Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-апрели № 180
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
- жогоруда аталган тиркеменин эскертүүсүнүн 4-пунктунун биринчи абзацындагы "буга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кирбейт, анда" деген сөздөр "буга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги кирбейт, аларда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом штаттык сандын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги үчүн каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги:
- бир айлык мөөнөттө түзүмүн жана штаттык санын ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 7-апрелиндеги № 28 (3477) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |