Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-апрели № 185
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № 414 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № 414 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын концепциясын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2024-жылдарга иш-аракеттеринин планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-аракеттер планын өз убагында жана белгиленген мөөнөттө так аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
- ай сайын отчеттук айдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Иш-аракеттер планын аткаруу жөнүндө маалыматты талдоо жана жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ай сайын отчеттук айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө аналитикалык катты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № 414 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө" Жарлыгынын 2-пунктун ишке ашыруу боюнча уюштуруу жана практикалык чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик 2023-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жобосун, түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитсин.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясы менен бирдикте 2023-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын убактылуу жобосун, түзүмүн жана штаттык расписаниесин иштеп чыксын жана бекитсин.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте:
- "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ушул токтомдон келип чыккан жоболорду эске алуу менен өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- Иш-аракеттер планында каралган иш-чараларды толук жана өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
8. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районун социалдык-экономикалык өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга бөлүнүүчү каражаттардын суммасын пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилинде жыл сайын 190000000 (жүз токсон миллион) сомго чейин жеткирсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 7-апрелиндеги № 28 (3477) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |