Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 18-апрели № 214
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 390 токтомунун редакциясына ылайык)
Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жүктөлгөн милдеттерин ишке ашыруу, ишкердик ишти колдоо жана өнүктүрүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 390 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
16 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги | 145 | 32 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 93 | 23 |
| аймактык бөлүмдөрү | 6 | 1 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 46 | 8 |
".
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