Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 6-июну № 295
"АРТ СОФТ КГ" жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участогун берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5-статьясынын 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "АРТ СОФТ КГ" жоопкерчилиги чектелген коомуна (мындан ары - "АРТ СОФТ КГ" ЖЧК) Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Арал айылы, Кыргызстан көчөсү, № 34/1 дареги боюнча жайгашкан, "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына кирген аянты 20 га болгон жер участогу (идентификациялык коду 3-04-01-0007-0683) жип өндүрүү жана текстиль буюмдарын чыгаруу боюнча пахта-текстиль кластерин курууга жана ишин жүргүзүүгө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда 49 жылдык мөөнөткө берилсин.
2. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрациясы белгиленген тартипте:
- айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын суммасынын ордун толтурсун;
- "АРТ СОФТ КГ" ЖЧК менен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогуна ижара келишимин түзсүн;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун кабыл алуу-өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгиленген тартипте:
- "АРТ СОФТ КГ" ЖЧКга ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогуна убактылуу пайдалануу укугун каттасын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. "АРТ СОФТ КГ" ЖЧКга ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунун сакталышын жана максаттуу пайдаланылышын белгиленген тартипте камсыздоо сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 13-июнундагы №47 (3496) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |