Загрузка документа…
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 125 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасында пилоттук долбоордун алкагында товарларды идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркалоо жөнүндө убактылуу жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасында пилоттук долбоордун алкагында товарларды идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркалоо жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары – Убактылуу жобо) товарлардын жаңы категорияларына карата идентификациялоо каражаттары менен маркалоо механизмин сыноо жана товарлардын айрым категорияларына карата милдеттүү маркалоону киргизүүгө өндүрүүчүлөрдү жана импорттоочуларды даярдоо максатында иштелип чыккан.
2. Ушул Убактылуу жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон товарларды маркалоонун методикалык сунуштамалары (мындан ары – методикалык сунуштамалар) – идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон товарларды каттоо тартибин, идентификациялоо каражаттарынын мүнөздөмөсүн жана идентификациялоо каражаттарын түшүрүү эрежелерин аныктаган эрежелер.
Методикалык сунуштамалар ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды маркалоонун методикалык сунуштамалары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат жана бекитилет;
2) дүң соода – товарларды ишкердик иште пайдалануу (анын ичинде кайра сатуу) үчүн сатып алуу жана сатуу менен байланышкан же жеке, үй-бүлөлүк, үй жана башка ушул сыяктуу максаттарда пайдалануу менен байланышпаган соода ишинин түрү;
3) өндүрүүчү – санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу экономикалык иштин субъекти;
4) чекене соода – жеке, үй-бүлөлүк, үй жана ишкердик ишти жүзөгө ашырууга байланышпаган башка максаттарда пайдалануу үчүн товарларды сатып алуу жана сатуу менен байланышкан соода ишинин түрү.
Ушул Убактылуу жободо колдонулган башка түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) укугу менен аныкталган мааниде колдонулат.
3. Товарлардын айрым түрлөрүн идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорго (мындан ары – пилоттук долбоор) катышкан жана идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарларды ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келүүнү жүзөгө ашырган адам идентификациялоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына алып келгенге чейин же ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштырганда же бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан убактылуу сактоо кампаларынын реестрине киргизилген убактылуу сактоо кампаларына ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштыргандан кийин идентификациялоо каражаттарын колдонушу мүмкүн.
4. Пилоттук долбоорго катышуу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.
5. Ыйгарым укуктуу салык органы жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Убактылуу жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча чакыруу кабарлоолорду берүү жолу менен пилоттук долбоорго катышууга ишкердик субъекттерин (мындан ары – салык төлөөчү) жана тышкы экономикалык иштин катышуучуларын чакырат.
6. Салык төлөөчү өзүнүн пилоттук долбоорго катышуусун ушул Убактылуу жобонун 2-тиркемесине ылайык ыйгарым укуктуу салык органына жазуу жүзүндө ырастайт.
Тышкы экономикалык иштин катышуучусу пилоттук долбоорго өзүнүн катышуусун ушул Убактылуу жобонун 2-тиркемесине ылайык бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө ырастайт.
7. Пилоттук долбоорго катышууну каалаган жана чакыруу кабарлоосун албаган салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органына пилоттук долбоорго катышуу ниети жөнүндө расмий кат жиберүү жолу менен пилоттук долбоорго катышууга укуктуу.
Пилоттук долбоорго катышууну каалаган жана чакыруу кабарлоосун албаган тышкы экономикалык иштин катышуучусу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу расмий органга пилоттук долбоорго катышуу ниети жөнүндө расмий кат жиберүү жолу менен пилоттук долбоорго катышууга укуктуу.
8. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган пилоттук долбоорго катышуу ниетин билдирген тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын тизмесин түзөт жана ыйгарым укуктуу салык органына жиберет.
9. Ыйгарым укуктуу салык органы өзүнүн расмий сайтына пилоттук долбоорго катышуучу салык төлөөчүлөрдүн жана тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын тизмесин жайгаштырат.
2. Пилоттук долбоордун катышуучуларына талаптар
10. Пилоттук долбоордун катышуучулары:
1) пилоттук долбоорго өзүнүн катышуусун ырастаган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде “Товарларды маркалоо” мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасында (мындан ары – “Товарларды маркалоо” МАМС) каттоодон өтүшү керек;
2) квалификацияланган электрондук колтамгасы (мындан ары – электрондук колтамга) болушу керек;
3) электрондук документтерге электрондук колтамга коюу, ошондой эле зарыл болгон электрондук документтерди “Товарларды маркалоо” МАМС менен, анын ичинде жеке кабинет аркылуу алмашуу мүмкүнчүлүгү бар программалык-аппараттык комплекске ээ болушу керек.
