Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 176 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 242, 2026-жылдын 3-февралындагы № 54, 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218, 2026-жылдын 1-майындагы № 328 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана өзүнчө мүлкү бар өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
3. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
4. Мамлекеттик дарылоо мекемелеринин жана башка адамдардын муктаждыктары үчүн дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды дүң жана чекене жеткирүү Ишкананын ишинин негизги түрү болуп саналат.
5. Ишкананын ишинин максаттары киреше алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик программаларын жана социалдык багыттагы долбоорлорун ишке ашыруу, дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө мамлекеттик дарылоо мекемелеринин жана башка керектөөчүлөрдүн муктаждыктарын сапаттуу канааттандыруу болуп саналат.
6. Негизги милдети болуп мамлекеттик дарылоо мекемелерин, андан кийин калкты да дары каражаттары жана медициналык буюмдар (мындан ары - дары каражаттары) менен экономикалык эң натыйжалуу баада камсыз кылуу саналат.
7. Толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Кыргызфармация" при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики".
8. Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргызфармация" МИ";
- расмий тилде: "ГП "Кыргызфармация".
9. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Медеров көчөсү, 42.
10. Ишкананын иштөө мөөнөтү чектелбейт.
2. Укуктук жобо
11. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат, ал Ишканага бекитилип берилген мүлктүн менчик ээсинин укуктарын ишке ашырат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тармактык маселелер боюнча Ишкананын ишине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана стратегиялык пландаштырууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик башкаруучу орган болуп саналат. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Ишкананын финансылык-чарбалык ишин жана ага бекитилип берилген мүлктү натыйжалуу пайдаланууну контролдойт.
Мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын уставын иштеп чыгуу, уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды даярдоо же уставды жаңы редакцияда бекитүү;
2) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
3) Ишкананын жылдык бюджет долбоорун макулдашуу;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
5) Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
6) Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлерди андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизүү;
7) коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын фонддорунун, ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
8) ушул Уставга ылайык мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
Мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканага иштин тейлеген чөйрөлөрүндө тармактык саясаттын маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Ишканадан анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттордун документтерин, ошондой эле финансылык-чарбалык ишти жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;
4) аткаруу органынын отчетторун угууга;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Ишкананын жетекчисин ээлеген кызмат ордунан бошотуу, ага тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
6) ушул Уставда каралган башка укуктарды.
Мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарынын өз убагында түзүлүшүн камсыз кылууга;
2) Ишкананын ишине байланыштуу болгон Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) ага белгилүү болгон Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына билдирүүгө;
4) Ишкананын иши жөнүндө коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган маалыматты үчүнчү жактарга жарыялабоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө;
6) ушул Уставда каралган башка милдеттерге.
Мамлекеттик башкаруучу орган болуп саналган мамлекеттик орган жоюлганда жана тиешелүү мамлекеттик функциялар боюнча укуктук улантуучусу жок болгон учурда мындай Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп ушуга окшогон чөйрөдө функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныкталат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча уюштуруучуга сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын макулдашуу;
3) жылдык бюджетти, Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту, таза пайданын республикалык бюджетке чегерилүүчү бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишине талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын натыйжалуу ишинин негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишине баа берүү;
7) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын жетекчисин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына киргизүү;
9) Ишкананын жетекчисинин сунушу боюнча Ишкананын жетекчисинин орун басарын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу;
10) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
11) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басары менен эмгек келишимин түзүү;
12) Ишканага таандык мүлктү багыты боюнча пайдаланууну жана анын сакталышын контролдоо;
13) Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобого жана ушул Уставга ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына тиешелүү башка маселелерди чечүү.
12. Ишкана юридикалык жак болуп эсептелет, ушул Уставда каралган өзүнүн ишинин предметине жана максаттарына ылайык келген жарандык укуктарга ээ болот жана ушул иш менен байланышкан милдеттерди аткарат.
13. Ишкананын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү жана мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы жазылган эмблемасы, белгиленген үлгүдөгү штамптары жана бланктары бар.
14. Ишкана өз ишин жүзөгө ашырууда, анын ичинде башкаруунун формасын аныктоодо, зарыл болгон түзүмдүк өзгөртүүлөрдү ишке ашырууда, чарбалык чечимдерди кабыл алууда, эмгекке акы төлөө (система, өлчөм, тартиби жана эмгек акы фонду) жана кызматкерлерди материалдык жактан кызыктыруу маселелеринде толук чарбалык өз алдынчалыкка ээ.
15. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
16. Ишкана өзүнүн ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар менен өз ара аракеттенип жүзөгө ашырат.
17. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
3. Негизги функциялары
18. Жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында Ишкана төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- төмөнкүлөрдү түзөт:
дары каражаттарын жеткирүү келишимдерин;
дары каражаттарын, сактоо жана ташуу боюнча узак мөөнөттүү келишимдерди;
медициналык техниканы жеткирүүгө узак мөөнөттүү келишимдерди;
дары каражаттарынын заводдору, өндүрүүчүлөрү, дистрибьюторлору менен келишимдерди;
- төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
мамлекеттик дарылоо мекемелеринин муктаждыктары үчүн дары каражаттарын борборлоштуруп жеткирүүлөрдү;
дары каражаттарын дүң жана чекене жеткирүүлөрдү;
мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен бирдикте дары каражаттарын жеткирүү жана сатуу үчүн документтерди даярдоону;
белгиленген тартипте дары каражаттарын ташып келүүнү;
дары каражаттарынын экспортун жана импортун;
дары каражаттарын дүң жана чекене сатууну;
бардык сатып алууларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 "Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 601 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштуруп жеткирүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштуруп жеткирүү тартибине ылайык;
дары каражаттарын сатып алуудагы өзүнүн чыгымдарын талдоону жана контролдоону;
дары каражаттарынын гуманитардык түрлөрү боюнча иштерди;
дары каражаттарынын бааларына мониторинг жүргүзүүнү жана изилдөөнү;
дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүнү;
дары каражаттарын дарыканадан даярдоону;
баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун белгиленген тартипте сатууну;
түзүлгөн келишимдерге ылайык дары каражаттарын жана коштоочу товарларды өндүрүүчүлөрдүн жана заводдордун өкүлүнүн жана/же дистрибьюторунун функцияларын;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде:
коррупциянын алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
дары каражаттарын жүгүртүү тармагында коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жаатындагы долбоорлорду иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- төмөнкүлөрдү көрөт:
акысыз медициналык жардамдын кепилденген көлөмүнүн алкагында дары каражаттарын сатып алууну уюштуруу боюнча чараларды;
жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн башка зарыл чаралардын комплексин;
- дары каражаттарынын өндүрүүчүлөрүн жана дистрибьюторлорун тандайт;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын заказы боюнча мамлекеттик дарылоо мекемелерин дары каражаттары менен камсыз кылат;
- эң көп талап кылынган дары каражаттарынын авариялык камдыгын (резервин) түзүүгө көмөк көрсөтөт;
- мамлекеттик дарылоо мекемелерин жана башка уюмдарды дары каражаттары менен камсыз кылуу үчүн өз өндүрүшүн уюштуруу боюнча чараларды көрөт;
- жумушчуларды, адистерди жана кызматчыларды эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүнө инвесторлорду тартат;
- мамлекеттин социалдык программаларын ишке ашыруу боюнча иш-чараларга катышат.
– медициналык буюмдарды андан ары эсептен чыгаруу үчүн аларды техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө баалоо жүргүзүүнү камсыз кылат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык буюмдардын натыйжалуу колдонулушуна мониторинг жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 242, 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Укуктар жана милдеттер
19. Ишкана өзүнүн функцияларын жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
- келишимдерди, макулдашууларды, меморандумдарды түзүүгө;
- продукцияны, товарларды, материалдык ресурстарды жана башка мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын сатып алууга;
– өкүлчүлүктөрдү жана филиалдарды ачууга;
- жараксыз абалга келген жабдууларды жана башка мүлктү баланстан чыгарууну Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга;
- Ишкананын иш чөйрөсүнө тиешелүү маалыматтарды мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардан, уюмдардан, ишканалардан, кызматтык адамдардан, белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- белгиленген тартипте түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишкананын кызматкерлерин окутуу жана аларга консультация берүү үчүн тиешелүү адистерди тартууга;
- дары каражаттарын чекене сатууга;
- Ишкананын кызматкерлерин иш сапарга, анын ичинде чет өлкөгө жөнөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык эмгек жана жарандык-укуктук келишимдеринин негизинде иштерди аткаруу үчүн юридикалык жана жеке жактарды тартууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн, ошондой эле эмгек өргүүлөрүн берүүнүн тартибин белгилөөгө;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча коммерциялык эмес же коммерциялык уюмдар болуп саналган ассоциациялар, бирликтер, фонддор формасындагы бирикмелердин катышуучусу (мүчөсү) болууга;
- белгиленген тартипте грамоталарды, төш белгилерди жана башка ведомстволук сыйлыктарды уюштурууга;
- Ишкананын кызматкерлерине жана ишти жүргүзүүгө жардам көрсөткөн, Ишкананын кызматкерлери болуп саналбаган адамдарга да сыйлоонун түрлөрүн колдонууга;
- Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарына каршы келбеген башка иштерди аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө.
Ишкана талаш-тартыштарды чечүүдө сот органдарында жана башка уюмдарда доогер жана/же жоопкер катары чыга алат, өзүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана процессуалдык мыйзамдарында каралган ыкмалар менен коргой алат.
Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өзүнүн атынан жарандык-укуктук келишимдердин, макулдашуулардын бардык түрлөрүн түзүүгө, бүтүмдөрдү ишке ашырууга, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга жана өзүнө таандык мүлктүн чегинде өзүнүн милдеттенмелери боюнча жооп берүүгө укуктуу.
Ишкананын ушул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген башка укуктары жана милдеттери болушу мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 328 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кызматкерлерге коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өз милдеттерин аткарууга;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген тартипте жана мөөнөттө өзүнүн мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыктарын берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө тиешелүү органдарга отчетторду өз убагында берүүгө, салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
5. Түзүмү жана башкаруу органдары
21. Ишкананын ишин директор жетектейт, аны мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматка дайындайт.
Ишкананын директору кызмат ордуна үч жылдык мөөнөткө дайындалат, анын укуктары, милдеттери бар жана ага тиешелүү жоопкерчилик жүктөлөт. Ал ушул Уставдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иштейт.
22. Ишкананын директорун мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматтан бошотот. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан директор төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча канааттандырарлык эмес деген баа алганда;
- Ишкананын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
- эмгек келишими боюнча милдеттенмелерди аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
- Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациясыз аракеттеринде;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
Ишкананын директорун ээлеген кызматынан бошотуу ал менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
23. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орундары каралган.
Директордун орун басарлары мамлекеттик башкаруу органынын сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директордун орун басарлары Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга катышат, директордун жана директордун орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык аларга жүктөлгөн, бекитилген ыйгарым укуктардын алкагында Ишкананын ишин жетектейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 328 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Ишкананын директорунун орун басарлары төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн:
- Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун жыйынтыктары боюнча канааттандырарлык эмес деген баа алганда;
- эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
Ишкананын директорунун орун басарларын ээлеген кызматынан бошотуу түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 328 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Ишкананын директоруна жана анын орун басарларына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу, ошондой эле алардын ишине баа берүү мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясына кирет. Ишкананын директоруна жана анын орун басарларына сый акы төлөө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
26. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкү адамдар кирбейт:
- чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
- экономикалык ишти жүргүзүү жана тартибине жана менчикке каршы кылмыштар, коррупциялык жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн соттолгондугу бар адамдар;
- мурда канааттандырарлык эмес иштегендиги үчүн уюмдун жетекчиси кызматынан бошотулган адамдар;
- менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъектте анын банкрот болушуна алып келген мурда жетекчилик кызматтарды ээлеген адамдар.
Ишкананын жетекчилик курамына тиешелүү адамдар кызматта турган мезгилде ошол эле убакта жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу Ишкананын иши менен байланышкан ишкердик иш менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышканга укуксуз.
27. Ишкананын директору:
- Ишкананын ишине жалпы жетекчилик кылат жана финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалы, финансы каражаттарын, ишкананын мүлкүнүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык милдеттерди аткаруу үчүн бардык зарыл ыйгарым укуктарга ээ;
- өзүнүн компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча мамлекеттик башкаруучу органга сунуштар жана рекомендациялар менен кайрылат;
- Ишкананын атынан ишеним катсыз зарыл аракеттерди жасайт;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюштуруу-укуктук жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар жана жеке жактар менен болгон мамилелерде Ишкананын атынан чыгат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик башкаруучу органдын чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары жана ушул Устав менен каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын жана филиалдын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, Ишкананын жана филиалдын бардык кызматкерлери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- локалдуу ченемдик актыларды жана регламенттөөчү документтерди, анын ичинде Ишкананын жана филиалдын бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон эрежелерди, жоболорду, нускамаларды, регламентти, тартипти, методиканы жана ченемдик-техникалык мүнөздөгү башка ички документтерди бекитет;
- мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитет. Мында директордун алмашуусу аларды өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
- Ишкананын жана филиалдын кызматкерлерине чыгымдардын сметасын (тиешелүү жылга), системасын, өлчөмүн, тартибин жана эмгек акы төлөө фондун бекитет;
- директордун орун басарларынын милдеттерин бөлүштүрөт, кызматкерлердин ыйгарым укуктарын белгилейт;
- туруктуу же убактылуу негизде жумушчу жана көмөкчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзөт, ошондой эле алар жөнүндө жоболорду бекитет;
- мамлекеттик башкаруучу органдын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча отчетторду, Ишкананын жана филиалдын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттук документтерди, ошондой эле финансылык-чарбалык ишти талдоо жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планы үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштарды жана түшүндүрмөлөрдү берет;
- Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруучу органга бекитүүгө киргизет;
- келе жаткан финансылык жылга Ишкананын жана филиалдын бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруучу органга макулдашууга киргизет;
- Ишкананын жана филиалдын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчеттун долбоорун даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү органга бекитүүгө киргизет;
- болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Ишкананын жана филиалдын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө бекитилген отчетту берет;
- Ишкананын жана филиалдын финансылык-чарбалык иши жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планын аткаруу жөнүндө отчетторду даярдайт жана берет;
- Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планын) ишке ашырууну камсыздайт;
- Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылат жана коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- кызматтык нускамаларды, кызмат орундарына квалификациялык талаптарды, Ишкананын жана филиалдын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Ишкананын кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
- кызматтык маяналарга персоналдык үстөктөрдү белгилейт, ошондой эле кызматкерлерге сыйлык берүү жөнүндө маселелерди чечет;
- иштөө режимин жана кызматкерлерге сыйлыктарды төлөө жөнүндө жобону бекитет;
- белгиленген тартипте Ишкананын атынан ишеним каттарды берет;
– белгиленген тартипте Ишкананын кызматкерлерин, филиалдын жетекчисин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык аларга карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
– директордун орун басарын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө белгиленген тартипте мамлекеттик башкаруу органына сунуш киргизет;
- коррупциянын алдын алуу боюнча пландарды, ошондой эле укуктук агартууга жана коррупцияга каршы жүрүм-турумга түрткү берүүгө багытталган чараларды иштеп чыгат жана бекитет;
– коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүүгө жана иштешин камсыз кылууга жеке жоопкерчилик тартат;
- өз ыйгарым укуктарынын чегинде коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды ишке ашырууга катышат;
- мамлекеттик башкаруучу органдын коллегиясынын жыйналышында өзүнүн иши жана Ишкананын иши жөнүндө отчет берет;
- жарандык мыйзамдарга ылайык мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясына киргенди кошпогондо, милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 328 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Директор жок учурда Ишкананын ишине жетекчиликти директордун буйругу менен аныкталган директордун орун басары ишке ашырат.
Директор ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат ордун ээлеген учурга чейин анын милдеттерин аткаруу мамлекеттик башкаруучу органдын чечими менен аныкталуучу директордун орун басарларынын бири тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-февралындагы № 54, 2026-жылдын 11-майындагы № 328 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
29. Директордун орун басарлары өздөрүнүн карамагына кирген маселелер боюнча өз алдынча чечим кабыл алат, көзөмөлдөгөн багыттар боюнча ишти уюштурат. Директордун буйругу менен аныкталган директордун орун басары Ишкананын ишинин айрым маселелери боюнча буйруктарга кол коёт жана чечимдерди кабыл алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 328 токтомунун редакциясына ылайык)
291. Ишкананын башкы бухгалтери директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Башкы бухгалтер Ишкананын финансылык каражаттарынын туура эсепке алынышы жана пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 328 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Финансы-чарбалык иш, эсеп жана отчеттуулук
30. Ишкана өзүнүн ишин толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоонун жана өзүн-өзү камсыз кылуунун принциптеринде жүзөгө ашырат, анын өз алдынча балансы, негизги жана жүгүртүү каражаттары бар.
31. Ишкана өзүнүн финансылык-чарбалык ишин өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планы үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруучу орган тарабынан бекитилет. Өнүктүрүүнүн стратегиялык планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) Ишкананын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын баяндоону;
2) тармактын жана рыноктун сүрөттөмөсүн, Ишкана өндүргөн товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) Ишкана өндүргөн товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуусунун зарылдыгын негиздөөнү;
4) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) уюштуруу планын;
7) финансылык планын;
8) тобокелдиктерди талдоону.
32. Ишкананы кармоого чыгымдарды каржылоо чарбалык иштин жыйынтыгында алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
33. Ишкананын мүлкүн чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон негизги фонддор, жүгүртүү каражаттары жана башка материалдык баалуулуктар түзөт, алардын наркы өз алдынча баланста чагылдырылат.
34. Ишкана өзүнө чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары салууга же аны менчик ээсинин макулдугусуз башкача ыкма менен тескөөгө укуксуз.
35. Ишкана мамлекеттик башкаруучу орган менен алдын ала макулдашуу боюнча жарандык мыйзамдарда каралган тартипте кредиттик келишимдерди же зайым алуу келишимин түзүү жолу менен зайымдык каражаттарды тарта алат.
36. Ишканага мамлекеттик зайымдык каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен бөлүнүүчү бюджеттик кредиттер түрүндө берилиши мүмкүн.
37. Ишкананын мүлкүн жана финансы каражаттарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик башкаруучу органдын макулдугу менен Ишкананын ишинин уставдык максаттарына жана предметине ылайык жүзөгө ашырылуучу чарба жүргүзүү, ээлик кылуу, тескөө жана пайдалануу укугунда менчик ээси тарабынан ага берилген мүлк;
- чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
- юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар менен жарандык-укуктук келишимдердин негизинде айрым жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруудан алынган кирешелер;
- финансылык-кредиттик мекемелердин кредиттери жана ссудалары;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары жана гранттары;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
Ишкананын өзүнүн чарбалык ишинен же башка булактардан алынган кирешелердин эсебинен жаңыдан түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлкү, алынган кирешелери жана пайдасы мамлекеттик менчик болуп саналат жана Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитип берилет.
Ишкананын жетекчиси жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашылган келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары, анын ичинде мамлекеттик ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту киргизет.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган 20-мартка чейин мөөнөттө төмөнкүлөрдү бекитет:
1) мамлекеттик ишкананын келерки жылга бюджетин;
2) финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту;
3) Ишкананын жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары боюнча учурдагы жылда республикалык бюджетке чегерилүүчү таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн жана таза пайданын келерки жылы республикалык бюджетке чегериле турган бөлүгүнүн пландалган санын.
Ишкана жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине таза пайданын ал бекиткен бөлүгүн, бирок 50 пайыздан кем эмес өлчөмүн, андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке кийин жиберүү менен которот.
38. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган бардык чегерүүлөрдү жана төлөмдөрдү бюджетке, кредиттер жана башка зайымдык каражаттар боюнча төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин чарбалык иштин жыйынтыгында Ишкана алган пайда Ишкананын карамагында калат.
39. Ишкана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчетту түзөт. Ишкананын финансылык отчету кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
Ишкананын директору квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджетти аткаруунун жүрүшү жөнүндө жана Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө берет:
- бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- мамлекеттик башкаруучу органга.
7. Аудит
40. Ишкананын тышкы жана ички аудити "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" жана "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Ишкана мамлекеттик башкаруучу органдын чечими боюнча мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте тышкы аудит жүргүзүү үчүн башка аудиторду тартууга укуктуу.
41. Мамлекеттик башкаруучу органдын чечими боюнча Ишкананын түзүмүндө ички аудитордун кызмат орду каралышы мүмкүн.
Ички аудиторду директор жумушка алат жана жумуштан бошотот. Ички аудиторду кармоого кеткен чыгымдарды каржылоо Ишкананын жылдык бюджетине ылайык жүзөгө ашырылат.
42. Ишкананын ички аудитору контролдук жол-жоболорду өткөрөт:
- Ишкананын жылдык бюджетин аткаруунун толуктугун жана негиздүүлүгүн текшерүү боюнча;
- Ишкананын активдерин пайдалануунун натыйжалуулугун жана сакталышын текшерүү боюнча;
- финансылык, бухгалтердик, башкаруу маалыматтарынын ишенимдүүлүгүн жана жетиштүүлүгүн баалоо боюнча.
Ички аудитке байланыштуу башка маселелер Кыргыз Республикасынын ички аудит жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Ишкананын ички аудиторунун ички аудиттин натыйжалары жөнүндө отчету Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө жылдык отчетуна киргизилүүгө тийиш.
8. Кайра уюштуруу жана жоюу
43. Ишкананы кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, кайра өзгөртүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
44. Ишкананын иш процессинде, кайра уюштурууда жана ал жоюлган учурда келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталууга тийиш.