.
15. Товарларды жүгүртүүнүн катышуучусунун жеке эсебинин балансын толуктоо төмөнкүлөр тарабынан ишке ашырылат:

2) автоматташтыруу киргизилгенден кийин – автоматташтырылган режимде, Кыргызстандын салыктык башкаруу маалыматтык системасы (мындан ары – КСБМС) түшкөн маалыматтардын негизинде “Товарларды маркалоо” МАМСы.
16. Акциздик салыктын суммаларын эсептөө маркалануучу товарлардын каталогундагы GTIN боюнча маркалоо коддоруна заказдын маалыматтарынын негизинде жүргүзүлөт.
17. “Товарларды маркалоо” МАМС төлөм документинин статусун текшерет.
18. Товарларды жүгүртүүнүн катышуучусунун жеке эсебинде төлөнгөн акциздик салыктын суммалары жетиштүү болгон учурда “Товарларды маркалоо” МАМС төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) маркалоо коддорунун генерациялоону жана жеке эсептен акциздик салыктын эсептелген суммасын эсептен чыгарууну;
2) акциздик жыйым маркаларын даярдоочу компанияга товарларды жүгүртүүнүн катышуучусу жана генерацияланган маркалоо коддору жөнүндө маалыматты жөнөтүүнү.
19. Салык төлөөчүнүн жеке эсебинде акциздик салыктын төлөнгөн суммалары жетишсиз болгон учурда “Товарларды маркалоо” МАМС товарларды жүгүртүүнүн катышуучусуна идентификациялоо каражаттарын (маркалоо коддорун) генерациялоодон баш тартат.
20. Салык төлөөчү тарабынан акциздик салыктын төлөнгөндүгүн ырастоо тууралуу маалыматтарды алуу максатында Маркалоо оператору, ыйгарым укуктуу салык органы жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өздөрүнүн маалыматтык системаларын “Товарларды маркалоо” МАМСы менен интеграциялоону жүзөгө ашырат.
21. Кыргызстандын салыктык башкаруу маалыматтык системасы:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасына импорттолуучу маркалануучу акциздик товарларга акциздик салыктын түшкөн суммаларынын эсебин жүргүзөт;
2) салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин, төлөм документинин номерин, бюджеттик классификациянын кодун жана төлөмдүн суммасын көрсөтүү менен акциз салыгынын иш жүзүндө келип түшкөн суммаларын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматтарды “Товарларды маркалоо” МАМСка жөнөтүүнү камсыздайт.
22. “Товарларды маркалоо” МАМС:
1) ИСНАКтан салык төлөөчүлөр жана бюджеттик классификациянын коддору боюнча келип түшкөн маалыматтардын негизинде жеке эсептеги акциз салыгынын төлөнгөн суммаларын эсепке алууну жүзөгө ашырат;
2) акциздик салыктын балансынын жетиштүүлүгүн ырастоонун жыйынтыгы боюнча маркалоо коддорун генерациялайт;
3) акциздик салыкты төлөөнү валидациялоонун жана маркалоо коддорун генерациялоонун жыйынтыгы боюнча маркалоо коддорун генерациялоо жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу салык органына жиберет;
4) жеке эсепте төлөнгөн акциздик салыктын суммасы жетишсиз болгон учурда маркалоо коддорун генерациялоодон баш тартат.
3-глава. Акциздик жыйым маркаларын берүү тартиби
23. Аймактык салык органынын даярдоочу компания тарабынан акциздик жыйым маркаларын даярдоо жөнүндө чечими товарларды жүгүртүүнүн катышуучусунан акциздик жыйым маркаларын алууга өтүнмө алынган жана “Товарларды маркалоо” МАМС идентификациялоо каражаттарын (маркалоо коддорун) генерациялоо жөнүндө маалыматты ырастаган, ошондой эле товарларды жүгүртүүнүн катышуучусунун жеке эсебине акциздик салыктын эсептелген суммасы келип түшкөн күндөн тартып бир календардык күндүн ичинде кабыл алынат.
24. Акциздик жыйым маркалары ыйгарым укуктуу салык органынын акциздик жыйым маркаларын даярдоого чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу салык органынан өтүнмө алынган күндөн тартып 2 (эки) жумуш күндүн ичинде даярдоочу компания тарабынан даярдалат жана салык төлөөчүгө берүү үчүн ыйгарым укуктуу банкка берилет.
25. Акциздик жыйым маркалары Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн ыйгарым укуктуу банк аркылуу берилет, ошондой эле чет өлкөгө маркалануучу товарларды өндүрүүчү заводдорго түздөн-түз жөнөтүлөт.
26. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн маркалануучу товарды белгилөө үчүн сатып алынган жана чет өлкөгө өндүрүүчү заводго жөнөтүлгөн акциздик жыйым маркалары маркалануучу товарды өндүрүүнүн технологиялык процесси аяктагандан кийин маркалоо үчүн пайдаланылат.
27. Чет өлкөдө маркалануучу товарды өндүрүүчү заводдо чаптоо үчүн ыйгарым укуктуу банктан сатылып алынган акциздик жыйым маркалары убактылуу ташып келүү (өткөрүү)/ташып чыгуу бажы жол-жобосу алдында бажы төлөмдөрүн албастан Кыргыз Республикасынын аймагынан үчүнчү өлкөлөргө ташып чыгарылат.
28. Акциздик жыйым маркасынын наркын төлөө салык төлөөчү тарабынан төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) акциздик жыйым маркасынын номиналдык наркы үчүн ыйгарым укуктуу банктагы атайын блоктолгон эсепке акча каражаттарын которуу жолу менен;
2) идентификациялоо каражаттарынын наркы үчүн Маркалоо операторунун атайын эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен.
29. Ыйгарым укуктуу салык органы коюлган эсептерге ылайык даярдоочу компания тарабынан даярдалган жана жеткирилген акциздик жыйым маркаларынын наркын төлөйт, кошумча чыгымдарды төлөйт. Даярдоочу компания менен жылдык салыштыруу жүргүзүлгөндөн жана өз ара эсептешүүлөрдөн кийин блоктолгон эсепте калган сумма, ушул Жобонун 25-пунктунда каралган максаттарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен аныкталган максаттарга пайдаланылат.
30. Ыйгарым укуктуу банк салык төлөөчүгө акциздик жыйым маркасын ал акциздик жыйым маркасынын номиналдык наркын төлөгөндөн кийин гана берет. Акциздик жыйым маркаларын алганга чейин салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген акциздик салыктын ставкасы боюнча маркалануучу товарга акциздик салыкты салык органына акциздик жыйымдын маркаларын алууга арыз-эсептөө бергенге чейин жана “Товарларды маркалоо” МАМС аркылуу Маркалоо операторунан идентификациялык каражаттарды (маркалоо коддорун) сатып алганга чейин төлөйт.
31. Акциздик жыйым маркасынын номиналдык наркы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат. Акциздик жыйым маркасынын номиналдык наркы акциздик жыйым маркасын даярдоо наркынан, транспорттук чыгымдардан, анын ичинде ыйгарым укуктуу банктан чет өлкөлүк даярдоочу заводдорго жеткирүү боюнча чыгымдардан, даярдоочу компания жок болгон учурда бажы төлөмдөрүнөн жана алымдардан, курстук айырманын өзгөрүшүнөн келип чыгуучу тобокелдиктерди камсыздандырууга кеткен чыгымдардан жана башка чыгымдардан турат.
Башка чыгымдарга акциздик жыйым маркаларынын, эсептөө техникасынын, байланыш каражаттарынын, акциздик жыйым маркаларын чаптоо үчүн жабдуулардын аныктыгын аныктоо үчүн адистештирилген приборлорду сатып алууга жана тейлөөгө жана окуу-методикалык колдонмолорду даярдоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө топтолгон каражаттарды максаттуу пайдалануу кирет.
32. Салык төлөөчүгө акциздик жыйым маркасын сатуу маркаларды ыйгарым укуктуу банк аркылуу берүү же акциздик жыйым маркасын маркалануучу товарларды өндүрүүчү заводго түздөн-түз жөнөтүү жолу менен жүргүзүлөт. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ташылып келүүчү маркалануучу товарлар маркалануучу товарларды өндүрүүчү заводдо гана маркаланууга тийиш.
Ыйгарым укуктуу банк тарабынан акциздик жыйым маркаларын берүү жөнүндө чечим аймактык салык органы тарабынан төмөнкү документтер берилген учурда бир күндүк мөөнөттө кабыл алынат:
- арыз-эсептөө ушул Убактылуу жобонун 1-тиркемесине ылайык 2 (эки) нускада. Салык төлөөчүнүн арыз-эсептөөсүнө ушул Убактылуу жобонун 2-тиркемесине ылайык өндүрүлүүчү жана/же импорттолуучу акциздик товарлардын аталыштарын көрсөтүү менен 2 (эки) нускада акциздик товарлардын спецификациясы тиркелет. Арыз-эсептөөнүн жана акциздик товарлардын спецификациясынын бир нускасы салык төлөөчүгө кайтарылып берилет, экинчи нускасы салык кызматынын органында калат;
- акциздик продукцияны өндүрүүгө жана/же ташып келүүгө жана/же сатууга лицензиянын көчүрмөсү (акциздик продукциянын лицензиялануучу түрлөрү үчүн);
- акциз салыгынын жана маркалануучу товарлардын бардык санына акциздик жыйым маркасынын номиналдык наркынын төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документтеринин көчүрмөсү жана түп нускасы. Төлөм документинин көчүрмөсү салык кызматынын органында калат, түп нускасы салык төлөөчүгө кайтарылып берилет.
Акциздик жыйым маркасын чет өлкөлүк маркалануучу товарларды өндүрүүчү заводго жиберүү жөнүндө чечим, ыйгарым укуктуу банк тарабынан импорттолуучу маркалануучу товарларга акциздик жыйым маркаларын берүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан кабыл алынат. Мында ушул пункттун үчүнчү-бешинчи абзацтарында каралган документтерден тышкары салык төлөөчү тарабынан төмөнкү документтер берилет:
- ташып келинген акциздик продукцияга инвойстор, маркалануучу товарды жеткирүүгө келишимдин түп нускасы жана салык төлөөчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. Келишимдин көчүрмөсү салык кызматынын органында калат, түп нускасы салык төлөөчүгө кайтарылат;
- маркалануучу товарларды өндүрүүчү заводго анын так реквизиттерин толук көрсөтүү менен акциздик жыйым маркаларын жөнөтүү өтүнүчү менен кат.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден жана/же үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттогон салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органына депозиттик төлөмдү салгандыгы жөнүндө квитанциянын көчүрмөсүн жана түп нускасын, ошондой эле акциздик жыйым маркаларын максаттуу пайдалануу жөнүндө милдеттенмени берет.
Импорттолгон маркалануучу товарларга акциздик жыйым маркаларын берүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу банк тарабынан ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча 3 (үч) нускада түзүлөт. Акциздик жыйым маркалары ыйгарым укуктуу банк тарабынан салык төлөөчүгө чечимде көрсөтүлгөн акциздик маркалардын катар номерине ылайык берилет. Салык кызматынын органынын чечиминин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси – салык төлөөчүдө, үчүнчүсү – салык кызматынын органында калат.
Мында салык төлөөчүлөр тарабынан акциздик жыйым маркаларынын алынган номерлеринин диапазонун салык органынын чечиминде көрсөтүлгөн номерлердин диапазону менен кайрадан эсептөө жана салыштыруу жүргүзүлөт.
33. Акциздик жыйым маркаларын маркалануучу товарларды чет өлкөлүк өндүрүүчү заводго жөнөтүү жөнүндө чечим 2 нускада түзүлөт. Мында ыйгарым укуктуу салык органы акциздик жыйым маркаларын даярдоочу компанияга акциздик жыйым маркаларынын тиешелүү партиясын маркалануучу товарлардын чет өлкөлүк өндүрүүчү заводуна жөнөтүү жөнүндө заказ катты жөнөтөт.
Акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу товарларды өндүрүүчү заводго жөнөтүүдө акциздик жыйым маркасын сатып алуу датасы болуп ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан кабыл алынган акциздик жыйым маркаларын чет өлкөдө маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго жөнөтүү тууралуу чечимдин датасы саналат.
34. Чоң идиштерге куюлган алкоголдук продукцияны маркалоо үчүн акциздик жыйым маркаларын сатып алууга арызды тариздөөдө салык төлөөчү акциздик салыктын жана акциздик жыйым маркаларынын номиналдык наркын төлөгөндүгү тууралуу ырастоону берет. Маркаланууга тийиш болгон көлөм жана акциздик жыйым маркаларынын номиналдык наркынын төлөнгөндүгү ырасталгандан кийин салык кызматынын органы акциздик жыйым маркаларын берүү тууралуу чечим кабыл алат.
35. Ыйгарым укуктуу банк тарабынан импорттолгон маркалануучу товарга акциздик жыйым маркаларын берүү жөнүндө чечим, акциздик жыйым маркаларын чет өлкөлүк маркалануучу товарды өндүрүүчү заводго жөнөтүү жөнүндө чечим салык төлөөчү ушул Жобонун 32-пунктунда каралган документтерди тапшырган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде салык кызматынын органы тарабынан кабыл алынат.
36. Салык кызматынын органдары маркалануучу товарларды өндүрүүчү же импорттоочу салык төлөөчү тарабынан акциздик салыкты эсептөө үчүн эсептердин жана башка документтердин берилишин контролдойт.
4-глава. Акциздик жыйым маркаларын эсепке алуу жана сактоо тартиби
37. Акциздик жыйым маркасы атайын мамлекеттик бланк болуп саналат.
38. Алкоголдук ичимдиктерге акциздик жыйым маркалары кагаз барактарында даярдалат, тиешелүү формада жана өлчөмдө болот, бир же бир нече коргоочу элементтери, аталышы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү, катар номери, электрондук-маалыматтык элементи жана продукциянын түрүн жана колдонулуучу идиштин диапазонун аныктоочу сериясы болот. Тамеки буюмдарына маркалар кагаз барактарында даярдалат, тиешелүү формада жана өлчөмдө болот, бир же бир нече коргоочу элементтери, аталышы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү, тогуз орундуу катар номери, электрондук-маалыматтык элементи жана продукциянын түрүн аныктоочу сериясы болот.
39. Акциздик жыйым маркаларынын сакталышын камсыз кылуу максатында салык төлөөчү атайын жай бөлүп берүүгө же аларды күйбөгөн ящиктерде (сейфтерде) сактоого милдеттүү.
40. Акциздик жыйым маркалары ыйгарым укуктуу банкта атайын блоктолгон эсепке төлөнгөн номиналдык наркы боюнча ишкананын кампасында кириштелет, ага акциздик жыйым маркаларын ташуу боюнча чыгымдар киргизилбейт.
41. Акциздик жыйым маркаларын колдонгон ишканаларда жетекчинин буйругу менен акциздик жыйым маркаларынын сакталышы үчүн жооптуу кызмат адамы дайындалат. Кызмат адамы продукцияны белгилөө үчүн акциздик жыйым маркаларын кол койдуруп берет жана жөнөтүлгөн продукциянын жана акциздик жыйым маркаларынын тибин, сыйымдуулугун, номерлерин жана аларды алуучунун аты-жөнүн белгилөө менен берилген маркалардын эсебин жүргүзөт.
42. Салык кызматынын органдары өндүрүүчү ишканаларда акциздик жыйым маркаларын эсептен туура чыгарууну туруктуу контролдоого (бул үчүн зарыл болгон учурда акциздик жыйым маркаларынын бар экендигине инвентаризация жүргүзөт), эсептен чыгарылган акциздик маркалардын санын бөтөлкөдөгү же башка идиштеги алкоголдук ичимдиктердин жана пачкалардагы тамеки буюмдарынын өндүрүлгөн жана сатылган продукциясынын саны менен салыштырууга милдеттүү.
5-глава. Пайдаланылбаган жана бузулган акциздик жыйым маркаларын кайтарып берүү жана аларды жокко чыгаруу
43. Акциздик маркалануучу товарларды маркалоо үчүн генерацияланган акциздик жыйым маркаларын жана маркалоо коддорун жокко чыгаруу төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:

2) өндүрүү учурунда акциздик жыйым маркалары бракка чыгарылганда;
3) өндүрүштүк брак табылган учурда.
44. Маркалануучу товарларды өндүрүү/импорттоо токтогондо өндүрүүчү/импорттоочу пайдаланылбаган бардык акциздик жыйым маркаларын ыйгарым укуктуу банкка кайтарып берүүгө милдеттүү.
Пайдаланылбаган акциздик жыйым маркаларын кайтарып берүү жол-жобосун жүргүзүү үчүн маркалануучу товарларды өндүрүүчү/импорттоочу акциздик жыйым маркаларын алган жердеги салык кызматынын органына төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү:
- акциздик жыйым маркаларын кайтарып берүүнүн себептерин көрсөтүү жана акциздик жыйым маркаларын сатып алууда төлөнгөн акча каражаттарын кайтарып берүү өтүнүчү менен жазуу жүзүндөгү арызды;
- пайдаланылбаган/бракка чыгарылган маркалоо коддорун генерациялоодо төлөнгөн, келечекте маркалоо коддорун алуу эсебине кайтарылууга/чегерилүүгө тийиш болгон акциздик салыктын суммаларынын эсебин;
- кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө кайтарылуучу акциздик жыйым маркаларынын сыйымдуулуктун түрүн жана катар номерлерин көрсөтүү менен маркалануучу товарлардын түрүн аныктоочу сериялары жана жокко чыгарылууга тийиш болгон пайдаланылбаган/бракка чыгарылган маркалоо коддору көрсөтүлгөн реестрди;
- акциздик жыйым маркаларын берүү жөнүндө чечимдин нускасын.
Салык кызматынын органы бир айлык мөөнөттө жогоруда аталган документтерди текшерет жана акциздик жыйым маркаларын ыйгарым укуктуу банкка кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алат, ал 3 (үч) нускада түзүлөт. Акциздик жыйым маркаларын кайтаруу жөнүндө чечимдин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси - акциздик жыйым маркаларын сатып алуучуда, үчүнчүсү - салык кызматынын органында калат.
45. Импорттолуучу тамеки буюмдары үчүн акциздик жыйым маркаларын кошпогондо, пайдаланылбаган акциздик жыйым маркаларынын номиналдык наркын кайтаруу ыйгарым укуктуу банк тарабынан салык кызматынын тиешелүү органы менен макулдашуу боюнча бир жумалык мөөнөттө жүргүзүлөт.
Импорттолуучу тамеки буюмдары үчүн пайдаланылбаган акциздик жыйым маркалары ыйгарым укуктуу банк тарабынан жок кылуу үчүн гана кабыл алынат жана жокко чыгарылды деп таанылат. Мында акциздик жыйым маркаларынын жана маркалоо коддорунун номиналдык наркы кайтарылбайт, ал эми акциздик салыктын суммасы ашыкча төлөнгөн катары эсептелет.
46. Маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводдо чаптоо процессинде акциздик жыйым маркалары бузулган/бракка чыгарылган учурда бузулуу/бракка чыгаруу себептерин, бузулган акциздик жыйым маркаларынын санын жана тибин көрсөтүү менен акт түзүлөт. Өндүрүүчү/импорттоочу бузулган акциздик жыйым маркаларын ыйгарым укуктуу банкка кайтарып берүүгө милдеттүү.
Кайтарып берүү жол-жобосун жүргүзүү үчүн өндүрүүчү/импорттоочу акциздик жыйым маркаларын алган жердеги салык кызматынын органына төмөнкүдөй документтерди берүүгө милдеттүү:
- акциздик жыйым маркаларынын бузулгандыгы жөнүндө актыны;
- пайдаланылбаган/бракка чыгарылган маркалоо коддорун генерациялоодо төлөнгөн келечекте маркалоо коддорун алуу эсебине кайтарылууга/чегерилүүгө тийиш болгон акциздик салыктын суммаларынын эсебин;
- кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө маркалануучу продукциянын түрүн, сыйымдуулугун жана кайтарылуучу бузулган акциздик маркалардын катар номерлерин аныктоочу серияларын көрсөткөн реестрди;
Салык кызматынын органы бир айлык мөөнөттө жогоруда аталган документтерди текшерет жана бузулган акциздик жыйым маркаларын ыйгарым укуктуу банкка кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алат, ал 4 (төрт) нускада, салык кызматынын органы тарабынан бекитилген формада түзүлөт. Акциздик жыйым маркаларын кайтаруу жөнүндө чечимдин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси - акциздик жыйым маркаларын сатып алуучуда, үчүнчүсү - салык кызматынын органында, төртүнчүсү - Маркалоо операторунда калат.
Продукциянын түрүн, сыйымдуулугун, баалардын диапазонун жана катар номерлерин аныктоочу сериялары толугу менен көрүнбөгөн жана электрондук-маалыматтык элементи жана маркалоо коду идентификацияланбаган акциздик жыйым маркалары ыйгарым укуктуу банкка кайтарылбайт.
Акциздик жыйым маркалары бузулганда ыйгарым укуктуу банк тарабынан кабыл алынган бузулган акциздик жыйым маркалары жок кылуу актысына ылайык комиссиялык түрдө жок кылынган жана жокко чыгарылган деп таанылган учурда акциз төлөнбөйт. Маркалардын жана маркалоо коддорунун номиналдык наркы төлөнгөн шартта бузулган маркалардын ордуна жаңы акциздик жыйым маркалары акциздик салыкты кайра төлөбөстөн берилет.
47. Маркалануучу товарды белгилөө үчүн жараксыз болгон акциздик жыйым маркалары салык кызматынын тиешелүү органынын өкүлдөрүнүн, Маркалоо операторунун жана өндүрүүчү/импорттоочунун катышуусунда ыйгарым укуктуу банк тарабынан комиссиялык түрдө жок кылынууга тийиш.
48. Пайдаланылбаган акциздик жыйым маркалары ыйгарым укуктуу банк тарабынан кабыл алынгандан жана/же маркалануучу продукцияны белгилөө үчүн жараксыз болгон жана жокко чыгарылган деп таанылган акциздик жыйым маркалары комиссиялык түрдө жок кылынгандан кийин мындай акциздик маркалар боюнча төлөнгөн акциздик салыктын суммасы салык кызматынын органдары/бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан акциздик салыктын ашыкча төлөнгөн суммасы катары эсептелет.
49. Өндүрүлгөн акциздик товарлар бузулган/бракка чыгарылган же жоголгон учурда, ал жеткис күчтүн натыйжасында келип чыккан учурларды кошпогондо, акциздик салык толук өлчөмдө төлөнөт жана/же кайтарылбайт. Акциздик жыйым маркалары жоголгондо алар жокко чыгарылды деп таанылат, ал жеткис күчтүн натыйжасында келип чыккан учурларды кошпогондо, акциздик жыйым маркаларын сатып алганга чейин төлөнгөн акциздик салык кайра кайтарылбайт. Алкоголдук продукцияны белгилөө үчүн жоголгон/жокко чыгарылган акциздик жыйым маркалары боюнча акциздик салыкты эсептөө акциздик жыйым маркасында көрсөтүлгөн сыйымдуулукка ылайык идиштин жол берилген максималдуу көлөмүнө карата белгиленген ставкага ылайык жүргүзүлөт.
50. Өндүрүштүк брак табылган учурда салык төлөөчү жетекчинин, башкы бухгалтердин жана акциздик жыйым маркаларынын сакталышына жооптуу адамдын катышуусунда бракталган акциздик жыйым маркаларынын табылганы жөнүндө акт түзөт, акциздик жыйым маркасынын тибин жана номерин, кутунун номерин көрсөтөт, ошондой эле табылган бракталган маркаларды сүрөткө тартат. Андан ары салык төлөөчү салык кызматынын органына бракталган маркалардын табылгандыгы жөнүндө актыны, акциздик маркаларды сатып алууда акча каражаттарынын төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсүн жана брак болгон маркалардын сүрөттөрүн берет. Салык кызматынын органдары материалды иликтөө үчүн акциздик жыйым маркаларын өндүрүүчү компанияга андан ары берүү үчүн ыйгарым укуктуу салык органына бир жумалык мөөнөттө өткөрүп берет. Өндүрүүчү компания брактын бар экендигин ырастаган учурда салык төлөөчү акциздик салыкты, номиналдык наркын жана маркалоо коддорунун наркын төлөбөстөн брак болгондордун ордуна акциздик жыйым маркаларын алууга укуктуу. Мында жараксыз акциздик жыйым маркалары жокко чыгарылат.
