Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-майы № 283
Автотранспорт каражатын муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн оперативдүү башкаруусунда турган, 2010-жылы чыгарылган, кузовунун № WV2ZZZ7HZBH024900, кыймылдаткычынын № САА104496, ак түстөгү "Фольксваген Транспортер" маркасындагы автомашинаны белгиленген тартипте Баткен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Баткен шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын белгиленген тартипте муниципалдык менчикке кабыл алуу жана аны жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чегинде күтүүнү камсыз кылуу;
- автотранспорт каражатын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык автотранспорт каражаттарын каттоо органдарында кайра каттоодон өткөрүү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |