Загрузка документа…
4-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 19-июнунудагы № 307 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу
“Аймактарды коргоо боюнча региондор аралык борбор”
мамлекеттик ишканасынын
уставы
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-августундагы № 489, 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жобо
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Аймактарды коргоо боюнча региондор аралык борбор” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – Ишкана) мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюмдаштыруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Министрлик эсептелет.
5. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Аймактарды коргоо боюнча региондор аралык борбор” мамлекеттик ишканасы;
– расмий тилде – Государственное предприятие “Межрегиональный центр по защите территорий” при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики.
Кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде – “Региондор аралык борбор” МИ;
– расмий тилде – ГП “Межрегиональный центр”.
6. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат.
7. Ишкана толук чарбалык эсеп жүргүзүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
8. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
9. Ишкананын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык башка атрибуттары бар.
10. Ишкана өзүнүн бардык милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп берет.
11. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Көк-Жар айылы, Карагул-Акмат көч., 5.
2. Негизги максаттары, милдеттери жана функциялары
12. Ишкананын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
– баланстагы атайын техникалык жана инженердик автотранспорт каражаттарын пайдалануу менен табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
– авариялык-калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис иштердин комплексин жүргүзүү.
13. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
– өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында пайдаланылуучу товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алуу, сактоо, ташуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
– Министрлик үчүн зарыл болгон товардык-материалдык баалуулуктарды даярдоо жана сактоо;
– өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу болгон учурда потенциалдуу кооптуу объекттерде курулуш, авариялык-калыбына келтирүү жана жээкти бекемдөө иштерин жүргүзүү;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы финансылык каражаттарды тартуу жана сарамжалдуу пайдалануу;
– жалпы негиздерде пайдаланылуучу негизги фонддорду (анын ичинде оңдоо устаканаларын жана башкаларды) пайдалануу;
– калктуу конуштарды коргоо боюнча иштерди жүргүзүү;
– Ишкананын чарбалык карамагына өткөрүп берилген Министрликтин негизги фонддорун, жүгүртүү каражаттарын жана материалдык-техникалык ресурстарын натыйжалуу пайдалануу;
– өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу максатында Жарандык коргонуунун материалдык-техникалык каражаттарын сатып алуу, сактоо жана ташуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
– өзгөчө кырдаалдардын коркунучу жана кесепеттерин жоюу учурунда эвакуациялоо, куткаруу, авариялык-калыбына келтирүү иштерине катышуу;
– калкты жана аймакты табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө күчтөрдү жана каражаттарды дайыма даярдыкта кармоо;
– айрым келишимдер боюнча оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүү.
14. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык Ишкана төмөнкү функцияларды аткарат:
– мүмкүн болгон табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча инженердик жана башка алдын алуучу иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
– табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар шарттарында жана зоналарында ыкчам чара көрүү жана авариялык-калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү;
– жоопкерчилик зоналарында авариялык-калыбына келтирүүчү жана башка кечиктирилгис иштерди ыкчам которуу жана жүргүзүү үчүн күчтөрдү жана каражаттарды дайыма даярдыкта кармоо;
– өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн материалдык ресурстардын резервин түзүү;
– Министрликтин жана калктын муктаждыктары үчүн өнөр жай жана курулуш материалдарын (товарларды) өндүрүү;
– юридикалык жана жеке жактарга (анын ичинде чет өлкөлүк жактарга) колдонуудагы мыйзамдарда уруксат берилген акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;
– Ишкананын эксплуатациялык чыгымдарынын ордун толтуруу жана материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү максатында чарба жүргүзүү укугунда берилген негизги фонддорду убактылуу пайдаланууга берүү;
– транспорттук кызматтарды көрсөтүү;
– инфратүзүм объекттерин куруу, Министрликтин болгон инфратүзүмүнүн материалдык-техникалык базасын натыйжалуу пайдалануу жана чыңдоо;
– гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу, сактоо жана берүү;
