Сравнение редакций…
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-декабрындагы N 671 токтомунун) |
2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине (мындан ары - жабыр тарткан ишкерлер) келтирилген зыяндын ордун толтуруу механизмин белгилейт.
2. Ушул Тартип төмөнкүдөй ишкердик субъекттерге жайылтылбайт:
1) мамлекеттик жана/же муниципалдык менчик үлүшү бар;
2) май куюучу станцияларды эксплуатациялоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу;
3) 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуудан кийин жабыр тарткан объекттерге жеке менчик укугун алган же жабыр тарткан объекттин менчик укугун ажыратууну жүзөгө ашырган.
2. Зыяндын өлчөмүн баалоо
3. Жабыр тарткан ишкерлерге келтирилген зыян, ошондой эле Жабыр тарткан ишкерлердин тизмеси Баткен облусунун райондук мамлекеттик администрациялары түзгөн ведомстволор аралык топтордун актылары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн акты менен аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгы менен түзүлгөн Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын чечими менен бекитилет.
3. Жабыр тарткан ишкерлерди аныктоо тартиби
4. Төлөмдү (компенсацияны) алуу үчүн жабыр тарткан ишкерлер Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1) компенсация төлөө жөнүндө арызды;
2) жарандын инсандыгын ырастоочу документти (паспортту) же жабыр тарткан ишкердин кызыкчылыктарын коргоо укугун ырастоочу нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документти (ишеним катты);
3) экономикалык ишти жүргүзүү боюнча салыктык жана (же) эсептик каттоо жөнүндө салык органынын маалымкатын;
4) патенттин көчүрмөсүн же Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык ишкердик субъекттер тарабынан салыктардын төлөнгөндүгү жөнүндө салык органынан көчүрмөнү;
5) экономикалык иш субъектинин банк эсебинин реквизиттерин.
5. Жабыр тарткан ишкерлердин тизмеси - бул Баткен облусунун райондук мамлекеттик администрациялары түзгөн ведомстволор аралык топтордун актысы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн актысы менен ырасталган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгы менен түзүлгөн Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын чечими менен бекитилген 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуунун кесепетинен материалдык зыян тарткан Баткен облусунун ишкер субъекттеринин тизмеси.
6. Жабыр тарткан ишкерлердин тизмесин аныктоо жана зыянынын өлчөмүн ырастоо Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары түзгөн ведомстволор аралык топтор тарабынан камсыз кылынат.
7. Жабыр тарткан ишкерлердин тизмесинде жабыр тарткан ишкердин (же компенсация алуу укугуна нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катта көрсөтүлгөн анын өкүлүнүн) аты-жөнү, паспортунун номери же ыйгарым укуктуу органдан берилген көчүрмөдөгү маалыматтар (жашаган жерин, сом менен төлөнүүчү компенсациянын өлчөмүн көрсөтүү менен) камтылат.
4. Компенсацияларды төлөө булактары
8. Жабыр тарткан ишкерлерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча бир жолку компенсацияны төлөө булактары болуп республикалык бюджеттин каражаттары саналат.
9. Жабыр тарткан ишкерлерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча бир жолку компенсация республикалык бюджеттен улуттук валютада төлөнөт.
5. Компенсацияларды төлөө тартиби
10. Бир жолку компенсациялар ар бир жабыр тарткан ишкерге 300000 (үч жүз миң) сомдон төлөнөт.
11. Бир жолку компенсациялар Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечимдерине ылайык Баткен облусунун казыналыгынын райондук бөлүмдөрү аркылуу төлөнөт.
12. Бир жолку компенсацияны төлөө үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жүктөлөт.
13. Жабыр тарткан ишкерлердин тизмеси жана келтирилген зыяндын өлчөмүн ырастоо үчүн жоопкерчилик Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары тарабынан түзүлгөн ведомстволор аралык топторго жүктөлөт.
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-декабрындагы № 671 токтомунун) |
2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 92 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине (мындан ары - жабыр тарткан ишкерлер) келтирилген зыяндын ордун толтуруу механизмин белгилейт.
2. Ушул Тартип төмөнкүдөй ишкердик субъекттерге жайылтылбайт:
1) мамлекеттик жана/же муниципалдык менчик үлүшү бар;
2) май куюучу станцияларды эксплуатациялоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу;
3) 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуудан кийин жабыр тарткан объекттерге жеке менчик укугун алган же жабыр тарткан объекттин менчик укугун ажыратууну жүзөгө ашырган.
2. Зыяндын өлчөмүн баалоо
3. Жабыр тарткан ишкерлерге келтирилген зыян, ошондой эле Жабыр тарткан ишкерлердин тизмеси Баткен облусунун райондук мамлекеттик администрациялары түзгөн ведомстволор аралык топтордун актылары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн акты менен аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгы менен түзүлгөн Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын чечими менен бекитилет.
3. Жабыр тарткан ишкерлерди аныктоо тартиби
4. Төлөмдү (компенсацияны) алуу үчүн жабыр тарткан ишкерлер Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1) компенсация төлөө жөнүндө арызды;
2) жарандын инсандыгын ырастоочу документти (паспортту) же жабыр тарткан ишкердин кызыкчылыктарын коргоо укугун ырастоочу нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документти (ишеним катты);
3) экономикалык ишти жүргүзүү боюнча салыктык жана (же) эсептик каттоо жөнүндө салык органынын маалымкатын, салыктык жана (же) эсептик каттоосу жок болгон учурда жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан түзүлгөн жарандык коргонуу боюнча райондук комиссиянын актылары менен аныкталган жабыр тарткан ишкерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан экономикалык ишти иш жүзүндө жүргүзүү жөнүндө тиешелүү документтерди алууга, бул документтердин негизинде компенсация алуу үчүн белгиленген тартипте аймактык салык органдарында мамлекеттик каттоодон өтүүгө укуктуу;
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 92 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) ишкердик субъекттин банк эсебинин реквизиттерин.