Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-марты № 152
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагынын жашоочуларын жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участоктору менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 10-ноябрындагы № 01-39/1609 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 12-октябрындагы № 44 токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан 50,0 га, анын ичинен: № 1 (7,27 га), № 2 (18,29 га), № 5 (21,37 га) контурлардагы жалпы аянты 46,93 га Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун кайрак айдоо, ошондой эле № 13 (0,36 га), № 14 (1,30 га), № 15 (1,18 га), № 17 (0,23 га) контурлардагы жалпы аянты 3,07 га жайыт жерлери жеке турак үйлөрдү куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды алып коюуну.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |