Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 647 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-марты № 171
2022-жылдын 28-майында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин ортосундагы Биологиялык материалдар менен алмашуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2022-жылдын 28-майында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин ортосундагы Биологиялык материалдар менен алмашуу жөнүндө расмий тилде тиркелген макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 26 (3475) жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |