Загрузка документа…
| 3-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 128 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Републикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы "Студенттик стартап" пилоттук программасын ишке ашырууну координациялоо боюнча кеңеш жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы "Студенттик стартап" пилоттук программасын ишке ашырууну координациялоо боюнча кеңештин (мындан ары - Кеңеш) статусун, аны түзүү жана ишин уюштуруу тартибин аныктайт.
2. Кеңеш "Студенттик стартап" пилоттук программасын (мындан ары - программа) ишке ашыруу боюнча иштерди координациялоо максатында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы кеңешме орган болуп саналат.
3. Кеңештин негизги милдети болуп программага катышкан Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында (мындан ары -ЖОЖ) стартап-долбоорлордун конкурстарын өткөрүү боюнча маселелерди координациялоо, ЖОЖдордун окуучуларынын (мындан ары - окуучулар) арасынан конкурстун жыйынтыгы боюнча стартап-долбоорлору тандалып алынган конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмесин бекитүү саналат.
4. Кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Кеңештин функциялары жана укуктары
5. Кеңеш:
1) программаны жыл сайын каржылоонун көлөмүн аныктайт;
2) студенттик стартап-долбоорлорду тандоо боюнча конкурс өткөрүү үчүн көз карандысыз эксперттик комиссиянын курамын аныктайт;
3) программага катышуучу стартап-долбоорлордун конкурсун өткөрүүгө байланышкан маалыматтарды угат жана тиешелүү чечимдерди кабыл алат;
4) стартап-долбоорлордун конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн тизмесин бекитет жана грант формасында каржылоону бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алат;
5) стартап-долбоорлорду ишке ашыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетторду карайт.
6. Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде актуалдуу маселелерди кароо боюнча жумушчу топторду түзүүгө жана өзүнүн ишине улуттук жана эл аралык эксперттерди тартууга;
3) мамлекеттик органдардан жана уюмдардан мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды камтыган документтерди кошпогондо, өзүнө жүктөлгөн фуикцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте суроого жана алууга;
4) зарылдыгына жараша өзүнүн иши жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий веб-сайтына жайгаштырууга, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого.
Көңүл буруңуздар! Ушул Жобонун 6-пунктунун пунктчаларынын номерлери кагаз түрүндөгү түп нускасына туура келет.
3. Кеңештин курамы жана аны түзүүнүн тартиби
7. Кеңеш Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан бир жылдык мөөнөткө түзүлөт.
8. Кеңештин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы саналат.
9. Кеңештин курамына тиешелүү мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын, Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун өкүлдөрү, ишкердик маселелеринде тажрыйбасы жана билими бар, Кеңештин ишинин негизги маселелерин тейлеген коомчулуктун өкүлдөрү кирет.
10. Кеңештин мүчөлөрүнүн биринин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кеңештин жаңы мүчөсүн дайындайт, анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Кеңештин башка мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү менен бир убакта аяктайт.
11. Кеңештин мүчөлөрү өзүнүн ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
4. Кеңештин ишин уюштуруу
12. Кеңештин ишинин негизги формасы болуп Кеңештин жыйналыштары саналат.
13. Кеңеш ушул Жобо менен жөнгө салынбаган бардык маселелер боюнча өз ишинин регламентин аныктайт.
14. Кеңештин ишин маалыматтык жана документтик камсыздоо, ошондой эле Кеңештин жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзүү катчылык тарабынан жүзөгө ашырылат. Катчылыктын функциялары Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жүктөлөт, анын жетекчисинин орун басары Кеңештин катчысы болуп саналат.
15. Кеңештин чечими жыйналышка катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, протокол менен таризделет.
16. Кеңештин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий веб-сайтында өзүнүн бөлүмү бар.
5. Кеңештин ишин материалдык-техникалык камсыздоо
17. Кеңештин ишин материалдык-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылат.
18. Кеңештин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, тартылган каражаттардын эсебинен да каржыланышы мүмкүн.