Сравнение редакций…
1-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 263 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин алдындагы "Сатып алуулар борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин алдындагы "Сатып алуулар борбору" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Сатып алуулар борбору) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин (мындан ары - Департамент) борборлоштурулган сатып алуулар чөйрөсүндөгү органдын функцияларын ишке ашыруучу ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Сатып алуулар борбору өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Сатып алуулар борбору өз ишин Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка уюмдар менен түздөн-түз өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
4. Сатып алуулар борбору мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле казыналык системада алыш-бериш жана башка эсептери бар.
5. Сатып алуулар борборунун кызматкерлеринин штатын күтүүгө кеткен чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
6. Сатып алуулар борборунун толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин алдындагы "Сатып алуулар борбору" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Центр закупок" при Департаменте государственных закупок при Министерстве финансов Кыргызской Республики".
7. Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Сатып алуулар борбору";
- расмий тилде: "Центр закупок".
2. Максаты жана милдеттери
8. Сатып алуулар борборунун ишинин максаты сатып алуучу уюмдардын керектөөлөрүн натыйжалуу жана үнөмдүү канааттандыруу үчүн борборлоштурулган сатып алууларды ишке ашыруу болуп саналат.
9. Сатып алуулар борборунун негизги милдети борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүү болуп саналат.
3. Функциялары
10. Сатып алуулар борбору төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) борборлоштурулган сатып алууларды пландоо;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык бирдиктүү уюштуруучу катары, ошондой эле аткаруучу катары борборлоштурулган сатып алууларды уюштуруу жана өткөрүү;
3) борборлоштурулган сатып алуулар боюнча пландарга жана алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү.
4. Сатып алуу борборунун укуктары жана милдеттери
11. Сатып алуулар борбору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Сатып алуулар борборунун ишинин белгиленген чөйрөсүндө чет мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдары жана эл аралык уюмдар менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерге кирүүгө, мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарууга;
4) бюджеттик программалар же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталуучу товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөр боюнча бирдиктүү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн зарыл болгон маалыматты, анын ичинде товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар планы, сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык спецификациясы, долбоордук-сметалык документтер, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимдин долбоору, тартылган эксперттер же эксперттик комиссия тууралуу, ошондой эле башка кошумча маалыматты суроого;
5) мамлекеттик сатып алуулардын пландарына жана алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматты, анын ичинде пландарды, отчетторду, келишимдерди, төлөмдөр жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар боюнча кандай болбосун башка маалыматты сатып алуучу уюмдардан суроого;
6) Сатып алуулар борборунун кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, эл аралык конференцияларга, семинарларга катышуу үчүн жиберүүгө.
12. Сатып алуулар борборунун кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүлөрдү берүүнүн тартиби, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу маселелери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
13. Сатып алуулар борбору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) оперативдүү башкаруу укугунда берилген мүлктүн сакталышы боюнча зарыл болгон чараларды көрүүгө;
2) салыктарды төлөөгө жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө финансылык отчетторду берүүгө;
3) өзүнүн өнүктүрүү келечегин аныктоого жана чарбалык чечимдерди кабыл алууга;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырды жана купуя маалыматты сактоону камсыз кылууга;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өзүнүн милдеттенмелерин аткарууга;
6) ушул Жободо аныкталган бардык талаптарды жана милдеттерди сапаттуу жана өз убагында аткарууну камсыз кылууга;
7) Департаментке өзүнүн иши тууралуу жылдык, кварталдык отчетторду берүүгө.
5. Ишин уюштуруу
14. Сатып алуулар борборун Кыргыз Республикасынын финансы министри менен макулдашуу боюнча Департаменттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
15. Сатып алуулар борборунда директордун орун басары кызматы каралган. Директордун орун басары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана өзүнүн ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүргүзөт.
Директор жок учурда анын милдеттерин аткаруу анын орун басарына жүктөлөт.
16. Директор:
1) Сатып алуулар борборунун ишине жалпы жетекчилик кылат жана ага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) белгиленген санынын чегинде түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;
3) директордун орун басарынын жана Сатып алуулар борборунун ишинин багыттары боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин ишин координациялайт жана контролдойт;
4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелери жана уюмдары менен мамилелерде Сатып алуулар борборунун атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Сатып алуулар борборунун компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө келишимдерге (ведомстволор аралык мүнөздөгү эл аралык келишимдерге) белгиленген тартипте кол коёт;
5) келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Сатып алуулар борборунун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Сатып алуулар борборунун кызматкерлерин сыйлоо жана аларга тартиптик жазаларды колдонуу маселелерин чечет;
8) Сатып алуулар борборунун түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
9) Сатып алуулар борборунун ишин камсыз кылууга тиешелүү документтерге биринчи кол коюу укугуна ээ.
17. Жаңы директорду дайындоо Сатып алуулар борборунун түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.
18. Сатып алуулар борборунун кызматкерлери өздөрүнүн милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
6. Корутунду жоболор
19. Сатып алуулар борборун кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
20. Сатып алуулар борбору жоюлган учурда анын ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы N 94 токтомунун редакциясына ылайык)

10) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүүгө жана натыйжалуу иштешине багытталган чараларды көрбөгөндүгү же талаптагыдай көрбөгөндүгү үчүн жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 94 токтомунун редакциясына ылайык)