Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-августу № 459
Оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензияны берүү үчүн төлөнүүчү акыны белгилөө жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 4-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензияны берүү үчүн төлөнүүчү акынын төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги шаарларындагы казинолор үчүн 840000 (сегиз жүз кырк миң) эсептик көрсөткүчкө барабар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы казинолор үчүн 420000 (төрт жүз жыйырма миң) эсептик көрсөткүчкө барабар, Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарында 252000 (эки жүз элүү эки миң) эсептик көрсөткүчкө барабар;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) Кыргыз Республикасындагы букмекердик конторалар жана тотализаторлор үчүн 105000 (жүз беш миң) эсептик көрсөткүчкө барабар;
4) онлайн-казинолор жана электрондук (виртуалдык) казинолор үчүн:
- башкаруу үчүн 12600 (он эки миң алты жүз) эсептик көрсөткүчкө барабар;
- операторлор үчүн 84000 (сексен төрт миң) эсептик көрсөткүчкө барабар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо гезитинин 2022-жылдын 23-августундагы № 76 саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |