Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-майы № 287
Оюн-зоок ишине салыктын ставкаларын белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 453-беренесин ишке ашыруу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Оюн-зоок ишинин түрлөрүнө салыктын ставкаларынын төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленсин:
1) казинонун 1 оюн столу (1 флот) үчүн:
- 2023-жылы - 450000 сом;
- 2024-жылдан тартып - 600000 сом;
2) оюн автоматтары жана компьютердик симуляторлор залында 1 оюн автоматы үчүн:
- 2023-жылы - 10000 сом;
- 2024-жылдан тартып - 15000 сом.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |