Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 31-майы № 293
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегинин форматы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21. Мамлекеттик органдарга жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына тиешелүү мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү боюнча.";
- 21-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарында (республикалык маанидеги шаарларды кошпогондо) коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги.".
3. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары үч айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Форматы
Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын ТИЗМЕГИ
_____________________________________________________________________
(мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы)
№ | Мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциясы (ыйгарым укуктары) | Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орто, жогорку) | Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин) аталышы | Коррупциялык тобокелдикке кабылган кызмат орундары | Башка мамлекеттик органдарда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болушу мүмкүнбү (ооба болсо, кайсы экенин көрсөтүңүз) |
Функциянын тиби _____________________ (функциялардын типтерин көрсөтүү керек: контролдоо жана көзөмөлдөө, жөнгө салуу, кызматтарды көрсөтүү ж.б.) | |||||||

Эскертүү: бул токтомго каршы келбеген бөлүктө ушул тизмени толтуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 18-майындагы № 281 буйругу менен бекитилген Коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу боюнча методикалык колдонмо, башка ченемдик укуктук актылар жана регламенттөөчү документтер пайдаланылат.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 31-майы № 293
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 токтомуна ылайык күчүн жоготту).