Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-июну № 340
Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу субъекттерди мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Уюмдарга жана жеке жактарга 2022-жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкүлөрдү берүү мөөнөтү (жазуу жүзүндөгү арыз берүүсүз) узартылсын:
1) 2022-жылдын 1-январынан тартып 30-майына чейинки отчеттук мезгилдер үчүн салык агенти тарабынан берилүүчү кошумча нарк салыгы боюнча салыктык отчеттуулукту;
2) 2022-жыл үчүн мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөнү.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |