Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы N 564 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-февралы № 104
Иштетилбеген же одоно майдаланган, таарып кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу, чарчы формадагы блокторго же такталарга бөлүнгөн акиташ-ракушечникти Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн же казып алынган иштетилбеген же одоно майдаланган, таарып кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу, чарчы формадагы блокторго же такталарга бөлүнгөн акиташ-ракушечникти (ЕАЭБ ТЭИ ТН 251511 000 0 жана 251512 000 0 коддору менен классификациялануучу) Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда аталган товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 430 "Иштетилбеген же одоно майдаланган, таарып кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу, чарчы формадагы блок же такталарга бөлүнгөн акиташ-ракушечникти Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 10-мартындагы № 18 (3467) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |