Загрузка документа…
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 168 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу борборунун УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу борборунун уставы (мындан ары - Устав) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу борборунун (мындан ары - Окуу борбору) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, анын милдеттерин, функцияларын, ыйгарым укуктарын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен өз ара мамилелеринин тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (мындан ары - ФЧМК) Окуу борборунун ишине жалпы жетекчиликти жана координациялоону жүзөгө ашырат.
3. Окуу борбору өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, ФЧМКнын буйруктарын, ушул Уставды, ошондой эле билим берүү программалары жаатында кызматташуу маселелери боюнча эл аралык уюмдар жана мекемелер менен макулдашууларды жана келишимдерди жетекчиликке алат.
4. Окуу борбору өз ишин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленген тартипте берилген тиешелүү лицензиянын негизинде жүргүзөт.
5. Окуу борбору өз ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, коомдук бирикмелер, жарандар жана юридикалык жактар менен өз ара байланышта, ошондой эле Байкоочу кеңештин жалпы жетекчилиги жана Окуу борборунун директорунун түздөн-түз жетекчилиги астында уюштурат.
2. Окуу борборунун укуктук статусу
6. Окуу борбору өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, обочолонгон мүлккө ээ, Бирдиктүү казыналык эсеп системасында эсептери жана белгиленген тартипте ачылган эсептери, гербдүү мөөрү, штампы жана үлгүлөрү Окуу борбору тарабынан бекитилген, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн толук фирмалык аталышы жазылган расмий бланктары бар.
Окуу борбору өз милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
7. Окуу борбору мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат.
Окуу борбору билим берүү ишин жүргүзүү максатында ага бекитилип берилген мүлккө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде оперативдүү башкаруу укугун жүзөгө ашырат.
8. Окуу борборунун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
9. Окуу борборунун толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу борбору";
- расмий тилде: "Учебный центр Государственной службы финансовой разведки при Министерстве финансов Кыргызской Республики".
Окуу борборунун кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ФЧМК ОБ";
- расмий тилде: "УЦ ГСФР".
10. Окуу борборунун жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 21а.
11. Окуу борборунун эмблемасы болот, анын сыпаттамасы жана эскизи Байкоочу кеңеш менен макулдашуу боюнча Окуу борборунун директорунун чечими менен бекитилет.
3. Окуу борборунун предмети, максаттары жана негизги милдеттери
12. Окуу борборунун ишинин предмети жана максаты кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө (мындан ары - КИК/ККЛК) кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган билим берүү кызматтарын көрсөтүү болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Окуу борборунун негизги милдеттери:
1) ушул Уставдын 17-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды жана башка кызыкдар жактарды, анын ичинде чет өлкөлүк жарандарды окутуу, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу (тиешелүү келишимдер түзүлгөн учурда);
2) билим берүү ишин, КИК/ККЛК чөйрөсүндө адистерди окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо системасын өркүндөтүү жана андан ары өнүктүрүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Окуу борборунун негизги функциялары
14. Аталган милдеттерди ишке ашыруу максатында Окуу борбору төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) окуу иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктайт;
2) КИК/ККЛК маселелери боюнча окуучуларды окутуу, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу иштерин жүргүзөт;
3) КИК/ККЛК чөйрөсүндө адистерди даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окуу планын жана билим берүү программасын иштеп чыгат;
4) семинар-кеңешмелерди, тренингдерди, конференцияларды, анын ичинде эл аралыктарын уюштурат жана өткөрөт;
5) билим берүү процессин жүзөгө ашыруу үчүн Окуу борборунун кадрдык потенциалын, окуу-материалдык өндүрүштүк базасын түзөт;
6) ФЧМКнын кызматкерлерин, иштеген юристтерди, жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамын жана башка адистерди лектор катары тартууну уюштурат;
7) квалификацияны жогорулатуу жаатында чет өлкөлөрдүн укуктук, илимий жана билим берүү мекемелери жана эл аралык уюмдар менен алардын тажрыйбасын изилдөө жана пайдалануу максатында кызматташууну жүзөгө ашырат;
8) китепкана борборун түзөт жана аны юридикалык жана башка адабияттар менен дайыма толуктап турат, андан ары жалпылоо үчүн лекциялардын жана машыктыруучулардын (лекторлордун) баяндамаларынын, методикалык окуу куралдарынын электрондук вариантында эсепке алууну жана сактоону жүргүзөт, электрондук маалыматтар базасын толуктайт;
9) КИК/ККЛК чөйрөсүндө окутуу программаларына ылайык басма ишин (окуу адабияттарын, брошюраларды жана башкаларды басып чыгаруу) жүзөгө ашырат;
10) билим берүү процессинин системасын өркүндөтүү, ага жаңы билим берүү жана маалыматтык технологияларды киргизүү, Окуу борборунун материалдык-техникалык базасын өркүндөтүү боюнча чараларды көрөт;
11) Окуу борборуна жүктөлгөн максаттарга жана милдеттерге жетишүү үчүн зарыл болгон башка функцияларды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Окуу борборунун укуктары жана милдеттери
15. Окуу борбору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Окуу борборунун рентабелдүү иштеши үчүн анын өндүрүштүк-чарбалык жана финансылык ишин пландоого;
2) КИК/ККЛК маселелери боюнча кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун катышуучу-мамлекеттеринин финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин окутууга, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга (тиешелүү келишимдерди түзүү менен);
3) окуудан өткөндүгү жөнүндө белгиленген үлгүдөгү тиешелүү документтерди берүүгө;
4) Байкоочу кеңеш менен макулдашуу боюнча басылмаларды (бюллетендерди, буклеттерди, газеталарды, журналдарды, жарнамалык проспекттерди, жыйнактарды, брошюраларды, китептерди ж.б.) белгиленген тартипте басып чыгарууга;
5) Байкоочу кеңеш менен бирдикте окуу пландарын иштеп чыгууга;
6) Окуу борбору же ишке тартылган анын кызматкерлери тарабынан даярдалган окуу же ар кандай материалдарга автордук укуктарды талап кылууга;
7) коргоо документтерине, "ноу-хау" жана башка техникалык маалыматтарга ээлик кылуу жана пайдалануу укугун алууга жана көрсөтүүгө;
8) Байкоочу кеңеш менен макулдашуу боюнча Окуу борборунун кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди белгилөөгө;
9) Окуу борборунун чарбалык иши үчүн зарыл болгон келишимдерди мыйзамдарда белгиленген тартипте түзүүгө жана жарандык укуктун субъекттери менен ар кандай операцияларды жана бүтүмдөрдү жасоого;
10) Окуу борборунун иши менен байланышкан окуу сабактарын жана иш-чараларын өткөрүү үчүн консультанттарды, эксперттерди, адистерди жана окутуучуларды ишти айкаштыруу шарттарында келишимдик негизде тартууга;
11) өз ишин жүзөгө ашыруу максатында ФЧМКнын түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүгө;
12) ФЧМКнын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди үйрөнүү боюнча семинарларды жана тренингдерди билим берүү программасына киргизүүнү камсыз кылууга;
13) жарандык жүгүртүүгө катышууга, жоопкерчилик тартууга, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ар кандай операцияларды жана бүтүмдөрдү жасоого;
14) Окуу борборунун ишин уюштурууну, жүргүзүлүп жаткан иштин формаларын жана методдорун өркүндөтүүгө, материалдык-техникалык базаны жакшыртууга;
15) Окуу борборунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө;
16) эмгек жамааты менен Окуу борборунун директорунун ортосунда түзүлүүчү жамааттык келишим менен аныкталуучу жана жөнгө салынуучу Окуу борборунун кызматкерлери үчүн кошумча социалдык жана экономикалык кепилдиктерди берүүгө;
17) кирешелердин жана чыгашалардын сметасын бекитүү, негизги ишти өркүндөтүү, ошондой эле Окуу борборунун Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Байкоочу кеңешке сунуштарды киргизүүгө;
18) банк мекемелеринде алыш-бериш эсептерин ачууга жана эсептешүүлөрдү накталай эмес, ошондой эле накталай формада жүргүзүүгө;
19) сотто доогер жана жоопкер катары чыгууга;
20) чет өлкөлүк жана эл аралык мекемелер, ишканалар жана жеке жактар менен окуу, илимий жана өндүрүштүк-коммерциялык иш, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча тийиштүү эки тараптуу келишимдердин негизинде түз байланыштарды жүзөгө ашырууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Окуу борборунун милдеттери:
1) ФЧМКнын кызматкерлерин кесиптик даярдоонун, квалификациясын жогорулатуунун жана кесиптик компетенциясынын жогорку деңгээлин камсыз кылуунун бирдиктүү системасын камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын так сактоо;
3) жыл сайын 15-февралдан кечиктирбестен өткөн жылдагы аткарылган иштер жөнүндө Байкоочу кеңешке отчет берүү;
4) Окуу борборунун финансылык-чарбалык ишине жыл сайын аудит жүргүзүү;
5) ФЧМКнын жетекчилигинин тапшырмаларын аткарууга, суралган маалыматты жана зарыл материалдарды Байкоочу кеңешке белгиленген мөөнөттө берүү;
6) мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоо;
7) билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык отчет берүү тартибин сактоо.