11. Өндүрүүчүлөр, даярдоочулар жана импорттоочулар ушул Убактылуу жобонун 10-пунктунда жазылган талаптардан тышкары, маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын оператору (мындан ары – маркалоо оператору) тарабынан берилген жеке кабинет аркылуу маркалоо коддорунун заказдарын башкаруу станциясына кирүү мүмкүнчүлүгүн алуусу/тариздөөсү зарыл.
12. Пилоттук долбоордун катышуучуларына жеке кабинет аркылуу “Товарларды маркалоо” МАМСта маркалоо коддорунун заказдарын башкаруу станциясына кирүүнү камсыз кылуу маркалоо оператору тарабынан акысыз негизде жүргүзүлөт.
3. Оператор менен товар жүгүртүүнүн катышуучуларынын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби
13. Пилоттук долбоордун катышуучусунун “Товарларды маркалоо” МАМС менен маалыматтык өз ара аракеттенүүсү электрондук документтерди (арыздарды, кабарлоолорду ж.б.) алмашуу жолу менен маалыматтарды берүү стандарттык протоколдорун жана маркалоо оператору тарабынан иштелип чыккан электрондук өз ара аракеттенүү интерфейстерин колдонуу менен жүргүзүлөт, алардын форматы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат жана Интернет тармагындагы маркалоо операторунун расмий сайтына жайгаштырылат.
14. “Товарларды маркалоо” МАМСта пилоттук долбоордун катышуучусун каттоо, идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон товарды каттоо, маркалоо коддоруна заказ берүү жана идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон товарларга идентификациялоо каражаттарын түшүрүү жөнүндө маалыматтарды берүү пилоттук долбоордун катышуучусу тарабынан ырааттуу жүзөгө ашырылат.
15. Маркалоо оператору төмөнкү негиздердин бири болгон учурда документтерди (арыздарды, кабарлоолорду) кабыл алуудан же “Товарларды маркалоо” МАМСка пилоттук долбоордун катышуучулары тарабынан берилген маалыматтарды киргизүүдөн баш тартат:
1) берилген документтер методикалык сунуштамаларда каралган маркалоо коддоруна заказ берүү үчүн милдеттүү маалыматтарды камтыбаса;
2) юридикалык жактардын электрондук маалыматтар базасында товарларды жүгүртүүнүн катышуучусуна карата юридикалык жактын ишин токтоткондугу жөнүндө жазуу болсо же ыйгарым укуктуу салык органынын салык төлөөчүлөрүнүн реестринде жеке адам жеке ишкер катары ишин токтоткондугу жөнүндө жазуу болсо.
16. Маркалоо оператору электрондук документтерди кабыл алган же “Товарларды маркалоо” МАМСка маалыматтарды киргизген күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде пилоттук долбоордун катышуучусуна документтерди кабыл алуу же кабыл алуудан баш тартуу же “Товарларды маркалоо” МАМСка төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтарды киргизүү жөнүндө электрондук кабарлоону жиберет:
1) товарларды жүгүртүүгө катышуучунун документинин каттоо номери;
2) кабарлоонун номери;
3) кабарлоонун датасы;
4) идентификациялык коддор жана алардын “Товарларды маркировкалоо” МАМСтагы статусу (статусун өзгөртүү) (эгерде товарларды жүгүртүүгө катышуучу тарабынан берилген документте идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркаланууга тийиш болгон товар жөнүндө маалыматтар камтылса);
5) документтерди (маалыматтарды) “Товарларды маркалоо” МАМСка киргизүү жөнүндө же аларды киргизүүдөн баш тартуунун себептери жөнүндө билдирүү.
17. Пилоттук долбоордун катышуучусу тарабынан “Товарларды маркалоо” МАМСка берилген документтердин (маалыматтардын) “Товарларды маркалоо” МАМСка киргизилгендиги жөнүндө кабарлоо маркалоо оператору тарабынан электрондук өз ара аракеттенүү интерфейстерин пайдалануу менен “Товарларды маркалоо” МАМСтагы жеке кабинети аркылуу же электрондук почта боюнча пилоттук долбоордун катышуучусуна жиберилет.
18. “Товарларды маркалоо” МАМСка документти тапшырган күн болуп пилоттук долбоордун катышуучусу электрондук документти жиберүү жөнүндө кабарлоодо жазылган дата саналат.
Бул кабарлоолор электрондук документтер берилген же “Товарларды маркалоо” МАМСка маалымат киргизилген күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде автоматтык түрдө түзүлөт жана “Товарларды маркалоо” МАМСка берилген документтер (маалыматтар) белгиленген учурда электрондук документ формасында “Товарларды маркалоо” МАМС пилоттук долбоорунун катышуучусуна жиберилет.
19. Маркалоо операторунун аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык түзүлгөн маалыматтык-технологиялык жана коммуникациялык инфратүзүм колдонулат.
20. Пилоттук долбоордун катышуучулары “Товарларды маркалоо” МАМСка маалыматтарды өз алдынча да, ошондой эле товарларды жүгүртүүнүн катышуучулары ыйгарым укук берген жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык товарларды жүгүртүүнүн катышуучуларынын атынан чыккан башка юридикалык жактарды же жеке ишкерлерди тартуу менен беришет.
21. Эгерде ушул Убактылуу жободо башкаcы белгиленбесе, маркалоо оператору пилоттук долбоордун катышуучусу берген документтерди жана маалыматтарды алган учурдан тартып бир жумуш күндүн ичинде “Товарларды маркалоо” МАМСка өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабарлоону арыз ээсине милдеттүү түрдө жиберүү менен “Товарларды маркалоо” МАМСка жайгаштырууну камсыз кылат.
22. Идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон товарларды жүгүртүүгө мониторингди камсыз кылуу максатында маркалоо оператору “Товарларды маркалоо” МАМСка төмөнкү маалыматтардын болушун камсыз кылат:
1) пилоттук долбоордун катышуучулары жөнүндө;
2) идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон товарлар жөнүндө;
3) идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон товарлардын таңгагына түшүрүлгөн идентификациялоо каражаттары жөнүндө.
23. Маркалоо оператору “Товарларды маркалоо” МАМСтын алкагында төмөнкү реестрлерди уюштурат жана жүргүзүүнү камсыз кылат:
1) документтердин реестрин;
2) пилоттук долбоордун катышуучуларынын реестрин;
3) пилоттук долбоордун катышуучуларынын ыйгарым укуктуу адамдарынын реестрин;
4) идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон товарлардын реестрин;
5) маркалоо коддорунун реестрин.
24. Маркалоо оператору идентификациялоо каражаттарын контролдоонун мобилдик тиркемеси аркылуу идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон товар жөнүндө жалпыга жеткиликтүү маалыматтардын Интернет тармагында жайгаштырууну камсыз кылат. Маалыматтардын тизмеси методикалык сунуштамалар менен бекитилет.
Маалыматтар керектөөчүлөргө коомдук контролдоо функцияларын ишке ашыруу үчүн берилет.
4. “Товарларды маркалоо” МАМСка пилоттук долбоордун катышуучуларын каттоо
25. Пилоттук долбоордун катышуучуларын “Товарларды маркалоо” МАМСта каттоо жана жеке кабинетке кирүүгө уруксат берүү пилоттук долбоордун катышуучулары тарабынан маркалоо операторуна ушул Убактылуу жобого ылайык берилген маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.
26. Пилоттук долбоордун катышуучусу “Товарларды маркалоо” МАМСта каттоо максатында маркалоо оператору менен пилоттук долбоордун катышуучуларына идентификациялык каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон маркалоо коддорун берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коёт (типтүү келишимдин формасы жана түзүмү маркалоо оператору тарабынан ыйгарым укуктуу салык органы менен макулдашуу боюнча бекитилет) жана төмөнкү документтерди берет:
1) келишим түзүү/арыз берүү үчүн зарыл болгон документтердин пакети, юридикалык жак үчүн:
– мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
– бүтүмдөрдү түзүүгө аткаруу органынын ыйгарым укуктарын ырастаган уставдын же башка документтин көчүрмөсү;
– аткаруу органын дайындоо/шайлоо жөнүндө чечимдин/протоколдун же башка документтин көчүрмөсү (башкы директор, директор, төрага ж.б. устав, жобо менен аныкталат);
– келишимге кол коюу/арыз берүү үчүн уюмдун мөөрү;
– паспорттун көчүрмөсү (башкы директор, директор, төрага ж.б.);
2) келишим түзүү/арыз берүү үчүн зарыл болгон документтердин пакети, жеке адам үчүн:
– жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
– паспорттун көчүрмөсү;
– эгерде ишкер өкүл аркылуу иш жүргүзсө, келишимдерди түзүүгө укугун көрсөтүү менен нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берилүүгө тийиш;
– келишимге кол коюу/арыз берүү үчүн мөөр (бар болсо).
