Сравнение редакций…
|
| 6-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнунудагы № 307 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “МЕС Текстиль”
мамлекеттик ишканасынын
уставы
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 655 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “МЕС Текстиль” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – Ишкана) чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, анын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин (мындан ары – Министрлик) зарыл болгон товардык-материалдык баалуулуктар менен камсыздоо, ошондой эле коммерциялык ишти жүргүзүү үчүн ага бекитилип берилген.
2. Ишкана өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, мамлекеттик башкаруу органы – Министрлик болуп эсептелет.
4. Ишкана өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
5. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаал-дар министрлигине караштуу “МЕС Текстиль” мамлекеттик ишканасы;
– расмий тилде – Государственное предприятие “МЕС Текстиль” при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики.
6. Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде – “МЕС Текстиль” МИ;
– расмий тилде – ГП “МЕС Текстиль”.
7. Ишкананын өз алдынча балансы, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган жана анын символикасы көрсөтүлгөн мөөрү, штампы, фирмалык бланкы, фирмалык белгиси жана башка атрибуттары бар.
8. Ишкана банктарда жана башка кредиттик мекемелерде белгиленген тартипте алыш-бериш жана башка эсептерди ачууга, Кыргыз Республикасында филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү уюштурууга укуктуу.
9. Ишкана чарбалык эсеп жүргүзүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарба жүргүзүү укугунда обочолонгон мүлккө ээ болот, өз атынан келишимдерди түзүүгө жана бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттерди ишке ашырууга, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык сот органдарында доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
10. Ишкана мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жактын укуктарына ээ болот.
11. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Горький көчөсү, 146.
2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
12. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрликтин кызыкчылыгында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу жолу менен Министрликтин ишин материалдык-техникалык камсыздоо үчүн түзүлгөн.
13. Ишкананын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
– Министрликти буюм мүлктөр (формалык кийимдер, куткаруучулар үчүн атайын кийимдер жана өрт кызматы үчүн отко чыдамдуу форма (БОП), мобилдик турак үйлөр, талаа чатырлары жана башка товардык-материалдык баалуулуктар менен камсыздоо, ишкердик иш жүргүзүү жана киреше алуу;
– ички чарбалык жайгаштырууну жүргүзүү, чыгарылган продукциянын сапатын жогорулатууга багытталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле бекитилип берилген жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
– Ишкананын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана чыңдоо;
– Ишкананын кызматкерлерин социалдык коргоо менен камсыздоо;
– Ишканага чарба жүргүзүүгө берилген Министрликтин негизги фонддорун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана материалдык-техникалык ресурстарын натыйжалуу пайдалануу;
– Министрликтин жана башка керектөөчүлөрдүн муктаждыктары үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү;
– Министрликти материалдык-техникалык камсыздоо;
– Министрликтин жана башка керектөөчүлөрдүн муктаждыктары үчүн өнөр жайлык жана курулуш материалдарын өндүрүү;
– Министрликтин материалдык жана финансылык ресурстарынын запасын түзүү боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну уюштуруу жана ага катышуу;
– инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор үчүн чет өлкөлүк жана түз инвестицияларды тартуу чөйрөсүндө эл аралык кызматташуу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышуу;
– Ишкананын өздүк өндүрүшүнүн кубаттуулугун кеңейтүү, ошондой эле кызматкерлерди колдоо жана социалдык коргоо максатында бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы финансылык каражаттарды тартуу жана туура пайдалануу.
14. Жалпы укуктук жөндөмдүүлүккө ээ болуу менен Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ишкердик ишинин бардык түрлөрүн жүргүзөт.
Ишкана иштин төмөнкү түрлөрүн жүзөгө ашырат:
– өнөр жайлык жана курулуш материалдарды (товарларды) өндүрүү;
– Министрликтин кызматкерлери үчүн атайын ведомстволук кийимдерди өндүрүү;
– Министрлик үчүн мобилдик турак үйлөрдү, талаа чатырларын өндүрүү;
– юридикалык жана жеке жактарга (анын ичинде чет өлкөлүктөргө) колдонуудагы мыйзамдарда уруксат берилген акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн жана сервистин түрлөрүн көрсөтүү;
– автомай куюучу станцияларды уюштуруу;
– коомдук тамактануу объекттерин уюштуруу;
– Ишкананын эксплуатациялык чыгымдарынын ордун толуктоо жана материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү максатында чарба жүргүзүү укугунда берилген негизги фонддорду убактылуу эксплуатациялоого берүү;
– курулуш-монтаждоо, жасалгалоо, долбоордук-изилдөө жумуштарын жүргүзүү;
– колдонуудагы мыйзамдарды сактоо менен өз алдынча тышкы экономикалык ишти жүргүзүү;
– Ишкананын материалдык жана техникалык базасын өнүктүрүү максатында бюджеттен тышкаркы финансылык каражаттарды тартуу жана сарамжалдуу пайдалануу;
– Ишкананын өндүрүштүк ишин өнүктүрүү жана жогорулатуу маселеси боюнча жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн ар түрдүү мамлекеттик жана коммерциялык уюмдары менен байланыштарды түзүү;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансында турган техниканы оңдоо боюнча кызматтарды көрсөтүү;
- санаториялык-курорттук дарылоо боюнча кызматтарды көрсөтүү;
- медициналык-реабилитациялык кызматтарды көрсөтүү;
- дары каражаттарын өндүрүү жана мамлекеттик медициналык мекемелерге жана башка керектөөчүлөргө сатуу боюнча иштерди уюштуруу;
– Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары менен тыюу салынбаган иштин башка түрлөрү.

15. Ишти жүзөгө ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу министрликтердин жана ведомстволордун атайын уруксатынын (лицензиянын) болушун талап кылган иштин өзүнчө түрлөрүн Ишкана тийиштүү уруксатты (лицензияны) алгандан кийин жүзөгө ашырат.
3. Ишкананын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
16. Ишкана ушул Устав менен аныкталган милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) керектүү товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алууга;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, рыноктук конъюнктурасына жараша жеке жана юридикалык жактар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого;
3) кеңешүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;
4) өзүнүн функцияларын ишке ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
5) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди сатып алууга, милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
6) юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
7) эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык Ишканадагы жумуштарды аткаруу үчүн белгиленген тартипте жеке жактарды тартууга;
8) Ишкананын кызматкерлерин командировкаларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле зарыл болгон учурда эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жөнөтүүгө;
9) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү, кызматташтыкты ишке ашырууга;
10) зарыл болгон учурда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында Ишкананын ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
11) чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү, жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарларды жана башка материалдык баалуулуктарды мамлекеттик мүлктү ижарага берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчик ээсинин макулдугу менен юридикалык жана жеке жактарга келишимдик негизде берүүгө, ижарага берүүгө;
12) өзүнүн өндүрүштүк кубаттуулуктарын кеңейтүү максатында бюджеттен тышкары финансылык каражаттарын тартууга жана пайдаланууга;
13) Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды ишке ашырууга.
17. Ишкана өзүнүн максатына жетүү жана ушул Устав менен аныкталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана жумушун аткарган жана кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди так аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштарды Ишкананын жеке каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
5) Ишкананын зарыл болгон отчетторун ыйгарым укуктуу органдарга берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдары, ошондой эле мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган тартиптеги жана өлчөмдөгү салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
6) чарба жүргүзүүгө берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кошпогондо, монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга.
18. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде Ишканада иштебей калгандан кийин мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөт ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке жашоосуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды сактоого милдеттүү.
19. Ишкана өзүнүн милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп берет.
Ишкана ага чарба жүргүзүүгө берилген мамлекеттик менчик объектеринин сакталышын камсыз кылат.
4. Ишкананын уюштуруучусунун компетенциясы
20. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананы түзүү жөнүндө чечимди кабыл алуу, анын ишинин предметин жана максаттарын аныктоо;
2) Ишкананы менчиктештирүү, кайрадан уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечимди кабыл алуу;
3) Ишкананын жоюу комиссиясынын курамын жана жоюу балансын бекитүү;
4) Ишкананын өткөрүп берүү акты же бөлүштүрүү балансын бекитүү;
5) Ишкананы муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө чечимди кабыл алуу;
6) Ушул Уставды бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү киргизүү.
5. Мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясы
21. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп саналган Министрликтин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ушул Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
2) Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды уюштуруучуга киргизүү;
3) Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын ишке ашырууга талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын директору кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына андан ары сунуштоо үчүн Ишкананын директору кызмат ордуна талапкерлерди киргизүү;
9) Ишкананын фонддордун, коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
22. Министрлик төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканага тейлеген иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле финансы-чарбалык ишине жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) Ишкананын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызматтан бошотуу, ага тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
Министрлик мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга ээ.
23. Министрлик төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ишкананын ишине байланышкан чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) укук коргоо органдарына Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгынын ага белгилүү болгон фактылары жөнүндө маалымат берүүгө;
4) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга жарыялабоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Министрлик мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарат.
6. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
24. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту бекитүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишине талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишин баалоо;
7) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Министрлик менен макулдашуу боюнча Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна дайындоо жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизүү;
9) Ишкананын жетекчисинин сунушу боюнча Ишкананын жетекчисинин орун басары кызмат ордуна дайындоо жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу;
10) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
11) мамлекеттик ишкананын жетекчиси менен эмгек келишимин типтүү формасын түзүү;
12) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басары менен эмгек келишимин түзүү;
13) Ишканага таандык мүлктү багыты боюнча пайдаланууну жана сактоону контролдоо;
14) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка маселелерди чечүү.
25. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
2) Ишкананын жетекчисинин ишин баалоонун жана Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Министрлик менен макулдашуу боюнча Ишкананын жетекчисин кызматтан бошотуу, аны сыйлоо же тартиптик жаза чараларын көрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
3) Ишкананын жетекчисинин орун басарын кызмат ордунан бошотууга, Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүүнүн негизинде сыйлоо же тартиптик жаза чараларын көрүүгө;
4) Ишкананын тышкы аудитин жүргүзүүнү демилгелөөгө;
5) Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууга;
6) Ишканага таандык болгон мүлктү багыты боюнча пайдалануунун натыйжалуулугун жана сакталышын контролдоо максатында Ишкананын аймагына баруу жана текшерүү үчүн жооптуу кызматкерлерге ыйгарым укук берүүгө.
7. Ишкананы башкаруу
26. Ишкананы директор башкарат.
27. Директор мамлекеттик башкаруучу органдын жетекчисинин сунушунун негизинде мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат.
Ишкананын директору Министрликтин макулдугу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматтан бошотулат.
28. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
29. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы жана иши боюнча канааттандырарлык эмес деген баа алса;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аткарбаса;
3) эмгек келишими боюнча милдеттенмелерди аткарбаса же талаптагыдай эмес аткарса;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз иш-аракеттер болсо;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
30. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планын аткаруу жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) Ишкананын тармактык саясат маселелери боюнча мамлекеттик башкаруучу органынын чечимдерин аткарууну уюштуруу;
6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
7) кызматкерлерди жумушка алуу жана жумуштан бошотуу шарттарын, анын ичинде эмгек акы фондун бекитүү;
8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну уюштуруу;
11) ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
31. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Министрликке жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Ишкананын Уставына жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн башкарууга;
4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
5) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга ээ болууга.
32. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Министрликтин, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча отчетторду, Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле финансы-чарбалык ишине жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) Министрликтин кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди алып чыгуу, ошондой эле Ишкананын иши менен байланышкан бардык зарыл маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
4) Ишкананын кызматкерлери тарабынан ага белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
5) Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматтарды үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
33. Ошондой эле Ишкананын директору мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди аткарат.
34. Ишкананын директорунун чечимдери буйруктар түрүндө кабыл алынат.
35. Ишкананын директору:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, сот органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;
3) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана жумуштан бошотот;
4) Ишкананын кызматкерлерине тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын көрөт;
5) өз компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине Ишкананын кызыкчылыктарын көрсөтүүгө ишеним каттарды берет;
7) Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде тескейт;
8) Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчеттуулугунун абалына, финансы каражаттарынын, мүлктүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышына жеке жоопкерчилик тартат;
9) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
36. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
37. Ишканада директордун орун басарынын кызмат орду каралган.
38. Ишкананын директорунун орун басары Министрликтин жетекчисинин макулдугу менен Ишкананын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кызматка дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
39. Ишкананын директорунун орун басары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
40. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулса, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бош кызмат ордун ээлегенге чейин анын милдеттерин аткаруу директордун орун басарына жүктөлөт.
8. Ишкананын жетекчилик курамы
41. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
– директор, директордун орун басары;
– башкы бухгалтер.
42. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өздөрүнүн укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставындагы максаттарга жана милдеттерге ылайык мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн аракеттенүүгө тийиш.
Жетекчилик курамга кирген адамдар Ишкананын иши жөнүндө мамлекеттик, коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болуп эсептелген маалыматтардын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
43. Төмөнкү адамдар Ишкананын жетекчилик курамында боло алышпайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашоого уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштары үчүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка, анын ичинде алып салынган кылмыштар үчүн соттолгон адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчисинин кызмат ордунан мурда бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте мурда жетекчилик кызмат ордун ээлеген, аны банкроттука алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
44. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде өз алдынча же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга бир эле учурда катышууга укугу жок.
9. Эсепке алуу, пландоо жана отчеттуулук
45. Ишкана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсебин жүргүзөт жана финансылык отчеттуулугун түзөт. Мамлекеттик ишкананын финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүшү керек.
46. Ишкананын жетекчиси бюджетти аткаруунун жүрүшү тууралуу жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетторду квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин төмөнкүлөргө берет:
1) ички аудиторго (ички аудит кызматына);
2) мамлекеттик ишкананын мамлекеттик башкаруу органына;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
47. Ишкананын жеткирип берүүчүлөрү, ижарачылары, керектөөчүлөрү жана башка контрагенттери менен болгон мамилелерди жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер Ишкананын иш пландарынын негизин түзөт.
10. Мүлк жана финансылар
48. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ага берилген мүлктүн негизинде түзүлгөн.
49. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен мамлекеттик менчик болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү толук чарба жүргүзүү укугу мүлктү пайдалануунун негизи болуп саналат.
50. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле Ишкананын өз алдынча балансында наркы чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
51. Ишкана өзүнүн каалоосу боюнча ар кандай фонддорду, анын ичинде резервдик фонддорду түзөт жана мындай фонддордун түзүмүн, уюштуруунун ченемдерин жана пайдалануунун тартибин аныктайт.
52. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
– чарба жүргүзүү укугунда уюштуруучу тарабынан ага берилген мүлк;
– Ишкананын чарбалык ишинин натыйжасында алынган кирешелер жана мүлк;
– бекер же кайрымдуулук төгүмдөр.
53. Жылдык финансы-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайданы Ишкана стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) жүзөгө ашырууга толугу менен багыттайт.
11. Эмгек жамаатынын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
54. Ишкананын кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы эмгек мыйзамдары, ошондой эле Ишкана жана анын бөлүмдөрү менен жумушка алуу боюнча түзүлгөн контракттары менен аныкталат жана кепилденет.
12. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
55. Ишкана бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу же өзгөртүп түзүү формасында кайра уюштурулат.
56. Ишкана төмөнкү учурларда жоюлат:
1) Министрликтин же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
57. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуп жаткан мамлекеттик ишкананын, мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарылдыгына жараша башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу боюнча комиссиясы түзүлөт.
Жоюу боюнча комиссияны жоюлуп жаткан мамлекеттик ишкананын жетекчиси башкарат.
58. Жоюу боюнча комиссиясы дайындалган мезгилден баштап мамлекеттик ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укукка ээ болот.
Эгерде жоюлуп жаткан ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандырууга жетишсиз болсо, банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
59. Ишкананын ишинин процессинде түзүлгөн документтер “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.
13. Филиалдар жана өкүлчүлүктөр
60. Ишкана Уставда белгиленген милдеттерди аткаруу үчүн мыйзамда белгиленген тартипте өзүнүн аймактарында жана аймагынан тышкары филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү жана өндүрүштүк аянттарды түзө алат жана алардын иши үчүн зарыл болгон тиешелүү мүлк менен камсыздай алат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 655 ,2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

8-1) коррупциянын алдын алуу ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
9) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)