Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-марты № 124
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Чаткал айыл аймагындагы "Беш-Арал" мамлекеттик коругунун аймагында жайгашкан жерлерди "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Жалал-Абад облусунда застава куруу жана автомобиль жолун реконструкциялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017-жылдын 21-сентябрындагы № 02/1-04/2426 корутундусун жана Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 11-сентябрындагы № 45 токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Чаткал айыл аймагындагы "Беш-Арал" мамлекеттик коругунун аймагында жайгашкан жалпы аянты 200,0 га жер (анын ичинен: айдоо аянты 1,20 га; чөп чабыктар 1,0 га; жайыт 114,25 га; токойлор 67,90 га; бадалдар 1,0 га; курулуштар алдындагы 1,30 га; башка жерлер 12,35 га) застава куруу жана жолду реконструкциялоо үчүн "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун жана алынбай калган пайданын наркын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөөнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- "Мурас-Синтез" жоопкерчилиги чектелген коому менен биргеликте "Беш-Арал" мамлекеттик коругунун аймагында аныкталган 3 тарыхый-маданий мурас объектин сактоону;
- "Беш-Арал" мамлекеттик коругунун аймагынан чыгып жаткан аянты 200,0 га жер участокторунун экспликациясын даярдоону;
- "Беш-Арал" мамлекеттик коругуна жанаша жаткан жерлерден компенсация катары аянты 200,0 га жер участогун бөлүп берүүнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 742 токтомуна ылайык ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