6. Окуу борборунун билим берүү кызматтарынын тизмеси жана аларды көрсөтүү тартиби
17. Окуу борбору төмөнкү кызматкерлерди окутуу боюнча кошумча билим берүү чөйрөсүндө билим берүү кызматын көрсөтөт:
1) финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын;
2) текшерүүчү органдардын;
3) ФЧМКнын;
4) Кыргыз Республикасынын ички иштер органынын, бажы органынын, салык кызматынын, улуттук коопсуздук органынын жана прокуратура органынын.
18. Окуу борбору тиешелүү билим берүү программасы боюнча билим алууну каалаган адамдарга билим берүү кызматтарын көрсөтөт.
19. Окуу борборунда окутуунун кошумча программаларын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөттөрү билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген билим берүү ишин жүргүзүү укугуна тиешелүү лицензия менен белгиленет.
7. Окуучуларды кабыл алуу жана окуудан чыгаруу тартиби
20. Окуу борборуна окууга кабыл алуу окутуу программасынын алкагында келишимдик негизде жүргүзүлөт.
21. Окуу борборуна кабыл алууга кызыкдар адам төмөнкү документтерди көрсөтөт:
1) уюмдун коштомо каты же жеке адамдын арызы;
2) түстүү фотосүрөттү тиркөө менен белгиленген формадагы жана электрондук форматтагы анкета;
3) акы төлөгөндүгү жөнүндө ырастоочу документ.
22. Окуу борборуна окууга кабыл алуу жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көрсөткөндө Окуу борборунун директорунун чечими менен ишке ашырылат.
23. Документтерди кабыл алууну жана иш кагаздарын жүргүзүүнү Окуу борборунун жооптуу кызматкерлери уюштурат жана жүргүзөт.
24. Арыздарды жана документтерди кабыл алуу курстун башталышына бир күн калганда аяктайт, андан кийин кабыл алуу жөнүндө буйрук чыгарылат.
25. Окуучулар Окуу борборунан төмөнкү негиздер боюнча чыгарылышы мүмкүн:
1) арыздын негизинде өз каалоосу боюнча;
2) ички тартип эрежелерин одоно же системалык түрдө бузуу;
3) окуу тартибин бузуу (жүйөсүз себептер боюнча 3төн ашык сабакты калтыруу, Окуу борбору менен байланышын жоготуу);
4) келишимдин шарттарын аткарбоо.
Окуу борборунан чыгаруу Окуу борборунун директорунун буйругунун негизинде жүргүзүлөт.
8. Окуу борборунда окуу процессин уюштуруу
26. Окутуу Байкоочу кеңеш менен макулдашуу боюнча Окуу борбору тарабынан түзүлгөн окуу пландары жана билим берүү программалары боюнча жүргүзүлөт.
27. Окутуу тилдери: окуп жаткандардын суроо-талаптарына жана Окуу борборунун мүмкүнчүлүктөрүнө жараша мамлекеттик же расмий тил.
28. Окуучулардын сабак өтүү режими жана билим берүү процессинин узактыгы окуу планына ылайык белгиленет. Сабактарды өткөрүүнүн графигин Окуу борборунун директору аныктайт.
29. Окуу борборунда окутуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) өндүрүштөн ажыратуу менен күндүзгү форма боюнча;
2) өндүрүштөн ажыратпастан кечки форма боюнча;
3) онлайн (аралыктан окутуу формасы, вебинар).
Окуу борборундагы окуу процесси окуу планына ылайык башталат жана аяктайт.
Окуу процессинде Окуу борборунда лекциялар, семинарлар, практикалык сабактар өткөрүлөт, ошондой эле изилдөө ишинин элементтери колдонулушу мүмкүн.
Аудиториялык сабактын узактыгы академиялык саат менен өлчөнөт.
Окуучулардын кийиминин формасы - эркин.
30. Окуу планына ылайык окуусун аяктаган адамдар жыйынтыктоочу экзамен тапшырат. Жыйынтыктоочу сынакты өткөрүү тартиби жана комиссиянын курамы Окуу борборунун чечими менен аныкталат. Окуу борборунда окуп жаткандар, окуудан жана кайра даярдоодон өткөндөр белгиленген үлгүдөгү сертификат алышат.
31. Окуу борборунда окутуу акы төлөнүүчү болуп саналат, окутуунун тарифтери Байкоочу кеңеш менен макулдашуу боюнча директор тарабынан бекитилет.
Окуу борборунда окуу акысы курстун узактыгын, окуу программасынын деңгээлин, сапатын жана көлөмүн эске алуу менен белгиленет.
ФЧМКнын кызматкерлери Окуу борборунда акысыз негизде окушат.
9. Окуу борборунун штатын комплекттөөнүн тартиби
32. Окуу борборунун кызматкерлеринин штатын комплекттөө Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде Окуу борборунун директору тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган учурларда эмгек келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотууга болот.
33. Педагогикалык ишмердүүлүккө Окуу борборуна жогорку билими, КИК/ККЛК чөйрөсүндө иш тажрыйбасы жана педагогикалык стажы бар адамдарга жол берилет.
Окуу борборуна кабыл алуу жана бошотуу жана окутуучуларды жайгаштыруу, ошондой эле бош орундарга кабыл алуу Окуу борборунун директору тарабынан ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Окуу борборуна педагогикалык ишке соттуулугу бар, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган же наркологиялык же психоневрологиялык диспансерде каттоодо турган адамдарга жол берилбейт.
35. Окутуучулардын эмгек акысы келишимге жана эмгек акы төлөө фонду боюнча чыгымдардын сметасына ылайык аткарылган окуу жүктөмүнүн (сааттык) көлөмүнө жараша Окуу борборунун директору тарабынан аныкталат.
36. Окуу борборунун окутуучулары төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) өзүнүн кесиптик ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоого;
2) автордук билим берүү программасын иштеп чыгууга жана пайдаланууга;
3) алдынкы педагогикалык тажрыйбаны практикага киргизүүгө;
4) иш берүүчү менен түзүлгөн эмгек келишимине ылайык алардын кесиптик даярдыгына жана квалификациясына жооп берген жумушка;
5) эмгек гигиенасынын коопсуздугун жана талаптарын сактоону камсыз кылуучу шарттарга;
6) билим берүү методикаларын тандоого жана колдонууга, программаларды (анын ичинде автордук), окутуу методикаларын, окуу куралдарын жана материалдарды иштеп чыгууга;
7) функциялык милдеттерди жана эмгек келишиминде каралган иштерди аткаргандыгы үчүн эмгек акы төлөөгө;
8) квалификациясын, кесиптик чеберчилигин жогорулатууга;
9) илимий-эксперименттик иштерге катышууга;
10) билим берүү процессин, Окуу борборунун ишинин башка жактарын жакшыртуу боюнча сунуштары менен Окуу борборунун жетекчилигине кайрылууга.
37. Окуу борборунун окутуучулары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) зарыл болгон кесиптик билимге, кызмат орду жана алган адистиги боюнча квалификациялык мүнөздөмөнүн талаптарына ылайык келген, билиминин жана (же) квалификациясынын тиешелүү деңгээли жөнүндө документтер менен ырасталган квалификацияга ээ болууга;
2) педагогикалык этиканын ченемдерин сактоого жана аткарууга;
3) окуп жаткандардын окутулуучу билим берүү программаларын өздөштүрүүсүн камсыз кылууга;
4) окутулуучу дисциплина боюнча окуу программаларын иштеп чыгууга жана Окуу борборунун директорунун кароосуна киргизүүгө;
5) өз алдынчалуулукту, ишке чыгармачылык мамилени өнүктүрүүгө;
6) кызмат ордунун квалификациялык талаптарына ылайык келүүгө;
7) өзүнүн кесиптик деңгээлин дайыма өркүндөтүүгө жана квалификациясын жогорулатууга;
8) Окуу борборунун Уставын жана ички эмгек тартибинин эрежелерин сактоого;
9) эмгек келишиминин шарттарын аткарууга;
10) коопсуздук техникасын сактоого.
38. Окутуучулар катары ФЧМКнын, КИК/ККЛК системасынын субъекттери болуп саналган мамлекеттик органдардын кызматкерлери, иштеген юристтер, жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы жана башка адистер (эксперттер) чыга алышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Окуу борборунун түзүмү жана башкаруу
39. Окуу борборунун түзүмү жана штаттык расписаниеси Байкоочу кеңеш менен макулдашуу боюнча Окуу борборунун директору тарабынан бекитилет. Мында директорду дайындоо Окуу борборунун түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.
40. Окуу борборунун кызматкерлери болуп Окуу борборунун буйругу менен бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык келген Кыргыз Республикасынын жарандары саналат.
Окуу борборунун кызматкерлери мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле кенже жана техникалык тейлөөчү персонал болуп саналбайт.
41. Директор Кыргыз Республикасынын финансы министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
42. Кызматкерлерди кабыл алуу тийиштүү билими жана кесиптик квалификациясы бар, билим деңгээли жана (же) квалификациясы жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ менен ырасталган адамдардын ичинен эмгек келишиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
Окуу борборуна кабыл алуу жана бошотуу Окуу борборунун директору тарабынан ишке ашырылат.
43. Окуу борборунун кызматкерлеринин эмгек функциялары эмгек келишими менен жөнгө салынат.
Окуу борборунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган укуктарга жана милдеттерге ээ.
44. Окуу борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары Окуу борборунун директорунун сунушу боюнча Байкоочу кеңеш тарабынан белгиленген эмгек акы фондунун чегинде белгиленет.
45. Ар бир кызматкердин эмгек кирешеси Окуу борборунун ишинин акыркы натыйжаларын эске алуу менен анын жеке салымы менен аныкталат жана салык салынат.
11. Окуу борборунун финансылык-чарбалык иши
46. Окуу борборунун финансылык-чарбалык иши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Окуу борборунун мүлкүн негизги жана жүгүртүү каражаттары түзөт, алар Окуу борборунун өз алдынча балансында чагылдырылат.
ФЧМК Окуу борборуна имаратты, эмеректи, кеңсе жабдууларын, ошондой эле оперативдүү башкаруу укугунда Окуу борборунун мүлкүн түзгөн башка материалдык баалуулуктарды берет, алар Окуу борборунун өз алдынча балансында чагылдырылат.
47. Окуу борбору өзүнүн финансылык-чарбалык ишинде Байкоочу кеңешке отчет берет, ошондой эле салык органдарына жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу системасынын органдарына отчет берет жана маалыматтардын аныктыгы үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
48. Окуу борбору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү, бухгалтердик жана статистикалык эсеп жүргүзөт.
Бухгалтердик эсеп сом менен жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк валюталарды сомго которуу жана кайра которуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын операция жүргүзүлгөн датага карата курсу боюнча жүргүзүлөт.
49. Окуу борборунун ишин каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат:
1) окуу үчүн акы төлөө түрүндө түшкөн каражаттардын;
2) юридикалык жана жеке жактардын адистерин даярдоо жана кайра даярдоо келишимдерин аткаруу үчүн алынган каражаттардын;
3) юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет мамлекеттер тарабынан акысыз берилүүчү каражаттардын;
4) илимий-изилдөө, басма, өндүрүштүк жана коммерциялык иштен түшкөн жеке каражаттардын;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка булактардын.
50. Окуу борбору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү зарыл болгон сатып алууларды жүргүзөт.
51. Финансылык каражаттардын чыгымдалышы үчүн жоопкерчиликти окуу борборунун директору тартат, ал бухгалтердик отчеттуулукту жүргүзүү тартибине ылайык аларды чыгымдоо боюнча отчет берет.
Окуу борборунун ишинен алынган кирешелерди бөлүштүрүү окуу борборунун директору тарабынан Байкоочу кеңешке кабарлоо менен жүзөгө ашырылат.
52. Окуу борборунун кызматкерлери мамлекеттик мүлккө аяр мамиле жасоого, имараттарды, курулмаларды, техникаларды белгиленген тартипте эксплуатациялоону жүзөгө ашырууга, каражаттарды багыты боюнча жана белгиленген ченемдерге ылайык так чыгымдоону сактоого милдеттүү. Мамлекеттик мүлктү бузууга күнөөлүү жана атайылап зыян келтирген адамдар укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
53. Окуу борборунун финансылык-чарбалык ишинин аудитин Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жүзөгө ашырат.
12. Окуу борборунун башкаруу органдары
54. Окуу борборун башкаруу "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. Башкаруу демократиялаштыруу, борборлоштуруудан ажыратуу, өз алдынчалык жана өзүн-өзү башкаруу принциптеринде түзүлөт.
Окуу борборунун башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- жогорку башкаруу органы - уюштуруучу;
- аткаруу органы - директор;
- көзөмөлдөө органы - Байкоочу кеңеш.
55. Окуу борборунун жогорку башкаруу органы болуп уюштуруучу эсептелет.
Уюштуруучунун өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү, аны жаңы редакцияда бекитүү;
- Окуу борборунун ишинин артыкчылыктуу багыттарын, мүлктү түзүү жана пайдалануу принциптерин аныктоо;
- Окуу борборун жоюу жана аны кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алуу.
56. Окуу борборунун аткаруучу органы болуп директор эсептелет.
Окуу борборунун директору:
- Окуу борборунун ишин жетектейт жана анын иши үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Окуу борборун каржылоо үчүн каралган акча каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылат;
- Окуу борборунун кадрдык, кесиптик жана чыгармачылык саясатын аныктайт, финансылык маселелерди чечет, Окуу борборунун мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
- окуу процессин, окуу-методикалык иштерди жана материалдык-техникалык базаны өркүндөтүү боюнча чараларды көрөт;
- Окуу борборунун кызматкерлеринин ортосунда функциялык милдеттерди бөлүштүрөт;
- өз компетенциясынын чегинде Окуу борборунун бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон тапшырмаларды жана көрсөтмөлөрдү берет;
- мамлекеттик органдар, финансы-кредиттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен өз ара мамилелерде Окуу борборунун кызыкчылыгын ишеним катсыз коргойт;
- Окуу борборунун ишине тиешелүү маселелер боюнча тиешелүү уюмдар жана мекемелер менен кат алышууну жүргүзөт;
- милдеттерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды мамлекеттик органдардан, мекемелерден, уюмдардан белгиленген тартипте сурайт жана алат;
- Окуу борборунун атынан юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет;
- акчалай, эсептешүү жана башка финансылык документтерге кол коёт;
- лекторлор менен эмгек келишимдерин түзөт, лекцияларды окугандыгы жана практикалык сабактарды өткөргөндүгү үчүн ушул максаттарга бөлүнгөн финансылык каражаттардын чегинде акы төлөйт;
- буйруктарды чыгарат, ишеним каттарды берет, Окуу борборунун атынан жарандык-укуктук, анын ичинде жарандык укуктун субъекттери менен экономикалык бүтүмдөрдү түзөт;
- Окуу борборунун кызматкерлери үчүн Байкоочу кеңеш тарабынан белгиленген тартипте жана шарттарда кызматкерлерди сыйлайт, ошондой эле аларга карата тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Окуу борборунун атынан Окуу борбору же тартылган окутуучулар тарабынан даярдалган ар кандай материалдарга же окуу курстарына автордук укукту билдирет;
- окуу пландарын жана билим берүү программаларын иштеп чыгат жана Байкоочу кеңешке бекитүүгө киргизет;
- Окуу борборунун кирешелеринин жана чыгымдарынын сметасын Байкоочу кеңешке бекитүүгө киргизет;
- Окуу борборунун кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматтык иш сапарларга жиберет;
- окутуу процессин даярдоону жана уюштурууну жүзөгө ашырат, Окуу борборунун окуу иш-чараларын өткөрүү жана уюштуруу тартибин аныктайт, окуп жаткандарды окуу материалы, окутуу программасы менен камсыз кылууну контролдойт, окуу курстарында окуп жаткандардын эсебин (реестрин) жүргүзүүнү уюштурат.
