Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 6-апрели № 198
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 730 "Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринин талаптарын Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) техникалык регламентинин талаптарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 730 "Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринде:
- 332-пункт "техникалык каражаттарга жана" деген сөздөрдөн кийин "ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын аттестациялык комиссияларынан аттестациядан өткөн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 333-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"333. Лифттерди, ошондой эле диспетчердик контролдоо системаларын техникалык диагностоо жана текшерүү боюнча иш Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) техникалык регламентинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.";
- 335-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Толук техникалык күбөлөндүрүү Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) техникалык регламентинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.";
- 387-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"387. Лифттерди диспетчердик контролдоо менен жабдуу зарылдыгы эксплуатациялоочу уюм тарабынан аныкталат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |