Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 156 токтомуна) |
Турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлөлөр жөнүндө автоматташтырылган маалыматтык системаны түзүү жана пайдалануу жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлөлөр жөнүндө автоматташтырылган маалыматтык системаны түзүү жана пайдалануу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлөлөр жөнүндө автоматташтырылган маалыматтык системанын (мындан ары - ТОК АМС) негизги максаттарын, милдеттерин, пайдалануу жана түзүү жана иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
2. ТОК АМС турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлөлөр жөнүндө маалыматтарды чогултуу, сактоо, актуалдаштыруу жана талдоо боюнча негизги процесстерди автоматташтырууну камсыз кылуучу тиешелүү маалыматтык системада электрондук түрдө сакталуучу түзүмдөлгөн маалыматтардын иреттелген жыйындысын билдирет.
3. ТОК АМС мамлекеттик башкаруу органдарынын өз ара, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
4. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
- ТОК АМСтин администратору - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын ТОК АМСтин эксплуатациясын камсыз кылган, ошондой эле бардык деңгээлдеги пайдалануучулардын жеткиликтүүлүк параметрлери боюнча тиешелүү адистерди каттоону жүзөгө ашырган жооптуу адамы;
- ТОК АМСтин ээси - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган;
- ТОК АМСтин жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган, ага "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеке маалыматтардын максаттарын, категорияларын аныктоо жана жеке маалыматтарды чогултууну, сактоону, иштеп чыгууну жана пайдаланууну контролдоо ыйгарым укугу жүктөлгөн;
- ТОК АМСтин модулдары - АМСтин өз алдынча бөлүктөрү же белгилүү бир максаты бар жана ички түзүмгө ээ болгон башка программалык модулдардан автономдуу түрдө иштеп чыгуунун белгиленген функцияларын камсыз кылган АМСтин ички бөлүгүн түзүүчү;
- балдарды коргоо системасынын башкаруу органдары - турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү коргоону камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган, аймактык мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга караштуу балдар иштери боюнча комиссия, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын социалдык маселелер боюнча комиссиялары;
- ТОК АМСти пайдалануучулар - мамлекеттик органдын ТОК АМСке тиешелүү жеткиликтүүлүгү бар жана балдарды жана үй-бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалдан чыгаруу үчүн иш-чараларды жүргүзүүгө жана аткарууга жооптуу болгон тиешелүү мамлекеттик кызматчысы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык кызматчысы.
5. ТОК АМСтин ээси ТОК АМСтин жеке маалыматтар массивин кармоочунун (ээсинин) укуктарын жүзөгө ашырат.
2. ТОК АМСти эксплуатациялоонун максаттары жана милдеттери
6. ТОК АМСтин негизги максаты болуп ТОК АМСтин модулдары аркылуу түзүлгөн маалыматтар боюнча маалыматтарды чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу, издөө, берүү, ошондой эле балдарды жана үй-бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалдан чыгаруу үчүн муктаждыктарды аныктоо, ар тараптуу баалоо, эсепке алуу, калыптандыруу процесстерин автоматташтыруу саналат.
7. ТОК АМСтин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) балдарды коргоо системасынын башкаруу органдарынын ишин автоматташтыруу жана турмуштук оор кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө кызмат көрсөтүүдө маалыматтык коомду калыптандыруунун техникалык жана технологиялык негиздерин өнүктүрүү;
2) турмуштук оор кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү тоскоолдуксуз жана өз убагында берүү үчүн балдарды коргоо системасынын башкаруу органдарынын юридикалык жактар менен натыйжалуу жана туруктуу ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсү;
3) коррупциялык факторлорду четтетүү жана балдарды коргоо системасынын башкаруу органдарынын системасында ачык-айкындуулукту камсыз кылуу;
4) турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү талаптагыдай эсепке алуу;
5) турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлөлөр жөнүндө киргизилген жагдайлардын негизинде баланы коргоо боюнча жекече планды жана үй-бүлө менен жекече иштөө планын түзүүнү автоматташтыруу;
6) ТОК АМСте жайгаштырылган маалыматтардын негизинде статистикалык отчетторду даярдоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, маалыматтарды визуализациялоо, балдарды аныкталган жери боюнча географиялык бөлүштүрүү;
7) ТОК АМСте түзүлгөн модулдар боюнча борборлоштурулган маалыматтар базасын түзүү;
8) балдардын жана үй-бүлөлөрдүн турмуштук оор кырдаалга туш болушунун себептерине мониторинг жүргүзүү;
9) балдарды жана үй-бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалдан алып чыгууну контролдоо.
