Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 18-апрели № 212
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 800 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсацияны төлөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсация төлөө маселелерин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 800 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсацияны төлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине турак жайды (жашоо аянтын) убактылуу жалдагандыгы үчүн акчалай компенсация төлөө жөнүндө жободо:
- 4-пункттун 5-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн курамына кирген мамлекеттик органдардын жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жетекчилери өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2023-жылдын 1-январынан тартып келип чыккан мамилелерге жайылтылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |