Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 17-августу № 462
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 276 "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун дүң кирешесинен "Нарын облусун өнүктүрүү фондуна" каражаттарды чегерүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Нарын облусун өнүктүрүү фондунун аталышын тактоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 276 "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун дүң кирешесинен "Нарын облусун өнүктүрүү фондуна" каражаттарды чегерүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
аталышында жана 1-пунктунда "Нарын облусун өнүктүрүү фонду" деген сөздөр "Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фонду" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |