Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 16-майы № 253
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын Ак-Суу райондук суу чарба башкармалыгынын балансында, мамлекеттин менчигинде турган мүлктү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл аймагындагы сугат жерлерин сугат суусу менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын Ак-Суу райондук суу чарба башкармалыгынын балансында, мамлекеттин менчигинде турган, узундугу 400 метр болгон "Звероферма" насостук станциясынын курамына кирген өткөргүч түтүктөр Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы менен биргеликте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү белгиленген тартипте кабыл алуу-өткөрүп берүүнү жүргүзсүн.
3. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөтү:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү белгиленген тартипте менчикке кабыл алсын;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өткөргүч түтүктөрдү максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 9-июнундагы № 46 (3495) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |