Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-апрели № 224
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторунда (ЭИМК, 3-версия):
- "Иштетүү өндүрүшү (Иштетүү өнөр жайы)" деген С секциясынын "Башка өндүрүштөр, машиналарды жана жабдууларды оңдоо жана орнотуу" деген CM чакан секциясында:
"Башка продукцияларды өндүрүү" деген 32-бөлүмдүн "Оюн жана оюнчуктарды өндүрүү" деген 32.4-тобунун "Оюн жана оюнчуктарды өндүрүү" деген 32.40-классынын тогузунчу абзацы "бильярд столдорун жана буюмдарды" деген сөздөрдөн кийин ", казино үчүн атайын столдорду" деген сөздөр менен толукталсын;
"Машиналарды жана жабдууларды оңдоо жана орнотуу" деген 33-бөлүмдүн "Даяр металл буюмдарын, машиналарды жана жабдууларды оңдоо" деген 33.1-тобунун "Башка жабдууларды оңдоо" деген 33.19-классынын онунчу абзацы "боулинг" деген сөздөн кийин "жана башка оюн автоматтары," деген сөздөр менен толукталсын;
- "Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу" деген R секциясында:
экинчи абзац "музейлерди," деген сөздөн кийин "оюн залдарын," деген сөздөр менен толукталсын;
"Искусство жаатындагы артисттик жана башка иш жана маданий-массалык көңүл ачуучу иш-чараларды өткөрүү" деген 90-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- кумар оюндарын уюштуруу (92);";
"Лотереяларды уюштуруу жана өткөрүү, лотерея билеттерин сатуу" деген 92-бөлүм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
92 |
| Лотерея, кумар оюндарын жана мелдештерди уюштуруу Бул бөлүм лотереяларды уюштурууну жана өткөрүүнү, лотерея билеттерин сатууну, ошондой эле кумар оюндары үчүн орнотмолорду пайдаланууну, анын ичинде казино ишин, бинго ишин, видео оюн терминалдарын жана ипподромдордо жана башка жерлерде мелдештерди уюштуруу кирет |
92.0 |
| Лотерея, кумар оюндарын жана мелдештерди уюштуруу |
92.00 |
| Лотерея, кумар оюндарын жана мелдештерди уюштуруу Бул класска төмөнкүлөр кирет: - лотереяларды уюштуруу, өткөрүү жана лотерея билеттерин сатуу; - казино иши; - онлайн-казино уюштуруу; - букмекердик кеңсе иши; - тотализатор; - оюн автоматтарын пайдалануу; - мелдештерди уюштуруу, анын ичинде ипподромдордо уюштуруу; - башка топторго кирбеген башка кумар оюндарын уюштуруу |
| 92.00.0 | Лотереяларды уюштуруу жана өткөрүү, лотерея билеттерин сатуу |
| 92.00.1 | Казино иши |
| 92.00.2 | Оюн-зоок жайларынын-тотализаторлордун иши |
| 92.00.3 | Букмекердик кеңселердин иши |
| 92.00.4 | Монета салуунун жардамы менен иштеген оюн автоматтарын пайдалануу |
| 92.00.5 | Онлайн-казино уюштуруу |
| 92.00.6 | Электрондук (виртуалдык) казино |
| 92.00.7 | Мелдештерди уюштуруу, анын ичинде ипподромдордо уюштуруу |
| 92.00.9 | Башка топторго кирбеген башка кумар оюндарын уюштуруу |
";
"Эс алуу жана көңүл ачууну уюштуруу боюнча спорттук жана башка иш" деген 93-бөлүмдө:
төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- кумар оюндарын уюштуруу (92).";
"Эс алууну жана көңүл ачууну уюштуруу боюнча иш" деген 93.2-топтун "Эс алууну жана көңүл ачууну уюштуруу боюнча башка иш" деген 93.29-классы төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- оюн автоматтарын пайдалануу.";
- "Башка тейлөө иши" деген S-секциясынын "Башка жеке тейлөө" деген 96-бөлүмүнүн "Башка жеке тейлөө" деген 96.0-тобунун "Башка топторго кирбеген башка жеке тейлөө" деген 96.09-классы төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"- монета салуунун жардамы менен иштеген оюн автоматтарын пайдалануу (92.00.4).".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |