Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 193 токтомуна) |
Бассейндик кеңеш жөнүндө типтүү жобо
1. Жалпы жоболор
1. Бассейндик кеңеш (мындан ары - Кеңеш) башкы бассейндеги суу ресурстарын пайдалануу, коргоо жана өнүктүрүү боюнча маселелерди чечүүчү өкүлчүлүктүү орган болуп саналат.
2. Кеңешти түзүүнүн максаты белгилүү бир башкы бассейндин чектеринде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана суу пайдалануучулардын суу ресурстарын пайдалануу, коргоо жана өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ишин координациялоо болуп саналат.
3. Кеңештин төрагасы (мындан ары - Төрага) бир эле убакта бассейндик суу администрациясынын начальниги болуп саналат, анын функцияларын суу ресурстарын коргоо жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү ишке ашырат. Төраганын орун басары Кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен шайланат.
4. Тиешелүү бассейндик суу администрациясы Кеңештин катчылыгынын функцияларын ишке ашырат. Ар бир Кеңешке бассейндик суу администрациясынын, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдын, өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик органдын, гидрометеорология боюнча мамлекеттик органдын, гидрогеология боюнча мамлекеттик органдын, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык органдын аймактык түзүмдөрүнүн ошол башкы бассейнде иш жүргүзүүчү өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана суу пайдалануучулар ассоциацияларын кошо алганда, сууну пайдалануучулардын өкүлдөрү кирет.
5. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Суу кодексин, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Кыргыз Республикасынын Президентинин "Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" (мындан ары - Улуттук кеңеш) Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Типтүү жобону жетекчиликке алат.
6. Кеңеш өз ишинде Улуттук кеңештин катчылыгы, мамлекеттик органдардын жана административдик ведомстволордун аймактык түзүмдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдардын жана суу пайдалануучулардын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенет.
2. Кеңештин негизги милдеттери, функциялары
7. Кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- суу ресурстарын өнүктүрүү, пайдалануу жана коргоо боюнча бассейндик планды (бассейндик план) иштеп чыгуу жана Улуттук кеңешке берүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү ушул типтүү жобонун негизинде Кеңештин иши боюнча жол-жоболук эрежелердин долбоорун даярдоо;
- башкы бассейндин ичиндеги суу секторунун ишин координациялоо;
- ирригация жана дренаж боюнча бассейндик жана жергиликтүү комиссиялардын курамдарын бекитүү.
8. Кеңештин функциялары:
- бассейндик пландын долбоорун иштеп чыгууну уюштурат жана Улуттук кеңештин кароосуна жана бекитүүсүнө киргизет;
- ар бир беш жылда бассейндик планды кайра карайт жана аны Улуттук кеңештин кароосуна киргизет;
- Кеңештин иши боюнча жол-жоболук эрежелердин долбоорун иштеп чыгат жана аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна жана бекитүүсүнө киргизет;
- белгилүү бир башкы бассейндин чектеринде суу ресурстарын пайдалануу, коргоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана суу пайдалануучулардын ишин координациялайт;
- суу ресурстарын пайдалануу, коргоо жана өнүктүрүү максатында белгилүү бир башкы бассейндин чектеринде экономикалык жана социалдык өнүктүрүү программаларына карата сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгат;
- белгилүү бир башкы бассейндин чектеринде сууну пайдалануу жана сууну керектөө менен алектенген юридикалык жана жеке жактар үчүн суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо маселелери боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды даярдайт;
- белгилүү бир башкы бассейндин чектеринде суу ресурстарын пайдалануу, коргоо жана өнүктүрүү чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди биргелешип талкуулоону өткөрөт;
- суу мамилелери чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоону өткөрүүнү уюштурат;
- суу ресурстарын пайдалануу, коргоо жана өнүктүрүү маселелери боюнча калкка маалымат берүүгө көмөк көрсөтөт;
- Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу органдардын: комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишин координациялайт;
- Кеңештин иши жөнүндө отчетторду даярдайт жана Улуттук кеңешке берет.
3. Кеңештин укуктары
9. Кеңеш төмөнкүдөй документтерди жана материалдарды кароого укуктуу:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын белгилүү бир башкы бассейндин чектеринде суу ресурстарынын жана сууну пайдалануунун абалы жана алардын суу ресурстарын пайдалануу, коргоо жана өнүктүрүү жаатындагы иштери жөнүндө отчетторун;
- суу ресурстарын пайдалануу, коргоо жана өнүктүрүү боюнча бассейндик пландын долбоорлорун жана аны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө материалдарды;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын белгилүү бир башкы бассейндин чектеринде суу ресурстарын пайдалануу, коргоо жана өнүктүрүү боюнча пландарын;
- Кеңештин жумушчу органдарынын: комиссияларынын жана жумушчу топторунун ишинин белгилүү бир башкы бассейндин чектеринде суу ресурстарын пайдалануу, коргоо жана өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча материалдарды.
4. Кеңештин ишин уюштуруу
10. Кеңештин иши жыйналыштар түрүндө ишке ашырылат. Кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт жана эгерде ага анын курамынын 2/3төн кем эмес мүчөлөрү катышса укуктуу деп таанылат. Кеңештин мүчөлөрү өзүнүн иши үчүн сый акы алышпайт.
11. Кеңештин иши Кеңештин мүчөлөрү менен макулдашылган жана Төрага бекиткен иш планына, күн тартибине жана мөөнөттөргө ылайык катчылык тарабынан уюштурулат.
12. Кеңештин ишинин регламенти ал тарабынан өз алдынча аныкталат жана Төрага тарабынан бекитилет. Жыйналыштар өткөрүлүүчү жер Төрага тарабынан аныкталат.
13. Кеңештин мүчөлөрүнө кезектеги жыйналыш өткөрүлүүчү дата, жер жана күн тартиби жөнүндө аны өткөрүүгө чейин 15 жумуш күндөн кечиктирбестен кабарланат.
14. Кеңештин жыйналышынын күн тартибин түзүү үчүн негиз болуп Улуттук кеңештин катчылыгынын тапшырмалары, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана Төрага тарабынан жактырылган же Кеңештин көпчүлүк мүчөлөрүнүн колдоосун тапкан Кеңештин мүчөлөрүнүн сунуштары саналат.
15. Зарыл болгон учурларда Кеңештин жыйналышына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана суу пайдалануучулардын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
16. Кеңештин чечимдери ачык добуш берүү жолу менен катышуучулардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протоколдор менен таризделет, ага Төрага кол коёт. Кеңештин анын чечимине макул эмес мүчөлөрү өзгөчө пикирин билдириши мүмкүн, ал жыйналыштын протоколуна киргизилет.
17. Добуштар тең болгон учурда Төрага добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.