Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-марты № 160
"Долбоордук офис" мамлекеттик мекемесин жоюу жөнүндө
Мамлекеттик мекемелердин ишин оптималдаштыруу жана мамлекеттик органдардын бири бирин кайталаган функцияларын жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-98-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Долбоордук офис" мамлекеттик мекемеси жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюу комиссиясын түзсүн жана "Долбоордук офис" мамлекеттик мекемесин жоюуга байланышкан чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 24-25 (3473-3474) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |