| 2-тиркеме
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 209 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик заказ жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик заказды түзүү, каржылоо, жайгаштыруу жана аткаруу тартибин аныктайт (мындан ары - Мамзаказ).
2. Мамзаказ мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды (мындан ары - кызматчылар) бир календардык жылга жалпы багыт боюнча окутуу планын билдирет.
2. Мамзаказды түзүү
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы (мындан ары - Академия) мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) менен биргеликте Мамзаказдын долбоорун түзөт. Мамзаказдын долбоорунун формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
4. Мамзаказдын долбоору эки бөлүмдөн турат:
Биринчи бөлүм кызматчыларды окутуу системасын өнүктүрүү үчүн зарыл болгон иштерди жүргүзүүгө байланышкан жана төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы мүмкүн:
- окуу-методикалык иштеп чыгууларды (программаларды, модулдарды, колдонмолорду жана башкаларды) даярдоону, анын ичинде аралыктан окутуу формасы үчүн;
- илимий жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүүнү;
- окутууга көз карандысыз баалоо жүргүзүүнү;
- бөлүмдүн бюджетин.
Экинчи бөлүм кызматчыларды түздөн-түз окутууга байланышкан жана өзүнө төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- квалификацияны жогорулатуу боюнча курстардын жана тематикалардын аталыштарын;
- окутулуучу кызматчылардын санын жана категорияларын;
- окутуунун узактыгын (сааттардын саны);
- окутуу жайын;
- бөлүмдүн бюджетин.
Мамзаказдын долбооруна башка зарыл маалыматтар киргизилиши мүмкүн.
5. Квалификацияны жогорулатуу курстарынын тематикалары Академия тарабынан функциялык (предметтик) уюштурууну эске алуу менен кызмат орундарынын тобуна карата типтүү квалификациялык талаптардын негизинде аныкталат. Мамзаказдын долбооруна мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын юридикалык, финансылык (бухгалтерия), кадр жана башка кызматтарынын кызматкерлери үчүн окутуунун атайын тематикалары, ошондой эле улуттук программалар, стратегиялар боюнча жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери боюнча киргизилет.
6. Мамзаказдын долбоорун түзүүдө Академия кызматчылар иштеген жерди эске алуу менен окутуу жүргүзүлүүчү жайды аныктайт.
3. Мамзаказды каржылоо
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган Министрлер Кабинетинин Мамзаказды бекитүү жөнүндө чечиминин долбоорун Мамзаказ түзүлүп жаткан жылдан мурунку жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жиберет.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Мамзаказдын берилген долбоорун кезектеги календардык жылга мамлекеттик бюджеттин долбооруна киргизүү үчүн карайт.
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик заказ Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
9. Мамзаказды каржылоо республикалык бюджетте бул максаттар үчүн каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат.
10. Мамзаказды ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар Академиянын бюджетине өзүнчө сап менен киргизүү аркылуу бөлүнөт.
Академия Мамзаказда каралган каражаттарды натыйжалуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик тартат.
11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган каражаттар Мамзаказды каржылоонун кошумча булактары боло алат.
4. Мамзаказды ишке ашыруу (жайгаштыруу жана аткаруу)
12. Окутууга Мамзаказды жайгаштыруу төмөнкү түрдө жүзөгө ашырылат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Академия окутууну жүргүзүү үчүн Мамзаказды билим берүү уюмдарынын арасында, ошондой эле тренерлерди (консультанттарды) тартуу жолу менен жайгаштырат;
2) Академия мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык Мамзаказды кызматчыларды окутуу менен байланышкан окуу-методикалык иштеп чыгууларга (программаларды, модулдарды, колдонмолорду жана башкаларды) жайгаштырат.
3) Окуу-методикалык иштеп чыгуулар Академия тарабынан бекитилет.
13. Кошумча кесиптик билим берүү боюнча иш жүргүзүүгө лицензиясы бар билим берүү уюмдары Мамзаказдын аткаруучулары боло алышат.
14. Окутуунун план-графиктери Мамзаказды аткаруучулар тарабынан бекитилет, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Академия менен макулдашылат.
15. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган окутууну өткөрүүнүн план-графиктерин мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберет.
16. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары окутууну жүргүзүү план-графигине ылайык кызматчылардын тизмелерин түзөт жана аларды план-графикти алган күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбестен Мамзаказдын аткаруучуларына жиберет.
17. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери кызматкерлердин тизмесин берүү жана окууга катышуусу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
18. Окутуу аяктагандан кийин Академия ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Мамзаказдын алкагында окутуу жүргүзүлгөндүгү жөнүндө жыйынтыктоочу отчет берет.
19. Ыйгарым укуктуу орган Мамзаказды ишке ашыруунун сапатына мониторинг жүргүзөт жана контролдойт.
20. Ыйгарым укуктуу орган жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Мамзаказдын ишке ашырылышы жөнүндө отчет берет.