Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-январы № 22
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-октябрындагы № 583 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-октябрындагы № 583 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пунктта:
5-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 16, 17-пунктчалар менен толукталсын:
"16) микрогенерация - электр энергиясын көлөмүнө, технологиясына же отунуна карабастан, тармактан тышкары жана тармакка параллелдүү жерде же анын керектөө жерине жакын жерде өндүрүү;
17) микрогенерация объекти - эгерде мындай объекттин электр энергиясын электр тармагына берүү үчүн имараттагы бирден көп жайды, анын ичинде көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүнүн курамына кирген жайды тейлөө үчүн арналган электр жабдуусу пайдаланылбаса, электр энергиясын керектөөчүгө менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде таандык болгон, энергияны кабыл алуучу түзүлүштөрү чыңалуунун деңгээли 1 кВдан ашпаган жана максималдуу кубаттуулугу 15 кВттан ашпаган электр тармактык чарба объекттерине технологиялык жактан кошулган электр энергиясын өндүрүү боюнча объект.";
- 4-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) электр компанияларынын техникалык шарттарын берүүнүн негизинде ЭКБ объекттерин курууну жөнгө салууну жана эсепке алууну жүргүзөт;";
8-пунктчадагы "ЭКБны пайдалануу менен" деген сөздөр "ЭКБны пайдалануу менен, анын ичинде микрогенерация объекттеринен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15, 16-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5-пункттун 2-пунктчасындагы "ЭКБ субъекттеринен" деген сөздөр "ЭКБ субъекттеринен, анын ичинде микрогенерация объекттери үчүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-пунктта:
1-пунктча "тармактарына" деген сөздөн кийин ", анын ичинде тармактын техникалык мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен микрогенерация объекттерине" деген сөздөр менен толукталсын;
2-пунктча "ЭКБ-орнотмосу тарабынан" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде микрогенерация объекти менен" деген сөздөр менен толукталсын;
3-пунктча "керектөөчүлөргө" деген сөздөн кийин ", анын ичинде тармактын техникалык мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен микрогенерация объекттерине" деген сөздөр менен толукталсын;
- 10-пунктта:
2-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) электр энергетика компаниясынын берилген техникалык шарттарынын негизинде электр берүү линиясын тармакка кошуу түйүнүнө чейин куруу боюнча бардык чыгымдарды тартат.";
- 12, 19-пункттар, 20-пункттун 2-пунктчасы, 6-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
- 40-пункттагы "ЭКБ субъектин каттоо жөнүндө күбөлүктү алгандан кийин" деген сөздөр алып салынсын;
- 44-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) жер участогуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү;";
- 13-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-глава. ЭКБны пайдалануу менен энергияны өндүрүүчүлөрдүн жана ЭКБ-орнотмолорун өндүрүүчүлөрдүн милдеттери
55. ЭКБны пайдалануу менен энергия өндүрүүчүлөр жана ЭКБ-орнотмолорун өндүрүүчүлөр төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) энергетика жана ЭКБ жаатындагы мыйзамдардын, ошондой эле экологиялык жана өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарын сактоого;
2) ЭКБны жана ЭКБ-орнотмолорун пайдалануу менен энергияны өндүрүүдө ЭКБны пайдалануу жаатындагы техникалык регламенттерди, ченемдерди жана эрежелерди сактоого;
3) жер участогун алган учурдан тартып 3 (үч) жылдын ичинде ЭКБны пайдалануу менен орнотмолорду куруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга.";
- жогоруда аталган Жобонун 1, 2-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо газетасынын 2023-жылдын 27-январындагы № 6 саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |