Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июлу № 415
"Ош мамлекеттик университети" мекемесин кайра уюштуруу маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 "Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-94-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Ош мамлекеттик университети" мекемеси ага "Ош мамлекеттик юридикалык институту" мекемесин кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.
2. "Ош мамлекеттик университети" мекемеси "Ош мамлекеттик юридикалык институту" мекемесинин укук улантуучусу болуп эсептелет деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- "Ош мамлекеттик университети" мекемесинин уставын бекитсин;
- кайра уюштурулуучу мекеменин өткөрүп берүү актысын бекитсин;
- кайра уюштурулуучу мекемени белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилери:
- финансылык, материалдык-техникалык каражаттарды андан ары пайдалануу тууралуу маселелерди чечүү, ошондой эле мекемелерди кайра уюштурууга байланыштуу тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн комиссия түзсүн;
- абитуриенттерди окуу жайларга өз убагында кабыл алууну жана окуу процессин үзгүлтүксүз уюштурууну камсыз кылсын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кайра уюштурулган мекемелерди тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде каржылоону жүргүзсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |