Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 15-майы № 248
Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби жөнүндө
Бюджеттик пландоону регламенттөө жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамдын долбоорун түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 90, 91-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 723 “Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 110 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 723 “Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 23-майындагы № 41 (3490) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 845 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