Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 8-декабры № 671
2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө
2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартиби (мындан ары - Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. "Айыл Банк" жана "РСК Банк" ачык акционердик коомдоруна 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун тургундары жана ишкердик субъекттери (мындан ары - жабыр тарткан ишкерлер) тарабынан 2022-жылдын 15-сентябрына чейин алынган зайымдык каражаттарды белгиленген тартипте эсептен чыгарууну жана реструктуризациялоону жүргүзүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдагы 6-августундагы № 115 "2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык Баткен облусунун жабыр тарткан 76 ишкерине берилген 15200000 (он беш миллион эки жүз миң) сом суммасындагы бюджеттик кредитти эсептен чыгарууну караштырган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгы менен түзүлгөн Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын чечимине ылайык бюджеттик кредитти берүү үчүн каражаттардын жалпы суммасын аныктасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча жабыр тарткан ишкерлерге төмөнкү шарттарда бюджеттик кредитти бөлүп берсин:
зыяндын өлчөмү 4999999 (төрт миллион тогуз жүз токсон тогуз миң тогуз жүз токсон тогуз) сомго чейин болгондо - 1000000 (бир миллион) сомго чейин жана 5000000 (беш миллион) сомдон жогору болгондо - 5000000 (беш миллион) сомго чейин;
пайыздык ставка жылдык - 1 пайыз;
кредитти төлөө мөөнөтү - 3 (үч) жыл, квартал сайын бирдей төлөмдөр менен;
күрөөлүк негизде;
финансылык санкциялар - мөөнөтү өтүп кеткен карыздын суммасына кошуп эсептелүүчү жылдык - 2 пайыз;
карыздын негизги суммасын төлөөгө жана негизги сумма боюнча кошуп эсептелген пайыздык ставка боюнча жеңилдетилген мезгил - 1 (бир) жыл;
3) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тартипке ылайык жабыр тарткан ишкерлерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча бир жолку компенсацияны төлөөнү камсыз кылсын;
4) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 8-декабры № 671
2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 92 токтомунун редакциясына ылайык)
2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартиби (мындан ары - Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. "Айыл Банк" жана "РСК Банк" ачык акционердик коомдоруна 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун тургундары жана ишкердик субъекттери (мындан ары - жабыр тарткан ишкерлер) тарабынан 2022-жылдын 15-сентябрына чейин алынган зайымдык каражаттарды белгиленген тартипте эсептен чыгарууну жана реструктуризациялоону жүргүзүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдагы 6-августундагы № 115 "2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык Баткен облусунун жабыр тарткан 76 ишкерине берилген 15200000 (он беш миллион эки жүз миң) сом суммасындагы бюджеттик кредитти эсептен чыгарууну караштырган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгы менен түзүлгөн Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын чечимине ылайык бюджеттик кредит берүү үчүн каражаттардын жалпы суммасын аныктасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча жабыр тарткан ишкерлерге төмөнкү шарттарда бюджеттик кредит бөлүп берсин:
зыяндын өлчөмү 299999 (эки жүз токсон тогуз миң тогуз жүз токсон тогуз) сомго чейин болгондо - 200000 (эки жүз миң) сомго чейинки суммада бюджеттик кредит;
зыяндын өлчөмү 300000 (үч жүз миң) сомдон 999999 (тогуз жүз токсон тогуз миң тогуз жүз токсон тогуз) сомго чейин болгондо - 700000 (жети жүз миң) сомго чейинки суммада бюджеттик кредит;
зыяндын өлчөмү 1000000 (бир миллион) сомдон 4999999 (төрт миллион тогуз жүз токсон тогуз миң тогуз жүз токсон тогуз) сомго чейин болгондо - 1000000 (бир миллион) сомго чейинки суммада бюджеттик кредит;
зыяндын өлчөмү 5000000 (беш миллион) сомдон 49999999 (кырк тогуз миллион тогуз жүз токсон тогуз миң тогуз жүз токсон тогуз) сомго чейин болгондо - 5000000 (беш миллион) сомго чейинки суммада бюджеттик кредит;
зыяндын өлчөмү 50000000 (элүү миллион) сомдон ашык болгондо - 15000000 (он беш миллион) сомго чейинки суммада бюджеттик кредит;
пайыздык ставка - жылдык 1 пайыз;
кредитти төлөө мөөнөтү - 5 (беш) жыл, квартал сайын бирдей төлөмдөр менен;
300000 (үч жүз миң) сомго чейинки бюджеттик кредит кепилдик менен, ал эми 300000 (үч жүз миң) сомдон ашык күрөөлүк негизде берилет;
финансылык санкциялар - мөөнөтү өткөн карыздын суммасына кошуп эсептелүүчү жылдык 6 пайыз;
карыздын негизги суммасын төлөөгө жана негизги сумма боюнча кошуп эсептелген пайыздык ставка боюнча жеңилдетилген мезгил - 1 (бир) жыл;
бул объект жайгашкан жер боюнча экономикалык иштин жабыр тарткан объектин калыбына келтирүү максатында гана берилет;
3) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тартипке ылайык жабыр тарткан ишкерлерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча бир жолку компенсацияны төлөөнү камсыз кылсын;
4) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 92 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгы менен түзүлгөн Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын чечими менен бекитилген жабыр тарткан ишкерлердин тизмесине ылайык жана 2022-жылдын 17-сентябрын кошо алгандагы мезгилге чейин экономикалык (ишкердик) иштин субъекти катары катталбаган ишкерлерди оперативдүү тартипте тиешелүү мамлекеттик каттоону ишке ашырсын. Каттоону жабыр тарткан ишкер тарабынан берилген ишкердик иш жүргүзгөн жери боюнча айыл өкмөтүнөн 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышууга чейин алардын ишкердик иш жүргүзгөндүгүнүн аныктыгын ырастаган маалымкаттын негизинде жүргүзсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 92 токтомунун редакциясына ылайык)
32. 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттери бюджеттик кредиттерди алууда Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында кредиттик жана күрөөлүк келишимдерди күбөлөндүрүү, ошондой эле бюджеттик кредитти берүүгө байланышкан башка нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн мамлекеттик алымдын нөлдүк ставкасы колдонулат деп белгиленсин.