Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 169 токтомуна) |
Трансчек аралык (тышкы) электрондук сооданын алкагында жеке жактар тарабынан андан ары сатып алуу максатында Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү товарларга карата бажы кампасынын бажы жол-жобосун колдонуу менен бажы операцияларын жүргүзүү боюнча эксперимент жүргүзүү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо трансчек аралык (тышкы) электрондук сооданын алкагында жеке жактар тарабынан андан ары сатып алуу максатында Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү жана эл аралык почта жөнөтмөлөрү менен жиберилүүчү товарларга карата бажы кампасынын бажы жол-жобосун колдонуу менен почта байланышынын дайындалган оператору (мамлекеттик үлүш катышкан чарбалык коом) менен бажы операцияларын жүргүзүү боюнча эксперимент жүргүзүүнүн тартибин аныктайт, буга төмөнкүлөр кирбейт: 1) акциздик товарлар; 2) бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктер, тарифтик квоталар, тарифтик преференциялар колдонулган товарлар; 3) атайын коргоо, демпингге каршы, компенсациялык чаралар жана (же) ички рынокту коргоонун башка чаралары белгиленген товарлар (мындан ары - товарлар, эксперимент), аны өткөрүү орду Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2021-жылдын 5-апрелиндеги № 7 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде товарлардын тышкы электрондук соодасы чөйрөсүндө пилоттук долбоорду (экспериментти) жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" тескемесине ылайык.
2. Эксперимент бажы кампасынан экспериментке катышкан товарларды берүү максатында жеке жак сатып алгандан кийин, мындай кампанын бажы жол-жобосун колдонуу менен электрондук соода оператору тарабынан бажы операцияларын жүргүзүүнү апробациялоо максатында "Интернет" маалыматтык-телекоммуникациялык тармагын пайдалануу менен жана төмөнкүдөй бажы жол-жобосуна жайгаштырууда жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүү үчүн Бажы бирлигинин комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы № 257 "Товарларга декларациянын формасы жана аны толтуруу тартиби жөнүндө" чечими менен белгиленген форма боюнча товарларга декларацияны андан ары берүү менен товарларга декларацияны бергенге чейин товарларды чыгаруу жөнүндө арыздын негизинде ички керектөө үчүн чыгаруу;
- Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары жеткирүү үчүн Бажы бирлигинин комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы № 257 "Товарларга декларациянын формасы жана аны толтуруу тартиби жөнүндө" чечими менен белгиленген форма боюнча товарларга декларацияны берүү менен реэкспорттоо;
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө башка мамлекеттин аймагына жеткирүү үчүн Бажы бирлигинин комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 289 "Транзиттик декларацияны толтуруу формасы жана тартиби жөнүндө" чечими менен белгиленген форма боюнча бажы транзити.
3. Эксперимент почта байланышынын дайындалган операторунун (мамлекеттик үлүш катышкан чарбалык коом) эл аралык почта алмашуу жайларында жайгашкан бажы кампаларында жүргүзүлөт.
Эксперимент жүргүзүлүп жаткан бажы кампалары "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 222-беренесинде белгиленген аларды ыңгайлаштырууга жана жабдууга карата талаптарга ылайык келүүгө, бажы кампасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган бардык товарларды карап чыгуу үчүн жетиштүү болгон текшерүүгө чейинки рентген техникасы менен жабдылууга тийиш.
4. Электрондук соода операторлору квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 5ине чейин бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бажы кампасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган жана эксперименттин алкагында ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна ылайык чыгарылган электрондук соода товарларынын саны жөнүндө отчет берет.
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 15ине чейин экономика жана коммерция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга экспериментти жүргүзүүнүн жүрүшү жөнүндө отчет жиберет.
Отчеттор экспериментке катышкан ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна ылайык чыгарылган товарлардын саны, экспериментке катышкан жана бажы кампасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлардын жалпы санынан алардын салмагы жана бажы наркы жөнүндө маалыматты камтууга тийиш.
5. Эксперимент Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн тиешелүү эл аралык келишимдер жана актылар күчүнө киргенге чейин жүргүзүлөт.
2. Бажы жол-жоболорун колдонуунун өзгөчөлүктөрү
6. Экспериментке катышкан товарларды бажы кампасынын бажы жол-жобосуна жайгаштыруу оператор тарабынан Бажы бирлигинин комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы № 257 "Товарларга декларациянын формасы жана аны толтуруу тартиби жөнүндө" чечимине ылайык толтурулган товарларга декларацияны пайдалануу менен жүзөгө ашырылат.
7. Оператор тарабынан бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга экспериментке катышкан товарлар Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү жана Кыргыз Республикасынан ташылып чыгуучу эл аралык почта жөнөтмөлөрүнүн уникалдуу номерлери (Дүйнөлүк почта бирлигинин техникалык стандарттар жыйнагынын S10 стандартына ылайык келген жазуу жүзүндөгү кат-кабарлардын жана жөнөтмөлөрдүн уникалдуу 13 белгиден турган тамга-цифралык идентификатору) жөнүндө маалымат берилет.
8. Экспериментке катышкан товарларды эл аралык почта жөнөтмөлөрү менен жиберүүдө эл аралык почта жөнөтмөлөрүн коштогон Дүйнөлүк почта бирлигинин актыларында каралган CN 23 декларацияларында бажы кампасынан товарларды алып чыгууда жеке жак товарларды алуучу болуп көрсөтүлөт.
9. Бажы кампаларында турган товарларга карата бажы кампасынын бажы жол-жобосунун колдонулушу Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин (мындан ары - Бирликтин кодекси) 157-беренесине ылайык бул бажы жол-жобосунун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин аяктайт:
1) экспериментке катышкан товарларды Бирликтин кодексинин 20-главасына ылайык ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштыруу;
2) экспериментке катышкан товарларды Бирликтин кодексинин 32-главасына ылайык реэкспорттун бажы жол-жобосуна жайгаштыруу;
3) экспериментке катышкан товарларды Бирликтин кодексинин 161-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктчасына ылайык транзиттин бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу;
4) эксперимент жүргүзүлүп жаткан бажы кампасы иштеген региондогу бажы органы тарабынан авариянын же ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында экспериментке катышкан товарлардын жок болуу жана (же) кайтарылгыс жоголуу фактысын же болбосо ташуунун (транспортировкалоонун) жана (же) сактоонун ченемдүү шарттарында табигый азаюунун натыйжасында алардын кайтарылгыс жоголуу фактысын таануу.
10. Чет өлкөлүк интернет-аянтчадан Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган жеке адам экспериментке катышкан жана бажы кампасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн жасагандыгы жөнүндө маалымат алгандан кийин оператор ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна ылайык товарларга декларация берилгенге чейин товарларды чыгарууга байланыштуу бажы операцияларын Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2021-жылдын 14-сентябрындагы № 81 "Товарларга декларация берилгенге чейин чыгарууга билдирилиши мүмкүн болгон товарлардын категориясы жөнүндө" чечимине ылайык Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2017-жылдын 13-декабрындагы № 171 "Товарларга декларация берилгенге чейин товарларды чыгаруу жөнүндө арыз тууралуу" чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтардын көлөмүндө арызды колдонуп, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2021-жылдын 3-августундагы № 95 "Декларациялоо Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде товарларды тышкы электрондук соода жаатында пилоттук долбоорду (экспериментти) жүргүзүүнүн алкагында жүзөгө ашырылуучу товарларга карата товарларга декларация берилгенге чейин товарларды чыгаруу жөнүндө арызды толтуруунун өзгөчөлүктөрү тууралуу" чечими менен белгиленген аны толтуруунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүргүзөт.
Ушул пункттун биринчи абзацында каралган арыз оператор тарабынан берилет жана экспериментке катышкан жана жеке жак тарабынан бир чет өлкөлүк интернет-аянтчадан сатып алынган, бир почта жөнөтмөсүндө жиберилүүчү жана эл аралык почта алмашуунун бир жеринде жайгашкан бажы кампасында жайгаштырылган товарларга карата маалыматтарды камтууга тийиш.
11. Чет өлкөлүк интернет-аянтчадан Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болуп саналбаган мамлекеттин жеке адамы тарабынан экспериментке катышкан жана бажы кампасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды сатып алуу-сатуу бүтүмдөрү жасалгандыгы жөнүндө маалымат алынгандан кийин оператор реэкспорттун бажы жол-жобосуна ылайык товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзөт.
12. Чет өлкөлүк интернет-аянтчадан Евразия экономикалык бирлигине мүчө башка мамлекеттин жеке адамы тарабынан экспериментке катышкан жана бажы кампасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды сатып алуу-сатуу бүтүмүн жасагандыгы жөнүндө маалымат алынгандан кийин оператор Бирликтин кодексинин 161-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктчасына ылайык бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды чыгарууга байланыштуу бажы операцияларын жүргүзөт.
13. Ушул Жобонун 10, 11-пункттарында көрсөтүлгөн товарларга декларацияны берүү Бажы бирлигинин комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы № 257 "Товарларга декларациянын формасы жана аны толтуруу тартиби жөнүндө" чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтардын жана Дүйнөлүк почта бирлигинин актыларында каралган документтердеги маалыматтардын көлөмүндө электрондук түрдө жүзөгө ашырылат.
14. Ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн товарларга декларацияны берүү Бажы бирлигинин комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 289 "Транзиттик декларацияны толтуруу формасы жана тартиби жөнүндө" чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтардын жана Дүйнөлүк почта бирлигинин актыларында каралган документтердеги маалыматтардын көлөмүндө электрондук түрдө жүзөгө ашырылат.
15. Экспериментке катышкан товарларды бажы кампасынын, ички керектөө үчүн чыгаруунун, реэкспорттун жана бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырууда Бирликтин кодексинин 52-главасына ылайык бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды коргоо боюнча чаралар колдонулбайт.
3. Корутунду жобо
16. Ушул Жобону ишке ашыруу максатында бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган электрондук соода товарларын бажы жол-жоболоруна киргизүү жана чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартибин бекитет.
Электрондук соода операторлору тарабынан бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте өз ара аракеттенүүнүн тиешелүү технологиялык схемалары иштелип чыгат, алар бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.