51. Товарларды жүгүртүүнүн катышуучусу маркалоо коддорун жокко чыгаруу тууралуу кайрылганда жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан мындай чечим кабыл алынганда ыйгарым укуктуу салык органынын кызматкери тарабынан “Товарларды маркалоо” МАМСта маркалоо коддорун көрсөтүү менен электрондук файлды жүктөө аркылуу маркалоо коддорун жокко чыгаруу жүргүзүлөт. Маркалоо коддорун кийин генерациялоо үчүн чегерилүүгө тийиш болгон акциздик салыктын суммасы ыйгарым укуктуу салык органынын кызматкери тарабынан ыйгарым укуктуу салык органынын тиешелүү чечиминин реквизиттерин көрсөтүү менен “Товарларды маркалоо” МАМСка киргизилет.

52. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана импорттолуучу продукцияны маркалоо салык контролу астында, үчүнчү өлкөлөрдүн аймагынан бажы контролу астында (анын ичинде бажы кампасынын, терминалдын аймагында жана Тизмекке киргизилген убактылуу сактоо кампаларында) жүргүзүлөт.
53. Соода тармагында (чекене жана дүң) турган маркалануучу товарда акциздик жыйым маркасынын болушун жана аныктыгын контролдоо салык кызматынын органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
54. Кыргыз Республикасынын аймагында маркаланбаган акциздик товарларды өндүргөн, импорттогон же саткан уюмдар, жеке ишкерлер жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
55. Ыйгарым укуктуу салык органы ай сайын отчеттук айдын 10уна чейин бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга импорттолуучу алкоголдук жана тамеки продукцияларына берилген акциздик жыйым маркалары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле импорттолуучу тамеки буюмдарынын минималдуу чекене баасы жөнүндө маалыматтарды жөнөтөт.
56. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ай сайын отчеттук айдын 10уна чейин ыйгарым укуктуу салык органына акциздик товарлардын экспорту/импорту жөнүндө маалыматтарды берет.
| Кыргыз Республикасында алкоголдук жана тамеки продукциялары үчүн (сигареттерден жана ысытуучу тамекиси бар буюмдардан тышкары) акциздик салыкты санариптик башкаруу жөнүндө убактылуу жобого 1-тиркеме |

Акциздик жыйымдын маркаларын сатып алууга арыз-эсептөө

№ | Акциздик маркалан-ган продук-циянын түрү | (*) Марка-нын тиби | Сыйым-дуулугу (маркада) | Идиштин сыйым-дуулугу | Сатып алынуучу акциздик маркалар-дын саны | Салык салы-нуучу көлөм | Этил спиртинин курамы/ күчтүүлүгү (алкоголдук ичимдиктер үчүн) | Этил спиртинин курамына / күчтүүлүгүнө карата акциздик салыктын ставкасы (алкоголдук ичимдиктер үчүн) (сом) | Акциз-дик салык-тын сумма-сы (сом) | Акциздик маркалар-дын номинал-дык наркы (сом) |

| Кыргыз Республикасында алкоголдук жана тамеки продукциялары үчүн (сигареттерден жана ысытуучу тамекиси бар буюмдардан тышкары) акциздик салыкты санариптик башкаруу жөнүндө убактылуу жобого 2-тиркеме |

Акциздик маркаларды сатып алууга арыз-эсептөөгө акциздик буюмдарды спецификациялоо 20___-жылдын “___” _____________ № ______

Уюмдун жетекчиси: | __________________________ (аты-жөнү) | ____________ (колу) |
|
|
|
М.О. |
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-марты № 125
Товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду узартуу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 179 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик жыйымдын маркасы жана/же идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоо киргизилген датага чейин айрым товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук долбоорду натыйжалуу жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында пилоттук долбоордун алкагында товарларды идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркалоо жөнүндө убактылуу жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташылып кирүүчү жана сатылуучу товарлардын айрым түрлөрүнүн тизмеси (мындан ары - Тизме) 2-тиркемеге ылайык.
2. 2024-жылдын 1-январынан тартып 2025-жылдын 31-декабрына чейин Тизмеге ылайык товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо пилоттук (эксперименттик) режимде (мындан ары – пилоттук долбоор) киргизилсин.