– өзгөчө кырдаалдар районуна, ошондой эле КМШ жана ШКУ чек ара өлкөлөрүнө гуманитардык жардамды жеткирүүнү камсыздоо;
– өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан объекттерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Министрликтин чечимдерине ылайык курулуш жана башка товардык-материалдык баалуулуктар менен камсыз кылуу;
– Ишкананын материалдык-техникалык базасын кеңейтүү боюнча уюштуруу-техникалык иш-чаралардын комплексин жүргүзүү;
– күйүүчү-майлоочу материалдарды топтоо жана сактоо, ошондой эле Министрликтин бөлүнүштөрүнүн керектөөлөрүн камсыздоо үчүн автомай куюучу бекеттердин жана пункттардын тармактарын түзүү жана пайдалануу;
– жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу;
– гидрокурулмаларды куруу;
– эл керектөөчү товарларды жеткирүү боюнча иш жүргүзүү;
– мамлекеттик (муниципалдык) уюмдар жана мекемелер үчүн объекттерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчы катары иштерди аткаруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-августундагы № 489 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Ыйгарым укуктуу министрликтер менен ведомстволордун атайын уруксатынын (лицензиясынын) болушун талап кылган иштин айрым түрлөрүн Ишкана тиешелүү уруксатты (лицензияны) алгандан кийин жүзөгө ашырат.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
16. Ишкана ушул Устав менен аныкталган милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
– обочолонгон мүлккө ээ болууга;
– Министрликке сунуштарды киргизүүгө;
– Министрлик менен макулдашуу боюнча өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана жоопкерчиликти алууга;
– сот органдарында доогер жана жоопкер болууга;
– чарбалык карамагында турган мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
– эл керектөөчү товарларды чыгарууну уюштурууга, коммерциялык ишти жүзөгө ашырууга;
– күйүүчү-майлоочу материалдардын дүң жана рыноктук соодасын уюштуруу;
– Ишкананын уставдык милдеттерине ылайык Министрлик менен макулдашуу боюнча өндүрүштүк-курулуш участокторун түзүүгө;
– көмөкчү чарбаны түзүүгө жана кармоого, айыл чарбасынын продукциясын кайра иштетүүгө;
– юридикалык жана жеке жактар менен келишим түзүүгө;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактардын өтүнмөлөрү боюнча келишимдик негизде кызматтарды көрсөтүүгө;
– атайын иштерди жана киреше алып келүүчү иштерди аткаруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган иштин башка түрлөрүн жүргүзүүгө.
17. Ишкананын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
– ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды натыйжалуу аткарууну камсыз кылуу;
– Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылуу, ошондой эле эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылуу;
– зарылчылыкка жараша Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин товардык-материалдык баалуулуктар менен камсыз кылуу, ошондой эле расмий иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан иштерди жүргүзүү;
– зарылчылыкка жараша Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Министрлер Кабинети, Министрлик, мамлекеттик бийликтин башка органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өткөрүлүүчү кайрымдуулук акцияларын уюштурууга көмөк көрсөтүү;
– зарылдыгына жараша Министрликтин чечими боюнча Министрликтин кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртууга багытталган көмөк көрсөтүү.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясы
18. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
2) Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу жөнүндө уюмдаштыруучуга сунуштарды киргизүү;
3) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планынын ишке ашырылышына талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын директору кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына кийин сунуштоо үчүн Ишкананын директору кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлерди мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизүү;
9) Ишкананын фонддордун, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциацияларынын (бирликтердин) жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык Министрликтин компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
19. Министрлик төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканага тейлеген иш чөйрөсүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) өз компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;
4) Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
Министрлик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга да ээ.
20. Министрлик төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) Ишкананын иши менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) укук коргоо органдарына Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган фактылар белгилүү болгондугу жөнүндө маалымат берүүгө;
4) Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Министрлик ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди да аткарат.
5. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
21. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту, республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишин талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишин баалоо;
7) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарларына сыйакы төлөөнүн тартибин бекитүү;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Министрлик менен макулдашуу боюнча Ишкананын жетекчисин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
9) Ишкананын жетекчисинин сунушу боюнча Ишкананын жетекчисинин орун басарын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;
10) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
11) Ишкананын жетекчиси менен эмгек келишиминин типтүү формасын бекитүү;
12) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басарлары менен эмгек келишимин түзүү;
13) Ишканага таандык мүлктүн арналышы боюнча пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
22. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
2) Ишкананын жетекчисинин ишин баалоонун жана Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын жетекчисин кызмат ордунан бошотуу, ага карата сыйлоо же тартиптик жаза чараларын көрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
3) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Ишкананын жетекчисинин орун басарларын кызмат ордунан бошотууга, аларга карата сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонууга;
4) Ишканага тышкы аудит жүргүзүүнү демилгелөөгө;
5) Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууга;
6) Ишканага таандык мүлктүн натыйжалуу пайдаланылышын, багыты боюнча натыйжалуу пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо максатында жооптуу кызматкерлерге текшерүү жүргүзүүгө жана Ишкананын аймагына барууга ыйгарым укук берүүгө.
6. Ишкананы башкаруу
23. Ишкананы Ишкананын директору башкарат.
24. Директор Ишкананын жетекчиси болуп саналат. Ал Министрликтин жетекчисинин сунушунун негизинде мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.
Ишкананын директору Министрликтин жетекчиси менен макулдашылган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордунан бошотулат.
25. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
26. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
– иши канааттандырарлык эмес деп бааланган учурда жана Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча;
– ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
– эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
– Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз иш-аракеттер боюнча;
– Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
27. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
– Ишкананын күндөлүк финансы-чарбалык ишин башкаруу;
– Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
– Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизүү;
– Ишкананын финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
– тармактык саясат маселелери боюнча Министрликтин чечимдерин аткарууну уюштуруу;
– мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
– эмгек акы төлөө фондун кошкондо, кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын бекитүү;
– кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
– Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
– бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну жүргүзүүнү уюштуруу;
– ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
28. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
– Министрликке жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
– Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, ушул Уставга жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Ишкананын ушул Уставында каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө,
– Ишкананын алдында турган максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга да ээ.
29. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
– Министрдин, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча отчетторду, Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун документтерин, ошондой эле финансылык-чарбалык ишке жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштарды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
– чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди Министрликтин кароосуна киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын каалагандай чөйрөсүнө байланыштуу бардык зарыл маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
– Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздоого;
– Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулардын өзүнө белгилүү болгон фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
– коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
– ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын директору ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын ушул Уставында каралган башка милдеттерди да аткарат.
30. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
31. Ишкананын директору:
– Ишкананын атынан ишеним катсыз иштейт;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, сот органдарында, мекемелеринде жана ишканаларында Ишкананын кызыкчылыгын коргойт;
– Ишкананын кызматкерлерин ишке кабыл алат жана бошотот;
– Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
– компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
– Ишкананын кызматкерлерине Ишкананын кызыкчылыктарын коргоого ишеним каттарды берет;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
– финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалы, ишкананын финансылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштөгү коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- коррупциянын алдын алуу ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
33. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орундары каралган, алар Министрликтин жетекчисинин макулдугу менен Ишкананын директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
34. Ишкананын директорунун орун басарлары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
35. Ишкананын директору ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат ордун ээлегенге чейин анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык директордун орун басарларынын бирине жүктөлөт.
36. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директорунун сунушу боюнча Министрликтин жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, директорго түздөн-түз баш иет, ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктардан пайдаланат.
37. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
38. Ишкананын түзүмү жана штаттык ырааттамасы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан бекитилет.
Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо тартибин аныктайт.
39. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, чарбалык иштин бардык чөйрөсүндөгү жарандар менен болгон мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.
7. Ишкананын башкаруу курамы
40. Ишкананын башкаруучу курамына кирген адамдар болуп төмөнкүлөр саналат:
– директор, директордун орун басарлары;
– башкы бухгалтер.
41. Ишкананын жетекчи курамына кирген адамдар өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында аракеттенүүгө тийиш.
Жетекчи курамына кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
42. Ишкананын жетекчи курамына төмөнкү адамдар кириши мүмкүн эмес:
– чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
– менчикке каршы кылмыштар жана экономикалык ишти жүзөгө ашыруу тартиби, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштары үчүн соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
– канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчиси кызматынан мурда бошотулган адамдар;
– менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъектте мурда жетекчи кызмат орундарын ээлеген, анын банкроттугуна алып келген адамдар;
– мамлекеттик администрациялык, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
43. Ишкананын жетекчи курамына кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде бир эле учурда жеке өзү же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укуксуз.
8. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
44. Ишкана өз ишин жылдык иш планынын негизинде же Министрлик менен макулдашылган 3 же андан ашык жылга узак мөөнөттүү иш планынын негизинде жүргүзөт.
45. Ишкананын иш пландарынын негизин жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен Ишкананын мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
46. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына карама-каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин ар кандай башка шарттарын аныктоодо эркин.
47. Ишкана бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык отчеттуулукту түзөт.
Ишкананын финансылык отчету кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүшү керек.
48. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджетти аткаруунун жүрүшү жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчетторду берет:
– ички аудиторго (эгерде бар болсо, ички аудит кызматына);
– мамлекеттик башкаруу органына;
– мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
49. Ишкана өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык финансы-чарбалык ишти жүзөгө ашырат.
Өнүктүрүүнүн стратегиялык планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана Министрлик тарабынан бекитилет.
50. Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
– Ишкананын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын;
– тармактын жана рыноктун сыпаттамасын, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
– Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рынокто мамлекеттин болушунун зарылдыгынын негиздемесин;
– Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
– товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
– уюштуруу планын;
– финансылык планды;
– тобокелдиктерди талдоону.
51. Ишкананын директору жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келерки жылга карата Ишкананын бюджетинин Министрлик менен макулдашылган долбоорун жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы, анын ичинде өткөн жылдагы Ишкананын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту киргизет.
52. Ишкана салык салуу жана экономикалык маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды компетенттүү мамлекеттик органдарга берет.
53. Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалымат бергендиги же аны бурмалагандыгы үчүн, ошондой эле отчетту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
54. Ишкананын ишин текшерүү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт.
9. Ишкананын мүлкү жана финансылары
55. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана ага бекитилип берилген мүлккө менчик укугу берилген эмес.
Мүлктү пайдалануунун негизи болуп Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен мамлекеттик менчик болуп саналган жана Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлк объекттерине, негизги каражаттарга жана башка мүлккө чарба жүргүзүү укугу эсептелет.
56. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле башка материалдык баалуулуктар түзөт, алардын наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылат.
57. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
– Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлк;
– ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк, анын ичинде кирешелер, мөмөлөр, продукция;
– чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
– гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
– юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
58. Өзүнүн финансылык-чарбалык ишинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан түшкөн кирешелердин эсебинен Ишкана тарабынан жаңыдан түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат.
59. Ишкананын мүлкүн ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
60. Ишкана өзүнүн мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
61. Бир жылдык финансы-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза кирешени Ишкана өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планын) толук өлчөмдө ишке ашырууга жумшайт.
10. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
62. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу же өзгөртүп түзүү формасында жүргүзүлөт.
Мамлекеттик ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү же бөлүп чыгаруу формасында кайра уюштуруу жөнүндө чечим Министрликтин же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
63. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте акцияларынын жүз пайызы (үлүшү) мамлекеттин менчигинде турган (акциялаштыруу) ачык акционердик коомго же жоопкерчилиги чектелген коомго кайра түзүлөт.
Ишкананы өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык укуктар жана милдеттенмелер боюнча, анын ичинде эмгек мамилелери жаатында анын укук улантуучусу болуп саналат.
64. Ишкана төмөнкүдөй жоюлат:
1) Министрликтин же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
65. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуп жаткан Ишкананын, Министрликтин, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт.
Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси жетектейт.
66. Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
67. Эгерде жоюлуп жаткан Ишкананын чарба жүргүзүү укугуна негизделген мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
68. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
11. Филиалдар жана өкүлчүлүктөр
69. Уставда белгиленген милдеттерди аткаруу үчүн Ишкана мыйзамдарда белгиленген тартипте өзүнүн аймагында жана аймагынын чегинен сыртта филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү жана өндүрүштүк аянтчаларды түзө алат жана алардын иши үчүн зарыл болгон тиешелүү мүлк менен аларды камсыз кылат.