Өндүрүүчүлөр жана даярдоочулар үчүн пилоттук долбоордун катышуучусу “GS1 Kyrgyzstan” предметтик номерлөө ассоциациясынын мүчөсү деп эсептелерин ырастаган сертификаттын көчүрмөсүн кошумча берүү зарыл.
27. Ушул Убактылуу жобонун 26-пунктуна ылайык келишимге кол коюлгандан жана документтердин пакети тапшырылгандан кийин пилоттук долбоордун катышуучусу “Товарларды маркалоо” МАМСтагы жеке кабинетинде юридикалык жактын же жеке ишкердин атынан ишеним катсыз иштөөгө укугу бар адамдын квалификациялуу электрондук колтамгасы коюлган, төмөнкү маалыматтарды камтыган “Товарларды маркалоо” МАМСта каттоо жөнүндө арызды (мындан ары – катышуучуну каттоо жөнүндө арыз) “Товарларды маркалоо” МАМСтын электрондук өз ара аракеттенүү интерфейстерин пайдалануу менен толтуруу аркылуу каттоону жүзөгө ашырат:
1) юридикалык жак болуп эсептелген пилоттук долбоордун катышуучусунун аталышы же жеке ишкер болуп эсептелген пилоттук долбоордун катышуучусунун фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо);
2) пилоттук долбоордун катышуучусунун тиби (өндүрүүчү, даярдоочу же импорттоочу);
3) пилоттук долбоордун катышуучусунун идентификациялык номери;
4) юридикалык жак болуп саналган пилоттук долбоордун катышуучусу турган жер же жеке ишкер болуп эсептелген пилоттук долбоордун катышуучусу ишкердик иш жүргүзгөн жер;
5) байланыш маалыматтары: “Товарларды маркалоо” МАМСтан кабарлоолор жөнөтүлүүчү пилоттук долбоордун катышуучусунун телефону жана электрондук почта дареги;
6) пилоттук долбоордун катышуучусунун банк реквизиттери.
28. Жеке кабинетте каттоого арызды иштеп чыгуу жана текшерүү маркалоо оператору тарабынан мындай арыз катталган учурдан тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен маркалоо оператору тарабынан жүргүзүлөт.
29. Арыз ээсине төмөнкү учурларда “Товарларды маркалоо” МАМСта каттоодон баш тартылат, эгерде:
1) арызга кол койгон адамдын фамилиясы, аты жана атасынын аты (бар болсо) арызда көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбесе;
2) арыз ээси “Товарларды маркалоо” МАМСта мурда эле катталган болсо;
3) арызда көрсөтүлгөн арыз ээсине карата маалыматтар жок болсо же ыйгарым укуктуу салык органынын салык төлөөчүлөрүнүн реестриндеги маалыматтар менен шайкеш келбесе.
“Товарларды маркалоо” МАМСта каттоодон баш тарткан учурда оператор ушул Убактылуу жобонун 16-пунктунда каралган мөөнөттө арыз ээсине өзү көрсөткөн электрондук почта дареги боюнча тиешелүү кабарлоо жиберет.
30. Пилоттук долбоордун катышуучусун каттоо жөнүндө арызды текшерүүнүн натыйжасы оң болгон учурда, маркалоо оператору ушул Убактылуу жобонун 16-пунктунда каралган мөөнөттө арыз ээсин “Товарларды маркалоо” МАМСта каттайт, ага жеке кабинетине кирүү мүмкүндүгүн берет жана катталгандыгы жөнүндө кабарлоону арыз ээсинин арызда көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине жиберет.
31. Пилоттук долбоордун катышуучусу же ал ыйгарым укук берген адам (мындан ары – ыйгарым укуктуу адам) квалификациялуу электрондук колтамганы текшерүүчү ачкычтын сертификатын пайдалануу менен “Товарларды маркалоо” МАМСтын жеке кабинетинде авторизацияланат.
32. “Товарларды маркалоо” МАМСтын колдонуучуларын идентификациялоо Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жөнүндө мыйзамдарына да ылайык ишке ашырылат.
5. Идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон товарларды “Товарларды маркалоо” МАМСта каттоо
33. Идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон товарларды каттоо “Товарларды маркалоо” МАМСтын маркаланган товарлардын санариптик каталогунда төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон товарларды өндүрүү – продукцияны (контракттык өндүрүштүн алкагында өндүрүүчүнүн заказы боюнча үчүнчү жактар өндүргөн продукцияны кошо алганда) өндүрүүчүлөр тарабынан;
2) идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары өндүрүүдө – импорттоочулар тарабынан (бул товарлар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөнгө чейин).
34. Идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон товарды каттоо үчүн “Товарларды маркалоо” МАМСка пилоттук долбоордун катышуучусу методикалык сунуштамаларда каралган тартипте катталуучу товар жөнүндө маалыматтарды берет.
6. Пилоттук долбоордун катышуучуларын маркалоо коддору менен камсыз кылуунун тартиби
35. Маркалоо коддорун генерациялоо жана пилоттук долбоордун катышуучуларын маркалоо коддору менен камсыз кылуу “Товарларды маркалоо” МАМС аркылуу акысыз негизде маркалоо оператору тарабынан жүзөгө ашырылат.
36. Идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон товарды идентификациялоо каражаттарынын мүнөздөмөлөрү, анын ичинде маркалоо коддорунун түзүмү жана форматы методикалык сунуштамалар менен бекитилет.
37. “Товарларды маркалоо” МАМСка киргизүү үчүн идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон товарды агрегациялоо жөнүндө маалыматтарды пилоттук долбоордун катышуучулары тарабынан “Товарларды маркалоо” МАМСка берүүнүн тартиби методикалык сунуштамалар менен регламенттелет.
38. Идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон товарга идентификациялоо каражаттарын түзүү жана түшүрүү тартиби методикалык сунуштамалар менен регламенттелет.
39. Маркалоо коддорун түшүрүү жана эсептөө үчүн пайдаланылуучу жабдууларга талаптар методикалык сунуштамалар менен бекитилет.
40. “Товарларды маркалоо” МАМС маркалоонун генерацияланган коддору жөнүндө маалыматты 6 жылдын ичинде сактоону жүзөгө ашырат.
41. Идентификациялоо каражаты башка салык төлөөчүгө/тышкы экономикалык иштин субъектине/пилоттук долбоордун катышуучусуна берилүүгө жана алар тарабынан пайдаланылууга тийиш эмес.
| Кыргыз Республикасында пилоттук долбоордун алкагында товарларды идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркалоо жөнүндө убактылуу жобого 1-тиркеме |
Форма
|
| _______________________________________ _______________________________________ (Ишкердик субъекттин толук аталышы, СИН) |
20___-ж. “___” _________ |
| № ________ |
“Товарларды маркалоо” пилоттук долбооруна катышуу жөнүндө билдирүү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 20___-жылдын “___” ___________ № ___________ токтомуна ылайык
____________________________________________________________
(Аймактык салык органынын/ведомстволук бажы органынын аталышы)
Кыргыз Республикасында товарлардын айрым түрлөрүн идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорго (“Товарларды маркалоо” долбоору) катышууга чакырат.
“Товарларды маркалоо” долбоору жөнүндө кошумча маалыматты алуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтына (www.sti.gov.kg) кайрылууга же __________________________ (телефон номери) телефону боюнча чалууга болот.
Аймактык салык органынын/ведомстволук бажы органынын жетекчиси | _______________ | _________________ |
| (Колу) | (Ф.А.А.) |
| Кыргыз Республикасында пилоттук долбоордун алкагында товарларды идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркалоо жөнүндө убактылуу жобого 2-тиркеме |
Форма
|
| _______________________________________ _______________________________________ (Аймактык салык органынын/ведомстволук бажы органынын аталышы) |
20___-ж. “___” ___________ | № ______ |
“Товарларды маркалоо” долбооруна катышууга макулдугун ырастоо
Кыргыз Республикасында товарлардын айрым түрлөрүн идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорго (“Товарларды маркалоо” долбоору) катышуу жөнүндө 20___-жылдын “___” ______________ № ______ билдирүүгө
____________________________________________________________
(Ишкердик субъекттин аталышы)
“Товарларды маркалоо” долбооруна катышууга даярдыгымды (даярдыгын) билдирем (билдирет) жана Кыргыз Республикасында пилоттук долбоордун алкагында товарларды идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркалоо жөнүндө убактылуу жобонун ченемдерин сактоого милдеттенме алам (алат).
Ишкердик субъекттин жетекчиси |
_________________________________ (Ф.А.А., колу) |
М.О.