Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 6-апрели № 192
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Катраң айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Катраң айыл аймагынын калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 21-июнундагы корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 13-июнундагы № 15 токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жалпы аянты 107,0 га мамлекеттик менчикте турган жана Баткен облусунун Лейлек районунун Катраң айыл аймагында жайгашкан № 404 контурундагы 49,0 га жайыт, № 405 контурундагы 2,1 га көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер, № 406 контурундагы 0,5 га көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер, № 409 контурундагы 2,7 га көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер, № 411 контурундагы 2,8 га көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер, № 420 контурундагы 13,4 га көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер, № 420 контурундагы 36,5 га (34,5 га көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер, 2 га канал-коллектор (башка жерлер) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерлерди эсепке алуучу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |