Загрузка документа…
1-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 260 токтомуна) |
Жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуу шарттарынын коопсуздугу боюнча МИНИМАЛДУУ САНИТАРДЫК ТАЛАПТАР
1. Жалпы жоболор жана колдонуу чөйрөсү
1.1. Жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуу шарттарынын коопсуздугу боюнча минималдуу санитардык талаптар (мындан ары - санитардык талаптар) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Ушул санитардык талаптардын жоболору жеке ишкерлер тарабынан көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарына карата колдонулат.
1.2. Ушул санитардык талаптар жеке ишкерлер тарабынан көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын 25 балага чейин жеке үйлөрдө жана 10 балага чейин көп кабаттуу үйлөрдө (батирлерде) уюштурууга карата колдонулат.
2. Жабдуулар жана аймактарды тейлөө боюнча талаптар
2.1. Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жеке ишкердин ишмердүүлүк аймагы тосулууга, жашылдандырылууга жана тышкы электр жарыгына ээ болууга тийиш.
2.2. Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жеке ишкердин менчик ишмердүүлүк аймагында оюн ойноочу (тайпалык жана дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу зоналар же аянтчалар) жана чарбалык аймакты, ошондой эле балдардын коляскаларын, велосипеддерин, самокаттарын сактоо үчүн жай болушу керек.
2.3. Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жеке ишкердин ишмердүүлүк аймагы таза кармалат, жай мезгилинде суу себилет, кышкысын - кар жана муздан тазаланат.
2.4. Чарбалык зонада таштанды топтоо үчүн контейнерлер жана башка чарбалык шаймандар сакталат.
3. Жайларга, жабдууларга жана аларды колдонууга болгон талаптар
3.1. Жайлардын жана (же) орундардын төмөнкүдөй топтому каралат:
- тарбиялануучулардын сырткы кийимин жана бут кийимин өзүнчө сактоо үчүн шкафтар же кийим илгичтер менен жабдылган орун;
- оюн ойнотуу үчүн оюн зонасы трансформациялануучу (жылдыруучу, түртүлүүчү) бир, эки, үч деңгээлдеги керебеттер камсыздаган шарттарда уктоочу зона менен айкаштырылышы мүмкүн, ошондой эле ичүү режимин уюштуруу менен балдардын тамактануусу үчүн (балдар 4 сааттан ашуун болгондо) зона болушу керек;
- тамактануу жана (же) тамак даярдоо үчүн аянт бир отургузуучу орунга 0,7 м2 (квадрат метрден) кем эмес болууга тийиш. Отургузуучу орундардын саны бардык балдардын бир убакытта тамактануусун камсыздоого тийиш;
- тамак даярдоо, тамак-аш азыктарын сактоо, идиш-аяк жуу жана сактоо үчүн ашкана раковиналар, маркаланган майдалоочу шаймандар жана ашкана приборлору менен жабдылышы керек;
- уктоону уюштурууда ар бир бала жеке шейшеп жууркандар менен камсыздалат, мында шейшеп, кийим жана бут кийимди оюн бөлмөсүндө, уктоочу бөлмөдө же ашканада кургатууга жол берилбейт;
- кир жуугуч машинаны орнотуу менен шейшептерди сактоо үчүн жер (балдарды уктатууну уюштурган учурда);
- даараткана балдардын боюна ыңгайлаштырылган унитаз жана үч жашка чейинки балдар үчүн - жекече горшоктор менен жабдылат;
- персоналдын балдар менен биргеликте бир даараткана жана жуунуучу бөлмөнү пайдалануусуна жол берилет;
- ар бир бала кол үчүн жекече сүлгү менен камсыздалат, бир жолку колдонулуучу сүлгүлөрдү пайдаланууга жол берилет.
3.2. Жайлардын дубалдары жылмакай болууга жана нымдуу ыкма менен тазалоого жана дезинфекциялоого боло тургандай жасалышы керек. Бардык курулуш жана жасалга материалдары балдардын ден соолугу үчүн зыянсыз болууга тийиш.
3.3. Негизги бөлмөлөрдө жана балдар жүрө турган аймактарда айкалышкан жарык болууга тийиш.
3.4. Кампа, көмөкчү, буфет, чечинүүчү бөлмө, кызматкерлер үчүн даараткана жайларын, ванна, душ, балдардын коляскалары жана велосипеддери үчүн жайларды табигый жарыксыз уюштурууга жол берилет.
3.5. Суу менен жабдуу, канализация тутумдары борборлоштурулган болууга тийиш. Канализациясы жок райондордо жайлар чуңкурларды казуу шартында (жергиликтүү септик) ички канализация менен жабдылат. Желдетүүнү камсыз кылуу үчүн терезелерде ачылуучу форточкалар же фрамугдор болушу керек. Жеке сектордо жылытууну буу казандары (электр же газ) өзүнчө бөлмөлөрдө жабдылган шартта жайгаштырууга жол берилет.
3.6. Бардык жайларды күнүнө 2 жолудан кем эмес фрамугаларды же терезелерди ачып, жуучу каражаттарды пайдалануу менен чаң топтолгон жерлерди (плинтустун жанындагы полду жана эмеректердин астын, подоконникти, радиаторлорду ж.б.) жана көп булгануучу жерлерди (эшиктердин, шкафтардын туткаларын, өчүргүчтөрдү, катуу эмеректерди ж.б.) милдеттүү тазалоо аркылуу нымдуу ыкма менен тазалашат.
3.7. Тамактанууга чейин жана андан кийин столдорду самындап ысык суу менен ушуга гана арналган атайын чүпүрөк менен жуушат.
3.8. Ванналарды, раковиналарды, унитаздарды, горшокторду күнүнө эки жолу балдардын ден соолугуна зыяны жок жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу аркылуу ерш же щеткалар менен тазалашат.
3.9. Бардык жайларга жана жабдууларга жалпы тазалоону айына бир жолу жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды пайдалануу менен жүргүзөт.
3.10. Даараткана үчүн тазалоочу шаймандарды ачык түстөр менен маркалашат жана даараткана бөлмөсүндө сакташат. Пайдалангандан кийин бардык тазалоочу шаймандарды жуугуч каражаттар менен ысык сууга жууп жана кургатышат.
3.11. Дезинфекциялоочу эритмелерди жана жуучу каражаттарды балдар жетпеген жерде сакташат.
3.12. Оюнчуктар балдардын ден соолугу үчүн зыянсыз жана нымдуу тазалоого (жууганга) жана дезинфекцияланууга ылайыктуу болууга тийиш. Оюнчуктарды күн сайын күндүн аягында, ал эми ясли тайпаларында күнүнө 2 жолу жуушат. Мектепке чейинки балдар үчүн жумшак жана пенолатекс түктүү оюнчуктарды дидактикалык курал катары гана пайдалануу керек.
3.13. Шейшептерди, сүлгүлөрдү булгануусуна жараша алмаштырат, бирок жумасына бир жолудан кем эмес.
4. Балдарды кабыл алууга талаптар
4.1. Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын биринчи жолу алып жаткан балдарды кабыл алуу № 063 жана № 26-у медициналык формаларынын көчүрмөлөрүнө ылайык медициналык маалымдаманын негизинде ишке ашырылат.
4.2. Балдарды күн сайын эртең мененки кабыл алууну тарбиячылар жүргүзөт, алар ата-энелерден балдардын ден соолугунун абалы тууралуу сурашат. Ооруга шектенген учурда бала кабыл алынбайт. Кабыл алынган күнү ооруп калган балдарды обочо кармашат жана ата-энесине маалымдашат.
4.3. Балдар 3 күндөн ашуун келбеген учурда (эс алуу жана майрам күндөрүнөн тышкары) медициналык маалымдама алынып келинет.
5. Кызматкерлерге талаптар
5.1. Жеке ишкерлер тарабынан мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү кызматкерлердин ишке кирип жаткан учурда медициналык китепчелери болууга, алдын ала медициналык кароодон өтүүгө жана кийин мезгил сайын жылына бир жолу белгиленген тартипте медициналык кароодон өтүүгө тийиш.
5.2. Жеке ишкерлер тарабынан мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү кызматкерлер жеке гигиена эрежелерин сактоого, жумушка таза кийими жана бут кийими менен келүүгө, сырт кийимин, баш кийимин жана жеке буюмдарын белгиленген жерде калтырууга, тырмактарын кыска алууга жана өзүнүн ден соолугу үчүн жоопкерчилик тартууга тийиш.
5.3. Жеке ишкерлер тарабынан мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү, жумушу тамак-аш даярдоого байланышкан кызматкерлер жумуш учурунда шакек, сөйкө тагынбашы, атайын кийимдерине төөнөгүч такпашы керек.
6. Тамактанууну уюштурууга талаптар
6.1. Тамактануу балдардын физиологиялык керектөөлөрүн канааттандырууга, ар түрдүү болууга жана жаңы даярдалууга тийиш. Жайларда көрүнүктүү жерде балдар үчүн ар күндүк меню жөнүндө маалымат илинет.
6.2. Тамак-аш азыктарынын сактоо жана жарактуулук мөөнөттөрү сакталышы керек.
6.3. Чийки жана даяр азыктарды чогуу сактоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу зарыл.
6.4. Ашкана шаймандары (такта, бычактар), идиш маркаланууга тийиш. Катуу дарак породасынан жасалган такталардын жаракалары жана жылчыктары болбошу керек.
7. Жоопкерчилик
Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жеке ишкер мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу жана ушул санитардык талаптардын толук аткарылышы үчүн жооптуу адам болуп саналат.