57. Окуу борборунун директору Окуу борборунун иши жөнүндө Байкоочу кеңешке жыл сайын отчет берет, ошондой эле жыйынтыктоочу жылдык отчетту даярдоо үчүн ФЧМКга маалыматтарды берет.
58. Байкоочу кеңеш Окуу борборунун көзөмөлдөөчү органы болуп саналат, ал Окуу борборунун ишин, чечимдерди кабыл алууну жана алардын аткарылышын камсыз кылууну, Окуу борборунун каражаттарын пайдаланууну, ушул Уставды сактоону контролдойт.
Байкоочу кеңеш 5 (беш) адамдан турат. Байкоочу кеңештин төрагасы болуп ФЧМКнын төрагасы эсептелет.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү ээлеген кызмат ордуна ФЧМКнын төрагасынын чечими менен дайындалат жана бошотулат.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү анын курамынан иш жүзүндө чыкканга чейин кеминде бир ай мурда ФЧМКнын төрагасынын атына жазуу жүзүндө арыз берүү менен чыга алат.
Байкоочу кеңештин өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Байкоочу кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча аткаруу органынын ишине мониторинг жүргүзүү;
- Окуу борборунун финансылык абалын талдоо, Окуу борборунун экономикалык абалын жакшыртуу резервдерин аныктоо жана ФЧМК үчүн сунуштарды иштеп чыгуу;
- жылдык отчетторго жана бухгалтердик баланстарга мониторинг жүргүзүү;
- Окуу борборуна келип түшкөн жана чыгымдалган каражаттар жөнүндө маалыматтарга мониторинг жүргүзүү;
- Окуу борборунун кирешелеринин жана чыгымдарынын сметасын бекитүү;
- окуу пландарын жана билим берүү программаларын бекитүү;
- Окуу борборунан бардык зарыл материалдарды, бухгалтердик же башка документтерди жана оозеки түшүндүрмөлөрдү берүүнү талап кылуу укугу.
59. Байкоочу кеңештин чечимдери анын жыйналыштарында жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар тең чыкканда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болот.
Байкоочу кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок жарым жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Байкоочу кеңештин жыйналыштары кворум болгондо укуктуу болот. Эгерде анын мүчөлөрүнүн жарымы жыйналышка катышса, Байкоочу кеңештин жыйналышынын кворуму болот.
13. Уставды өзгөртүү тартиби
60. Ушул Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү же болбосо аны жаңы редакцияда кабыл алуу ФЧМКнын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министри киргизген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен жүзөгө ашырылат.
14. Окуу борборун кайра уюштуруу жана жоюу тартиби
61. Окуу борборунун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра уюштурулганда же жоюлган учурда токтотулат. Окуу борбору каттоочу орган тиешелүү чечим кабыл алган учурдан тартып жоюлду деп эсептелет.
62. Окуу борборун жоюуда ФЧМКнын чечими боюнча жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясы Окуу борборунун мүлкүн баалайт жана кредиторлор менен эсептешет, жоюу балансын түзөт жана аны уюштуруучуга берет, ал Окуу борборунун калган мүлкүн тескейт.
63. Окуу борбору кайра уюштурулганда же жоюлганда Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызматкерлерге укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына кепилдик берилет.
64. Окуу борбору жоюлган учурда мүлк Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык бөлүштүрүлөт.
65. Окуу борбору жоюлган учурда анын иши менен байланышкан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.