Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 305 токтомуна) |
Валюталык активдерди алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 149 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Валюталык активдерди алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелери жана башка уюмдары (мындан ары - катышуучу) менен валюталык активдерди алмаштыруу тартибин аныктайт (мындан ары - валюталык своп-операция).
2. Ыйгарым укуктуу орган валюталык своп-операцияларды Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
3. Ыйгарым укуктуу орган валюталык своп-операциялардын төмөнкүдөй түрлөрүн жүзөгө ашырат:
- түз своп;
- кайтарым своп.
4. Валюталык своп-операциялар улуттук валютада ликвиддүүлүктү камсыз кылуу (түз своп) же ашыкча ликвиддүүлүктү алып салуу (кайтарым своп) максатында жүзөгө ашырылат.
5. Ушул Жобонун 10-пунктунун талаптарына жооп берген финансы-кредиттик жана башка уюмдар валюталык своп-операциялардын катышуучулары болуп саналат.
6. Катышуучу улуттук валютаны пайдалангандыгы үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген пайыздарды төлөйт.
7. Катышуучу менен ыйгарым укуктуу органдын ортосундагы валюталык своп-операциялар боюнча өз ара мамилелери ушул Жобо жана ыйгарым укуктуу орган менен катышуучунун ортосундагы валюталык активдерди алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндөгү эки тараптуу макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген типтүү форма боюнча жөнгө салынат.
8. Ар бир валюталык своп-операция Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган келишимде аныкталган шарттарда жүргүзүлөт. Келишим Макулдашууда белгиленген талаптарга карама-каршы келбеши керек.
2. Аныктамалар жана терминдер
Бул Жободо төмөнкү аныктамалар жана терминдер колдонулат:
1) валюталык своп-операция - улуттук валютаны чет өлкөлүк валютадагы эквиваленттүү суммага алмаштыруу боюнча операция, мында бул сумманы алдын ала сүйлөшүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин кайра алмаштыруу жана улуттук валютаны пайдалануу үчүн эсептелген пайыздарды төлөө милдеттенмеси келип чыгат;
2) алмаштыруу валютасы - валюталык своп-операция боюнча актив катары колдонулуучу чет өлкөлүк валюта;
3) кайтарым своп - ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөлүк валютаны улуттук валютага алмаштыруу менен катышуучуга сатуу операциясы, мында бул сумманы кайра алмаштыруу милдеттенмеси келип чыгат;
4) түз своп - ыйгарым укуктуу органдын катышуучудан чет өлкөлүк валютаны улуттук валютага алмаштыруу менен сатып алган операциясы, мында бул сумманы кайра алмаштыруу милдеттенмеси келип чыгат.
3. Валюталык своп-операцияларды жүргүзүүнүн жалпы шарттары
9. Валюталык своп-операция жүргүзүүгө уруксат алуу үчүн катышуучу ыйгарым укуктуу органга валюталык своп-операция жүргүзүүгө уруксат алуу ниети жөнүндө кат жиберет.
10. Катышуучу төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) Кыргыз Республикасынын резиденттиги;
2) акыркы эки жылдын ичинде финансы рыногунда иш жүргүзүү;
3) акыркы жыл үчүн эсептин жана отчеттуулуктун бухгалтердик жана финансылык отчеттуулуктун белгиленген стандарттарына шайкештигин эч кандай эскертүүсүз ырастаган тышкы аудитордун корутундусунун болушу;
4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салык жана башка милдеттүү төлөмдөр, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын жоктугу;
5) башка кредиторлордун жана контрагенттердин алдында мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын жоктугу.
Ушул пункттун 4, 5-пунктчалары Өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында иш алып барган эл аралык өнүктүрүү фонддоруна жайылтылбайт.
11. Ыйгарым укуктуу орган катышуучу менен валюталык своп операция жүргүзүү жөнүндө чечимди тийиштүү буйрук кабыл алуу менен чечим чыгарат. Оң чечим чыккан учурда ыйгарым укуктуу орган жана катышуучу Макулдашууга кол коюшат, анын алкагында айрым своп операцияларын жүргүзүү боюнча Келишимдер түзүлөт.
12. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкү шарттарды аныктайт:
Валюталык своп-операциясынын түрү:
1) түз же кайтарым;
2) параметрлер:
- валюталык своп-операциясынын шарттары, 5 жылга чейин, 3 жылга чейин автоматтык узартуу менен бирок 2 иреттен ашык эмес;
- валюталык своп операциясы үчүн каражаттардын жалпы суммасы мамлекеттин чет өлкөлүк валюта эквивалентиндеги эл аралык милдеттенмелери боюнча милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө учурдагы бюджеттик жылга бекитилген республикалык бюджетте каралган суммадан ашпоого тийиш;
- алмаштыруу валютасы;
- тике/кайтарым валюталык своп-операциялары үчүн улуттук валюта боюнча пайыздык чен;
3) Кошумча шарттар:
- операцияларды мөөнөтүнөн мурда аяктоо мүмкүнчүлүгү;
- операцияны мөөнөтүнө чейин бөлүп аяктоо мүмкүнчүлүгү жана саны.
13. Ушул жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн кошумча шарттар катышуучу менен макулдашуу боюнча гана аныкталат жана Макулдашууда көрсөтүлөт.
14. Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн валюталык своп-операцияларын жүргүзүүнүн шарттары ыйгарым укуктуу орган тарабынан валютасы Макулдашууга кол коюуда катышуучуга жарыяланат.
15. Ыйгарым укуктуу орган жана Катышуучу Макулдашууда көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыздайт.
16. Валюталык своп-операциясы боюнча пайыздарды чегерүү мөөнөтү календардык күндөр менен туюнтулган убакыт аралыгы катары аныкталат жана улуттук/чет өлкөлүк валютада акча каражаттарын эсептен чыгаруу/чегерүү күнүнөн кийинки күндөн тартып, улуттук/чет элдик валютадагы каражаттарды кайра эсептеп чыгаруу/чегерүү күнүнө чейин камтылып эсептелет. Чегерилген пайыздарды тындыруу Макулдашуунун шарттарына ылайык төлөнөт.
17. Аткаруу жана аяктоо датасы Кыргыз Республикасында же банк-корреспонденттердин өлкөсүндө иш күн эмес болуп саналган учурларда валюталык своп-операцияны аткаруу кийинки иш күнү жүргүзүлөт. Мында валюталык своп-операциянын жыйынтыктоочу бөлүгүнүн накталай суммасы кайра эсептелбейт.
18. Акча каражаттарын баштапкы жана кайтарым алмаштыруу боюнча валюталык своп-операцияларды жүргүзүүдө своп-операция жүргүзүлгөн күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген расмий курска барабар алмашуу курсу колдонулат.
19. Улуттук валютадагы акча каражаттарын чегерүү жана эсептен чыгаруу катышуучулардын улуттук валютасындагы эсептеринде жана ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү эсебинде жүзөгө ашырылат.
20. Чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарын тиешелүү эсептер боюнча эсепке алуу жана эсептен чыгаруу катышуучу жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылат.
21. Жүргүзүлгөн валюталык своп-операциялардын натыйжасында алынган пайда республикалык бюджеттин кирешесине багытталат, келип чыккан чыгым республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылат.
4. Катышуучунун укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
22. Катышуучунун жана ыйгарым укуктуу органдын укуктары жана милдеттери ушул Жобого жана Макулдашууга ылайык аныкталат.
23. Катышуучу валюталык своп-операция жүргүзүүдөн алынган каражаттарды потенциалдуу зайымчылардын долбоорлорун каржылоого же болбосо юридикалык жактардын уставдык капиталына, анын ичинде уставдык капиталга салымды киргизүү же үлүштөрдү (акцияларды) сатып алуу жолу менен инвестициялоого багыттоого, андан ары ыйгарым укуктуу органга каржыланган долбоорлор жөнүндө жалпы маалыматтарды берүүгө милдеттенет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 149 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Катышуучу тарабынан валюталык своп-операция боюнча өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы болуп төмөнкүлөр эсептелет:
түз валюталык своп-операция жүргүзүүдө:
- түз валюталык своп-операцияны жүзөгө ашыруу датасына карата ыйгарым укуктуу органдын эсебине чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарынын суммасы толук эмес жана/же өз убагында чегерилбегендиги;
- түз валюталык своп-операция аяктаган, мөөнөтүнөн мурда аяктаган же жарым-жартылай аяктаган датага карата катышуучу тейленген коммерциялык банктагы эсебинде улуттук валютада акча каражаттарынын жетиштүү суммада жоктугу;
кайтарым валюталык своп-операция жүргүзүүдө:
- кайтарым валюталык своп-операция жүргүзүү датасына карата катышуучу тейленген коммерциялык банктагы эсебинде улуттук валютада акча каражаттарынын жетиштүү суммада жоктугу;
- кайтарым валюталык своп-операция аяктаган, мөөнөтүнөн мурда аяктаган же жарым-жартылай аяктаган датага карата ыйгарым укуктуу органдын өлкөлүк валютадагы эсебине чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарынын суммасы толук эмес жана/же өз убагында чегерилбегендиги.
25. Валюталык своп-операция боюнча ыйгарым укуктуу органдын өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- тике валюталык своп-операция жүргүзүүдө - түз валюталык своп-операция аяктаган, мөөнөтүнөн мурда аяктаган же мөөнөтүнөн мурда жарым-жартылай аяктаган датага карата катышуучунун чет өлкөлүк валютадагы корреспонденттик эсебине чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарынын суммасы толук эмес жана/же өз убагында чегерилбегендиги;
- кайтарым валюталык своп-операция жүргүзүүдө - кайтарым валюталык своп-операция аткарылган датага карата катышуучунун чет өлкөлүк валютадагы корреспонденттик эсебине чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарынын суммасы толук эмес жана/же өз убагында чегерилбегендиги.
26. Эгерде катышуучу валюталык своп-операцияны аткаруу/аяктоо/мөөнөтүнөн мурда аяктоо/мөөнөтүнөн мурда жарым-жартылай аяктоо датасына карата өз милдеттенмелерин аткарбаса, катышуучу ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү эсебине валюталык своп-операциянын баштапкы/аяктоо/мөөнөтүнөн мурда аяктоо/мөөнөтүнөн мурда жарым-жартылай аяктоо бөлүгүнүн акча каражаттарынын тиешелүү суммасынын 0,05% өлчөмүндөгү бир жолку айыптык төлөмдү чегерүү жолу менен төлөп берет.
27. Эгерде ыйгарым укуктуу орган валюталык своп-операцияны аткаруу/аяктоо/мөөнөтүнөн мурда аяктоо/мөөнөтүнөн мурда жарым-жартылай аяктоо датасына карата өз милдеттенмелерин аткарбаса, ыйгарым укуктуу орган катышуучу тейленген коммерциялык банктагы алыш-бериш эсебине валюталык своп-операциянын баштапкы/аяктоо/мөөнөтүнөн мурда аяктоо/мөөнөтүнөн мурда жарым-жартылай аяктоо бөлүгүнүн акча каражаттарынын тиешелүү суммасынын 0,05% өлчөмүндөгү бир жолку айыптык төлөмдү чегерүү жолу менен төлөп берет.
5. Талаш-тартыштарды чечүү
28. Валюталык активдерди алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү шарттары боюнча ыйгарым укуктуу орган менен катышуучулардын ортосунда келип чыккан бардык талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.
6. Эсепке алуу жана отчеттуулук
29. Валюталык активдерди алмаштыруу боюнча операцияларды эсепке алуу жана отчеттуулук белгиленген жол-жоболорго ылайык жүргүзүлөт.