Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 16-майы № 257
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-октябрындагы № 196 "Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 297-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-октябрындагы № 196 "Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Тизмек төмөнкүдөй мазмундагы "Башка жабдуулар" деген бөлүм менен толукталсын:
"
№ | ЕАЭБ ТЭИ ТН | Башка жабдуулар |
1 | 8504 22 100 0 | Кубаттуулугу 650 кВАдан ашык, бирок 1600 кВАдан ашпаган суюк диэлектриги бар трансформаторлор |
2 | 8504 23 000 9 | Кубаттуулугу 10000 кВАдан ашык суюк диэлектриги бар башка трансформаторлор |
3 | 8504 32 000 2 | Кубаттуулугу 1 кВАдан ашык, бирок 16 кВАдан ашпаган электр трансформаторлору, өлчөөчү |
4 | 8535 10 000 0 | 1000 Вдан ашык чыңалууга эриме сактагычтар |
5 | 8535 21 000 0 | 1000 Вдан ашык, бирок 72,5 кВдан аз чыңалууга автоматтык өчүргүчтөр |
6 | 8535 29 000 0 | 1000 Вдан ашык чыңалууга автоматтык өчүргүчтөр, башкалар |
7 | 8535 30 200 0 | 72,5 кВдан аз, бирок 1000 кВдан ашык чыңалууга ажыраткычтар жана үзгүлтүккө учураткычтар |
8 | 8535 30 900 8 | 72,5 кВдан жана андан ашык чыңалууга башка ажыраткычтар жана үзгүлтүккө учураткычтар |
9 | 8535 30 900 1 | Тышкы аппаратураны туташтыруу үчүн арналган бекитүү тешиктери менен экиден кем эмес монтаждоо фланецин камтыган, алюминий эритмесинен жасалган корпустагы 110 кВдан кем эмес, бирок 550 кВдан ашпаган чыңалууга элегаз өчүргүчтөрү, мында жок дегенде монтаждоо фланецтеринин бири борборлорунун диаметри 330 мм кем эмес, бирок 680 мм ашпаган тегеректе жайгашкан бекитүү тешиктерин камтыйт |
10 | 8535 30 900 2 | Тышкы аппаратураны туташтыруу үчүн арналган бекитүү тешиктери менен экиден кем эмес монтаждоо фланецтерин камтыган, алюминий эритмесинен жасалган корпустагы 110 кВдан кем эмес, бирок 550 кВдан ашпаган чыңалууга элегаз ажыраткыч жерге туташтыргычтар, мында жок дегенде монтаждоо фланецтеринин экөө борборлорунун диаметри 330 мм кем эмес, бирок 680 мм ашпаган тегеректе жайгашкан бекитүү тешиктерин камтыйт |
11 | 8535 30 900 3 | Борборлорунун диаметри 330 мм кем эмес, бирок 680 мм ашпаган тегеректе жайгашкан бекитүү тешиктери менен тышкы аппаратураны туташтыруу үчүн арналган, жок дегенде эки монтаждык фланецти камтыган, алюминий эритмесинен жасалган корпустагы 110 кВдан кем эмес, бирок 550 кВдан ашпаган чыңалууга элегаз жерге туташтыргычтар |
12 | 8535 30 900 8 | 72,5 кВ жана андан ашык чыңалууга ажыраткычтар жана үзгүлтүккө учураткычтар |
13 | 8535 40 000 0 | 1000 Вдан ашык чыңалууга чагылган тоскучтар, чыңалууну чектегичтер жана чыңалуунун кескин өзгөрүүсүн токтоткучтар |
14 | 8535 90 000 8 | Электр чынжырларын коммутациялоо же коргоо үчүн же электр чынжырларына туташтыруу үчүн же электр чынжырларында (мисалы, өчүргүчтөр, кайра өчүргүчтөр, ток кабылдагычтар, токосъемниктер жана башка туташтыргычтар, туташтыруучу кутулар) 1000 Вдан ашык чыңалууга электрдик башка аппаратура |
15 | 8535 90 000 1 | Борборлорунун диаметри 330 мм кем эмес, бирок 680 мм ашпаган тегеректе жайгашкан бекитүү тешиктери бар тышкы аппаратураларды туташтыруу үчүн монтаждоочу фланец шакекчесин камтыган алюминий эритмесинен жасалган корпуста 110 кВдан кем эмес, бирок 550 кВдан ашпаган чыңалууга бир же бир нече электроддору менен өтүүчү изоляторлор |
16 | 8536 10 100 0 | 1000 Вдан ашпаган чыңалууга, 10 Адан кем эмес ток күчүнө эригич сактагычтар |
17 | 8536 10 500 0 | 1000 Вдан ашпаган, 10 Адан ашык, бирок 63 Адан ашпаган ток күчүнө эригич сактагычтар |
18 | 8536 10 900 0 | 1000 Вдан ашпаган чыңалууга, 63 Адан ашык ток күчүнө эригич сактагычтар |
19 | 8536 20 100 7 | 63 Адан ашпаган ток күчүнө автоматтык өчүргүчтөр, башкалар |
20 | 8536 30 200 0 | 16 Адан ашпаган ток күчүнө электр чынжырларын коргоо үчүн түзүлүштөр, башкалар |
21 | 8536 30 400 0 | 16 Адан ашык, бирок 125 Адан ашпаган ток күчүнө электр чынжырларын коргоо үчүн түзүлүштөр, башкалар |
22 | 8536 30 800 0 | 125 Адан ашык ток күчүнө электр чынжырларын коргоо үчүн түзүлүштөр, башкалар |
23 | 8536 41 100 0 | 60 Адан ашпаган чыңалууга, 2 Адан ашпаган ток күчүнө реле |
24 | 8536 41 900 0 | 60 Адан ашпаган чыңалууга, 2 Адан ашык ток күчүнө реле |
25 | 8536 49 000 0 | 1000 Вдан жогору эмес чыңалууга реле, башкалар |
26 | 8536 90 010 0 | 1000 Вдан жогору эмес чыңалууга электр чынжырлары үчүн алдын ала чогултулган элементтер |
27 | 8546 10 000 0 | Айнек электр изоляторлору |
28 | 8546 20 000 0 | Керамикалык электр изоляторлору |
29 | 8546 90 100 0 | Желимден башка электр изоляторлору |
30 | 8501 53 990 0 | Номиналдуу чыгуу кубаттуулугу 750 кВттан ашык, көп фазалуу өзгөрүлмө токтун кыймылдаткычтары, башкалар |
31 | 8501 64 000 0 | Номиналдык чыгуу кубаттуулугу 750 кВАдан ашык өзгөрүлмө токтун генераторлору (синхрондуу генераторлор) |
32 | 8410 90 000 9 | Гидравликалык турбиналар, суу дөңгөлөктөрү үчүн жөнгө салууларды кошкондо, башка бөлүктөр |
33 | 8426 11 000 0 | Бекитилген таянычтардагы көпүрө крандары |
34 | 8481 80 850 8 | Түтүктөр, казандар, резервуарлар, цистерналар, бактар же окшош сыйымдуулуктар үчүн бурма диск түрүндөгү башка затворлор |
35 | 8544 49 910 8 | Башкалар (диаметри 0,51 мм ашык изоляцияланган өткөргүчтөрү менен өткөргүчтөр жана кабелдер) |
36 | 7305 31 000 0 | Ширетилген түз тигиштери бар |
37 | 8537 20 920 0 | 1000 Вдан ашык, бирок 72,5 кВдан ашпаган чыңалууга |
38 | 8537 10 980 0 | Башкалар (пульттар, панелдер, консолдор, столдор, электр аппаратуралары үчүн бөлүштүргүч щиттер жана негиздер, электр тогун, анын ичинде өзүнө 90 топтогу приборлорду же түзүлүштөрдү камтыган башкаруу же бөлүштүрүү үчүн 8535 же 8536 товардык позициядагы эки же андан ашык түзүлүштөр менен жабдылган башкалар жана 8517 товардык позициядагы коммутациялык түзүлүштөрдөн тышкары санариптик башкаруу аппараттары) |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 23-майындагы № 41 (3490) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |