Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-апрели № 221
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында жана илимий мекемелеринде илимий иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын жана мамлекеттик илимий мекемелеринин потенциалын оптималдаштыруу жана өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө институттарынын жана жогорку окуу жайларынын интеллектуалдык жана мүлктүк потенциалын бириктирүү, фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 16-февралындагы № 26 "Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө илимдин салымын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте:
- тиешелүү штаттарын, материалдык-техникалык базасын, жанаша аймактарын жана колдонуудагы каржылоо булактарын сактоо менен "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн гуманитардык жана региондук изилдөөлөр институту" мекемесин "Ош мамлекеттик университети" мекемесинин карамагына жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академик Дж.Алышбаев атындагы экономика институту" мекемесин "Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети" илимий-изилдөө университети" мекемесинин карамагына белгиленген тартипте өткөрүп берүү боюнча чараларды көрсүн;
- мамлекеттик жогорку окуу жайларынын ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 16-февралындагы № 26 "Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө илимдин салымын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык бекитилип берилген Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө институттары менен интеграциялоону ушул токтом менен бекитилген Жобого ылайык уюштурсун;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте 2023-жылдын 30-майына чейинки мөөнөттө илимий тармакты каржылоо механизмдерин оптималдаштыруу боюнча макулдашылган сунушту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институтун анын функцияларынын жана милдеттеринин экономикалык блогун "Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети" илимий-изилдөө университети" мекемесинин карамагына өткөрүп берүү менен белгиленген тартипте кайра уюштурууну жүргүзсүн.
3. Мамлекеттик жогорку окуу жайларынын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 16-февралындагы № 26 "Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө илимдин салымын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык бекитилип берилген Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө институттары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы № 672 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставында:
- 37-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "УИАнын Президиумунун курамына УИАнын илимий-изилдөө институттары бекитилип берилген жогорку окуу жайларынын ректорлору/проректорлору да киргизилет.";
- 58-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жогорку окуу жайларына бекитилип берилген УИАнын институттарынын директорлорун кызмат орундарына бекитүү тиешелүү окуу жайларынын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.";
- 60-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жогорку окуу жайларына бекитилип берилген УИАнын институттарынын түзүмдөрү, алардын ишин уюштуруу тартиби, ошондой эле аларды башкарууга жана персоналга карата талаптар тиешелүү окуу жайлары менен макулдашуу боюнча аныкталат.".
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |