Загрузка документа…
5-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 19-июнунудагы № 307 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча Ош борбору” мамлекеттик ишканасынын
уставы
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-августундагы № 489 ,2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча Ош борбору” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – Ишкана) мамлекеттик мүлк менен чарба жүргүзүү укугуна негизделген Ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет.
2. Ишкана өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Министрлик эсептелет.
5. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча Ош борбору” мамлекеттик ишканасы;
– расмий тилде – государственное предприятие “Ошский центр по реагированию на чрезвычайные ситуациии” при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики.
Кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Ош борбору” МИ;
– расмий тилде: ГП “Ошский центр”.
6. Ишкананын мулкү жана пайдасы мамлекеттик менчик болуп саналат.
7. Ишкана толук чарбалык эсеп жүргүзүү жана өзүн каржылоо принциптеринде иштейт, чарба келишимдерин түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, Кыргыз Республикасынын Ишканалардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда каралган мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болуп чыгууга укуктуу.
8. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
9. Ишканада Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
10. Ишкана бардык өзүнүн милдеттери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп берет.
11. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Нариман айылы, н/ж.
2. Негизги максаттары, милдеттери жана функциялары
12. Ишкананын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
– баланстагы атайын техникалык жана инженердик автотранспорт каражаттарын пайдалануу менен табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды өткөрүү;
– авариялык-калыбына келтирүүчү жана башка кечиктирилгис жумуштардын комплексин жүргүзүү.
13. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
– өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында пайдаланылуучу товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алуу, сактоо, ташуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
– Министрлик үчүн зарыл болгон товардык-материалдык баалуулуктарды даярдоо жана сактоо;
– өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучунда потенциалдуу кооптуу объекттерде курулуш, авариялык-калыбына келтирүү жана жээкти бекемдөө иштерин жүргүзүү;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы финансылык каражаттарды тартуу жана сарамжалдуу пайдалануу;
– жалпы негиздерде пайдаланылуучу негизги фонддорду (анын ичинде оңдоо устаканаларды жана башкаларды) пайдалануу;
– калктуу конуштарды коргоо боюнча иштерди жүргүзүү;
– Ишкананын чарбалык карамагына берилген Министрликтин негизги фонддорун, жүгүртүү каражаттарын жана материалдык-техникалык ресурстарын натыйжалуу пайдалануу;
– өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу максатында Жарандык коргонуунун материалдык-техникалык каражаттарын сатып алуу, сактоо жана ташуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
– өзгөчө кырдаалдардын коркунучу жана кесепеттерин жоюу учурунда эвакуациялоо, куткаруу, авариялык-калыбына келтирүү иштерине катышуу;
– калкты жана аймакты табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө күчтөрдү жана каражаттарды дайыма даярдыкта кармоо;
– айрым келишимдер боюнча оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүү.
14. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык Ишкана төмөнкү функцияларды аткарат:
– мүмкүн болгон табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана болтурбоо боюнча инженердик жана башка алдын алуучу иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
– табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар шарттарында жана зоналарында оперативдүү чара көрүү жана авариялык-калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү;
– жоопкерчилик зоналарында авариялык-калыбына келтирүүчү жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү жана оперативдүү жөнөтүү үчүн күчтөрдү жана каражаттарды дайыма даярдыкта кармоо;
– өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн материалдык ресурстардын резервин түзүү;
– Министрликтин жана калктын муктаждыктары үчүн өнөр жай жана курулуш материалдарын (товарларды) өндүрүү;
– юридикалык жактар жана жеке адамдарга (анын ичинде чет өлкөлүктөр) колдонуудагы мыйзамдарда уруксат берилген акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;
– Ишкананын эксплуатациялык чыгымдарынын ордун толтуруу жана материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү максатында чарба жүргүзүү укугунда берилген негизги фонддорду убактылуу эксплуатациялоого берүү;
– транспорттук кызматтарды көрсөтүү;
– инфраструктуралык объекттерди куруу, Министрликтин болгон инфраструктурасынын материалдык-техникалык базасын натыйжалуу пайдалануу жана чыңдоо;
– гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу, сактоо жана берүү;
– өзгөчө кырдаалдар районуна, ошондой эле КМШ жана ШКУ чек ара өлкөлөрүнө гуманитардык жардам жеткирүүнү камсыз кылуу;
– өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан объекттерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Министрликтин чечимдерине ылайык курулуш жана башка товардык-материалдык баалуулуктар менен камсыз кылуу;
– Ишкананын материалдык-техникалык базасын кеңейтүү боюнча уюштуруу-техникалык иш-чаралардын комплексин жүргүзүү;
– күйүүчү-майлоочу материалдарды топтоо жана сактоо, ошондой эле Министрликтин бөлүнүштөрүнүн керектөөлөрүн камсыз кылуу үчүн автомай куюучу станциялардын жана пункттардын тармактарын түзүү жана пайдалануу;
– жолдорду жана көпүрө курулмаларын куруу;
– гидрокурулмаларды куруу;
– эл керектөөчү товарларды жеткирүү боюнча иш жүргүзүү;
– мамлекеттик (муниципалдык) уюмдар жана мекемелер үчүн объекттерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчы катары иштерди аткаруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-августундагы № 489 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Ишке ашыруу ыйгарым укуктуу министрликтердин жана ведомстволордун атайын уруксатынын (лицензиясынын) болушун талап кылган иштин айрым түрлөрүн Ишкана тиешелүү уруксатты (лицензияны) алгандан кийин жүзөгө ашырат.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
16. Ишкана ушул Устав менен аныкталган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
– обочолонгон мүлккө ээ болууга;
– Министрликке сунуштарды киргизүүгө;
– Министрлик менен макулдашуу боюнча өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана жоопкерчиликти алууга;
– сот органдарында доогер жана жоопкер болууга;
– чарбалык карамагында турган мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
– эл керектөөчү товарларды чыгарууну уюштурууга, коммерциялык ишти жүзөгө ашырууга;
– күйүүчү-майлоочу материалдардын дүң жана рыноктук соодасын уюштурууга;
– Ишкананын уставдык милдеттерине ылайык Министрлик менен макулдашуу боюнча өндүрүштүк-курулуш участокторун түзүүгө;
– көмөкчү чарбаны түзүүгө жана кармоого, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө;
– юридикалык жактар жана жеке адамдар менен келишим түзүүгө;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жактардын жана жеке адамдардын өтүнмөлөрү боюнча келишимдик негизде кызматтарды көрсөтүүгө;
– атайын иштерди жана киреше алып келүүчү иштерди аткаруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган иштин башка түрлөрүн жүргүзүүгө.
17. Ишкананын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
– ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды натыйжалуу аткарууну камсыз кылуу;
– Ишкананын кызматкерлерин камсыздандыруу милдеттенмелеринин социалдык, медициналык жана башка түрлөрүн камсыз кылуу, ошондой эле коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу;
– зарылдыгына жараша Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин товардык-материалдык баалуулуктар менен камсыз кылуу, ошондой эле расмий иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан иштерди жүргүзүү;
– зарылдыгына жараша Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Министрлер Кабинети, Министрлик, мамлекеттик бийликтин башка органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өткөрүлүүчү кайрымдуулук акцияларын уюштурууга көмөк көрсөтүү;
– зарылдыгына жараша Министрликтин чечими боюнча Министрликтин кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртууга багытталган көмөк көрсөтүү.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясы
18. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
2) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
3) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планынын ишке ашырылышын талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлерди андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн киргизүү;
9) фонддордун, коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык Министрликтин компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
19. Министрлик төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканага иштин тейлеген чөйрөлөрүндө тармактык саясат маселелерине тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) Ишкананын аймагына анын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн барууга;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызматтан бошотуу, ага сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
Министрлик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга да ээ.
20. Министрлик төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) Ишкананын ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) укук коргоо органдарына Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары белгилүү болгондугу жөнүндө маалымдоого;
4) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга жарыялабоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Министрлик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарат.
5. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
21. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетун, таза пайданын республикалык бюджетке которулууга тийиш бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишин талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишин баалоо;
7) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарларына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Министрлик менен макулдашуу боюнча Ишкананын жетекчисин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө сунуш киргизүү;
9) Ишкананын жетекчисинин сунушу боюнча Ишкананын жетекчисинин орун басарларын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу;
10) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарларына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
11) Ишкананын жетекчиси менен эмгек келишиминин типтүү формасын бекитүү;
12) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басарлары менен эмгек келишимин түзүү;
13) Ишканага таандык мүлктү багыты боюнча пайдаланууну жана сактоону контролдоону жүзөгө ашыруу;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
22. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
2) Ишкананын жетекчисинин ишин баалоонун жана Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын жетекчисин ээлеген кызмат ордунан бошотуу, ага сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүү жөнүндө Министрлик менен макулдашуу боюнча сунуш киргизүүгө;
3) Ишкананын жетекчисинин орун басарларын кызматтан бошотууга, Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүүгө;
4) Ишкананын тышкы аудитин жүргүзүүнү демилгелөөгө;
5) Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууга;
6) Ишканага таандык болгон мүлктү багыты боюнча пайдалануунун натыйжалуулугун жана сакталышын контролдоо максатында Ишкананын аймагына баруу жана текшерүү жүргүзүү үчүн жооптуу кызматкерлерге ыйгарым укук берүүгө.
6. Ишкананы башкаруу
23. Ишкананы директор башкарат.
24. Директор Ишкананын жетекчиси болуп саналат. Ал Министрликтин жетекчисинин сунушунун негизинде мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат.
Ишкананын директору Министрликтин жетекчиси менен макулдашылган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматтан бошотулат.
25. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
26. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
– Ишкананын иши канааттандырарлык эмес баа алса жана жылдык финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча;
– иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аткарбаса;
– эмгек келишими боюнча милдеттенмелерди аткарбаса же талаптагыдай эмес аткарса;
– Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз иш-аракеттер болсо,
– Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
27. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
– Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
– Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
– Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизүү;
– Ишкананын финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планын аткаруу жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
– тармактык саясаттын маселелери боюнча Министрликтин чечимдерин аткарууну уюштуруу;
– мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
– кызматкерлерди жумушка алуу жана жумуштан бошотуу шарттарын, анын ичинде эмгек акы фондун бекитүү;
– кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
– Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
– бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну уюштуруу;
– ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
28. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
– Министрликке жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
– Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Ишкананын Уставына жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн башкарууга;
– Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга.
Директор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктары да ээ.
29. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
– Министрликтин, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча отчетторду, Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттук документтерди, ошондой эле финансы-чарбалык ишине жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
– Министрликтин кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди алып чыгуу, ошондой эле Ишкананын иштин бардык чөйрөсүнө байланышкан зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
– Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
– Ишкананын кызматкерлери тарабынан ага белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
– коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
– ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
30. Ишкананын директорунун чечимдери буйруктар түрүндө кабыл алынат.
31. Ишкананын директору:
– ишеним катсыз Ишкананын атынан иш жүргүзөт;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;
– Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана жумуштан бошотот;
– Ишкананын кызматкерлерине сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
– компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
– Ишкананын кызыкчылыктарын алып чыгуу үчүн Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
– Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде тескейт;
– Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчеттуулугунун абалына, финансы каражаттарынын, мүлктүн жана Ишкананын башка активдеринин максаттуу пайдаланылышына, өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышына жеке жоопкерчилик тартат;
- коррупциянын алдын алуу ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
33. Ишканада Ишкананын директорунун сунушу боюнча, Министрликтин жетекчисинин макулдугу менен, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызматка дайындалган жана кызмат ордунан бошотулган директордун орун басарынын кызмат орду каралган.
34. Ишкананын директорунун орун басары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
35. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бош кызмат орунун ээлегенге чейин анын милдеттерин аткаруу директордун орун басарына жүктөлөт.
36. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директорунун сунушу боюнча Министрликтин биринчи жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, түздөн-түз директорго баш иет, ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктардан пайдаланат.
37. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
38. Ишкананын түзүмү жана штаттык расписаниеси мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан бекитилет.
Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо тартибин аныктайт.
39. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндөгү жарандар менен болгон мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.
7. Ишкананын жетекчилик курамы
40. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкү адамдар кирет:
– директор, директордун орун басары;
– башкы бухгалтер.
41. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өз укуктарын ишке ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыктары үчүн аракеттенүүгө тийиш.
Ишкананын жетекчилик курамына кирүүчү адамдар мамлекеттик, коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
42. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкү адамдар кире албайт:
– чет элдик жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулугу бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
– менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар үчүн соттолгон адамдар, анын ичинде соттуулугу жоюлганына карабастан;
– канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчисинин ээлеген кызмат ордунан мурда бошотулган адамдар;
– жеке менчик формасына карабастан, чарбалык субъектте аны банкроттукка алып келген мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеген адамдар;
– мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
43. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде өз алдынча же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга бир эле учурда катышууга укугу жок.
8. Эсеби, пландоо жана отчеттуулук
44. Ишкана Министрлик менен макулдашылган жылдык иш пландын негизинде же 3 жылга жана андан ашык узак мөөнөттүү иш планынын негизинде иштейт.
45. Ишкананын иш пландарынын негизин берүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен Ишкананын мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
46. Ишкана келишимдин предметин, милдеттенмелерди аныктоону, чарбалык өз ара мамилелердин Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына карама-каршы келбеген ар кандай башка шарттарын тандоодо эркин.
47. Ишкана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана финансылык отчетторду түзөт.
Ишкананын финансылык отчеттору кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
48. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин, бюджетти аткаруунун жүрүшү жана финансы-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө төмөнкүлөргө отчётторду берет:
– ички аудиторго (ички аудит кызматына, эгерде мындай бар болсо);
– мамлекеттик башкаруучу органына;
– мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
49. Ишкана стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык финансы-чарбалык ишин жүзөгө ашырат.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана Министрлик тарабынан бекитилет.
50. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
– Ишкананын ишинин максатынын жана негизги багыттарынын баяндалышы;
– Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсү, тармактын жана рыноктун сыпатталышы;
– Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуусунун зарылдыгына негиздеме;
– Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоо;
– товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планы;
– уюштуруучулук планы;
– финансылык план;
– тобокелдиктерди талдоо.
51. Жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Министрлик менен макулдашылган келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана Ишкананын финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде өткөн жылдагы бюджетин аткаруу тууралуу отчетту киргизет.
52. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу үчүн жана экономикалык маалыматты жыйноонун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматты берет.
53. Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалымат бергендиги же аны бурмалагандыгы үчүн, ошондой эле отчетту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
54. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
9. Ишкананын мүлкү жана финансы
55. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана ага бекитилген мүлккө менчик укугу берилбейт. Мамлекеттин менчиги болуп саналган жана Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен чарбалык башкаруу укугу мүлктү пайдалануунун негизи болуп саналат.
56. Ишкананын мүлкү негизги каражаттарды жана жүгүртүлүүчү каражаттарды, ошондой эле башка материалдык баалуулуктарды түзөт, алардын наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылат.
57. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
– чарба жүргүзүү укугунда Ишканага бекитилип берилген мүлк;
– өзүнө бекитилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк, анын ичинде кирешелер, түшүм, продукция;
– чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
– гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
– юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ыктыярдуу төгүмдөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
58. Ишкана жеке финансы-чарбалык ишинен алган кирешесинин эсебинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан кайрадан түзгөн, алган же сатып алган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат.
59. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле чарбалык шериктиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
60. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого милдеттүү жана инвентаризациялоонун жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аныктаган мөөнөттө жана тартипте бериши керек.
61. Жылдык финансы-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайданы Ишкана стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашырууга толук өлчөмдө багыттайт.
10. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
62. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу же өзгөртүп түзүү формасында жүзөгө ашырылат.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү же ажыратуу формасында кайра уюштуруу жөнүндө чечим Министрликтин же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
63. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ачык акционердик коомго же акциясынын (үлүшүнүн) жүз пайызы мамлекеттин менчигинде турган (акционерлештирүү) жоопкерчилиги чектелген коомго өзгөртүп түзүлөт.
Ишкананы өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык укуктар жана милдеттер боюнча, анын ичинде эмгектик мамилелер жаатында анын укук улантуучусу болуп саналат.
64. Ишкана төмөнкү учурларда жоюлат:
1) Министрликтин же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
65. Ишкананы жоюуну жүргүзүү үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуп жаткан Ишкананын, Министрликтин, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарылдыгына жараша башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт.
Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси башкарат.
66. Жоюу комиссиясы дайындалган мезгилден баштап Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укукка ээ болот.
67. Эгерде чарба жүргүзүү укугуна негизделген жоюлуп жаткан Ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандырууга жетишсиз болсо, ал банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
68. Ишкананын иш процессинде келип чыккан документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
11. Филиалдар жана өкүлчүлүктөр
69. Уставда белгиленген милдеттерди аткаруу үчүн Ишкана мыйзамда белгиленген тартипте өзүнүн аймактарында жана аймагынан тышкары филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү жана өндүрүштүк аянттарды түзө алат жана алардын иши үчүн зарыл болгон тиешелүү мүлк менен камсыздай алат.