Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 222 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу ТАРТИБИ
1-глава
1. Ушул Тартип "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын, анын ичинде Брайлдын рельефтик-чекиттүү шрифти менен чыгарылгандарды сатып алууга байланышкан мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын, анын ичинде Брайлдын рельефтик-чекиттүү шрифти менен чыгарылгандарды басып чыгаруу иши жана тираждоо боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар (мындан ары - товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан бекитилүүчү чектелген берүүчүлөрдүн тизмесине киргизилген катышуучулар менен мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы аркылуу жүзөгө ашырылат.
3. Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чектелген метод менен жүргүзүлөт.
4. Чектелген берүүчүнүн (берүүчүлөрдүн) тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча толукталат.
5. Сатып алуучу уюм/Агент чектелген метод менен сатып алууларды жүргүзүүдө "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинде каралган мөөнөттөрдө веб-порталга кулактандыруу жарыялайт, ал зарыл болгон квалификацияга ээ берүүчүнүн (берүүчүлөрдүн) чектелген чөйрөсүнө гана жеткиликтүү болот.
6. Сатып алуучу уюм/Агент жана өзүнүн сунушун берген берүүчү (берүүчүлөр) үчүн гана жеткиликтүү болгон ачуу протоколу жана сатып алуу жол-жоболорунун протоколу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25 жана 27-беренелерине ылайык веб-портал тарабынан түзүлөт.
7. Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
2-глава
8. Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору төмөнкү этаптардан турат:
1) сатып алууларды пландоо;
2) сатып алуу тууралуу документтерди иштеп чыгуу;
3) сатып алуу тууралуу кулактандырууну жарыялоо;
4) сунуштарды ачуу;
5) контракт түзүү;
6) контрактты башкаруу.
9. Билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарына муктаждык билим берүү уюмдарынын расмий өтүнмөлөрүнүн негизинде сатып алуучу уюм тарабынан түзүлөт.
10. Сатып алуучу уюм "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык документтердин электрондук формасынын негизинде веб-порталда сатып алуу жөнүндө документтерди түзөт.
Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар боюнча документтер милдеттүү түрдө сатылып алынуучу окуу материалдарынын техникалык спецификациясын, даярдоого калкуляцияны, продукцияны бөлүштүрүү планын, жеткирүү графигин жана берүү шарттарын, ошондой эле контракттын долбоорун камтууга тийиш.
11. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык чектелген метод менен сатып алууну жүзөгө ашырууда берүүчүлөргө карата төмөнкүдөй минималдуу квалификациялык талаптар коюлат:
1) Кыргыз Республикасында салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу. Кыргыз Республикасынын резиденти эместер үчүн - келген өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык карызы тууралуу маалымат;
2) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде белгиленген кызыкчылыктардын кагылышынын жоктугу;
3) финансылык отчёттуулук менен ырасталуучу чыгымдардын жоктугу жана финансылык жөндөмдүүлүктүн болушу;
4) лицензиялардын болушу (эгерде иши лицензияланса, Кыргыз Республикасынын резиденттери болуп саналбаган катышуучулар үчүн - Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык контракттын негизинде тараптар лицензияны өз ара тааныган учурда чыккан өлкөнүн лицензиясынын болушу);
5) контрактты жүзөгө ашыруу үчүн материалдык-техникалык базанын болушу;
6) зарыл билими жана тажрыйбасы бар тиешелүү квалификациядагы кызматкерлердин болушу;
7) сатып алуу предмети боюнча контракттарды аткаруунун документтер менен ырасталган окшош тажрыйбасынын болушу;
8) эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын өндүрүүчүнүн сапат сертификатынын болушу.
12. Сатып алуучу уюм берүүчүнүн сунуш берүүсү үчүн акыркы, бирок кулактандыруу жарыяланган датадан тартып 5 (беш) жумуш күндөн кем эмес мөөнөттү белгилейт.
Берүүчү кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө сунуш берет.
13. Сатып алуучу уюм жана өз сунушун берген берүүчү (берүүчүлөр) үчүн гана жеткиликтүү болгон ачуу протоколу жана сатып алуу жол-жоболорунун протоколу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25 жана 27-беренелерине ылайык веб-портал тарабынан түзүлөт.
Баалоонун жыйынтыктарына жана сатып алуу жол-жоболорунун протоколуна жеткиликтүүлүк сатып алуучу уюм жана катышкан берүүчү (берүүчүлөр) үчүн гана берилет. Сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколу контракт түзүлгөндөн кийин жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.
14. Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо жана тираждоо боюнча товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.