3. ТОК АМСтин түзүмү жана аны түзүүгө карата талаптар
8. ТОК АМСте төмөнкүлөр боюнча функциялык модулдар берилген:
- турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлөлөр жөнүндө маалымат берүү;
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоо, ар тараптан баалоо;
- баланы коргоо боюнча жеке планды жана үй-бүлө менен жеке иштөө планын түзүү;
- турмуштук оор кырдаалдан балдарды жана үй-бүлөлөрдү чыгаруу иш-чаралары;
- отчеттуулук.
9. Зарыл болгон учурда ТОК АМСтин ээси турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү коргоону камсыз кылуу үчүн ТОК АМСтин жаңы модулдарын иштеп чыгышы жана эксплуатацияга киргизиши мүмкүн.
10. ТОК АМСтин модулдарын толтуруунун шарттары, ырааттуулугу, тартиби жана аларды пайдалануу ТОК АМСтин ээсинин чечими менен аныкталат.
11. ТОК АМСке маалыматтар турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлөлөр аныкталганына жараша реалдуу убакыт режиминде киргизилет.
12. ТОК АМСте жеке мүнөздөгү маалыматтарды жана электрондук документтерди сактоо мөөнөттөрү, электрондук архивдөө тартиби, жеке мүнөздөгү маалыматтарды жана электрондук документтерди сактоо мөөнөтү бүткөндө сактоо орду системанын ээси тарабынан "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө", "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана архив иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген документтерди кабыл алуу, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу эрежелерине ылайык белгиленет.
4. ТОК АМСти пайдалануучулардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
13. ТОК АМСтин ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) балдарды коргоо системасынын башкаруу органдарында ТОК АМСти эксплуатацияга киргизүүгө;
2) ТОК АМСке пайдалануучулардын жеткиликтүүлүгүн каттоо тартибин аныктоого;
3) ТОК АМСке тиешелүү пайдалануучуларга белгилүү мөөнөткө жеткиликтүүлүктү берүүгө жана токтотууга;
4) ТОК АМСти пайдалануу процессин координациялоону жана ага мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылууга;
5) эксплуатациялоо процессинде ТОК АМСти пайдалануучуларга консультациялык колдоо көрсөтүүгө жана окутууга;
6) ТОК АМСтин иштөөсүнүн техникалык шарттарынын өзгөрүшү жөнүндө ТОК АМСти пайдалануучуларга маалымат берүүгө;
7) "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ТОК АМСтин маалыматтар базасында камтылган маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга;
8) ТОК АМСти башка мамлекеттик маалыматтык ресурстар менен электрондук башкаруу жана киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте интеграциялоого;
9) ТОК АМСтин серверлерин администрациялоону жана техникалык тейлөөнү жүргүзүүгө;
10) ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматтар менен алмашууну камсыз кылууга.
14. ТОК АМСтин ээси төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ТОК АМСти пайдалануучулардын кайрылуусунун негизинде ТОК АМСтин программалык камсыздоосуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
2) балдарды коргоо системасынын башка башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын чегинде ТОК АМСтин маалыматтарынын борборлоштурулган базасына жеткиликтүүлүк укугун аныктоого;
3) техникалык тапшырманын негизинде ТОК АМСтин программалык функционалын модификациялоого.
15. ТОК АМСти пайдалануучунун милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) ТОК АМСте турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлөлөр жөнүндө маалыматтарды түзүү;
2) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде ар тараптуу баалоо жүргүзүү;
3) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде ТОК АМСте камтылган маалыматтардын жаңылануусун, толуктугун, тууралыгын туруктуу негизде камсыз кылуу;
4) "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ТОК АМСтин маалыматтар базасында камтылган маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу.
16. ТОК АМСти пайдалануучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) чечимдерди кабыл алуу, саясатты иштеп чыгуу, жергиликтүү деңгээлде пландоо жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн ТОК АМСтин маалыматтарын пайдаланууга;
2) ТОК АМСти жүргүзүү маселелери боюнча ТОК АМСтин ээсинен консультациялык жана техникалык жардам алууга;
3) ТОК АМСтин функционалын толуктап иштеп чыгуу/модификациялоо боюнча ээсине сунуштарды киргизүүгө.
17. ТОК АМСти пайдалануучулар "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ушул Жобонун талаптарын аткарбагандыгы жана ТОК АМСтин маалыматтар базасындагы маалыматтарды мыйзамсыз же санкцияланбаган жайылтуу, ачыкка чыгаруу жана пайдалануу үчүн, ошондой эле логиндин, паролдун жана электрондук санариптик кол тамга кодунун сакталышы жана/же маалыматтар базасында авторизациялоону жүзөгө ашырууда аларды үчүнчү жактарга мыйзамсыз берүү үчүн жоопкерчилик тартат.
5. ТОК АМСте маалыматтарды түзүү жана пайдалануу тартиби
18. ТОК АМСке турмуштук оор кырдаалда турган бала жөнүндө төмөнкү негизги маалыматтар киргизилет:
- фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), жынысы, туулган күнү, жеке идентификациялык номери;
- бала табылган дата, табылган жер (бала табылган жер);
- жашаган жери (бар болсо);
- баланын ата-энесинин, жакын туугандарынын болушу же жоктугу, алардын фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо) жеке идентификациялык номерлери;
- балада майыптыктын болушу же жоктугу;
- социалдык төлөмдөрдүн түрү (багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсия, ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул) (болсо);
- бекитилген турак жай аянты жөнүндө маалымат, башка мүлктүн тизмеси (бар болсо);
- баланын укуктук статусу;
- баланын муктаждыгын калыптандыруу үчүн зарыл болгон башка маалыматтар (маалымат толук эмес жана баланын муктаждыгына жараша толукталышы мүмкүн).
19. Ушул Жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн бала жөнүндө маалымат маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө түзүлгөн макулдашуулардын негизинде ТОК АМСтин маалыматтарын балдарды коргоо системасынын башка башкаруу органдары менен алмашуу жолу менен киргизилиши мүмкүн.
20. Базага катталган баланын турмуштук шарттары (статусу, туугандарынын болушу, баланын келген жери, тиешелүү документтерди алуусу, майыптыгын аныктоо, социалдык төлөмдөр, мүлктүн болушу, баланын интернат тибиндеги балдар мекемесинен чыгып кетиши жана башкалар) өзгөргөндүгү тууралуу маалымат алынган күндөн тартып ТОК АМСке киргизилет.
Ар тараптуу баалоо жүргүзүүнү, балдарды жана үй-бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалдан чыгаруу боюнча иш-чараларды түзүүнү талап кылбаган жагдайлар аныкталган учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү менен макулдашуу боюнча иш токтотулат, мында балдар жана үй-бүлөлөр жөнүндө жеке маалыматтар ТОК АМСте калат.
21. Зарыл болгон учурда балдар жана үй-бүлөлөр жөнүндө жеке маалыматтар басып чыгарылат жана басып чыгаруу датасын көрсөтүү менен баланын өздүк делосунда сакталат.
22. Турмуштук оор кырдаалда турган жана каттоо жана эсепке алуу объектиси болгон балдар жана үй-бүлөлөр жөнүндө киргизилген жагдайлардын негизинде ТОК АМС автоматтык режимде баланы коргоо боюнча жеке планды жана үй-бүлө менен жеке иштөө планын түзөт.
23. Отчеттуулук боюнча ТОК АМСтин маалыматтык модулу төмөнкү статистикалык маалыматтарды камтыйт:
- гендердик аспектти эске алуу менен турмуштук оор кырдаалда тургандыгы аныкталган балдардын жана үй-бүлөлөрдүн, анын ичинде майыптыгы бар балдардын жана мигрант ата-энелердин балдарынын саны;
- статусу жана турмуштук оор кырдаалга кабылуунун себеби;
- аныкталган жери боюнча балдарды жана үй-бүлөлөрдү визуализациялоо жана географиялык бөлүштүрүү;
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү чыгаруу боюнча иш-чараларды аныктоонун жана аткаруунун натыйжалары;
- мониторингдин болушу;
- республика боюнча жалпыланган статистикалык отчет.
6. Катышуучулардын ТОК АМС системасына жеткиликтүүлүгү
24. Катышуучулардын ТОК АМС системасына жеткиликтүүлүгү ээси тарабынан белгилүү мөөнөткө логинди жана паролду генерациялоо жолу менен ТОК АМСти пайдалануучулардын жеткиликтүүлүгүн каттоонун аныкталган тартибине ылайык жүзөгө ашырылат.
25. ТОК АМСтин маалымат ресурстарына жеткиликтүүлүгү төмөнкүдөй түрдө жүзөгө ашырылат:
1) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга, борбордук балдарды коргоо системасынын башкаруу органдарына маалыматтарды түзөтүү мүмкүнчүлүгүн бербестен бүткүл республика боюнча балдардын жана үй-бүлөлөрдүн жеке маалыматтарына;
2) балдарды коргоо системасынын башкаруу органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө балдардын жана үй-бүлөлөрдүн жеке маалыматтарына маалыматтарды түзөтүү мүмкүнчүлүгү жок чечимдерди кабыл алуу жана аткаруу үчүн.
26. ТОК АМСке жеткиликтүүлүктү алуу үчүн пайдалануучулар ээсине төмөнкү маалыматтарды киргизиши керек:
- мамлекеттик органдын аталышы жана салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СИН);
- дареги жана балдарды коргоо системасынын башкаруу органдарынын аймактык бөлүмү;
- адистин фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо) жана идентификациялык жеке номери (ИЖН);
- кызмат орду.
27. Жеке маалыматтарды пайдалануучулар ТОК АМСте катталгандан кийин токтоосуз кирүүгө мүмкүнчүлүк алат.
7. Турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлөлөр жөнүндө маалыматтын купуялуулугу
28. ТОК АМСтин маалыматтары купуя мүнөздөгү маалымат болуп саналат жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык корголууга тийиш.
29. ТОК АМСтин маалыматын коргоо ТОК АМСти пайдалануучулардын пайдалануу укуктарын чектөө механизми аркылуу жүзөгө ашырылат.
Турмуштук оор кырдаалда турган балдардын жеке маалыматтары жөнүндө маалыматтар ТОК АМСте алар 28 (жыйырма сегиз) жашка чыкканга чейин сакталат.
30. Балдарды коргоо системасынын башкаруу органдары турмуштук оор кырдаалда турган балдар жөнүндө купуя маалыматты "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органдарга берет.
31. Кызматтык абалына байланыштуу балдардын жана үй-бүлөлөрдүн жеке маалыматтарын алууга мүмкүнчүлүгү бар адамдар "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жашыруун маалыматты мыйзамсыз таратуу жана пайдалануу үчүн жоопкерчилик тартат.