Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июлу № 420
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 193 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого тарифтерди колдонуудагы деңгээлде сактоо максатында, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 193 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясатында:
- 3-главасынын экинчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2023-жылдан тартып тарифти акырындык менен жылына 10 пайызга көбөйтүү каралууда.";
2) Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын 1-тиркемесинде:
- "Жылытуу максатындагы жылуулук энергиясына тарифтер" деген бөлүмүндө:
1-пунктунда:
"1248", "1373", "1510", "1661" деген цифралар "1134,76", "1248", "1373", "1510" деген цифралар менен алмаштырылсын;
"2022-ж. 01.06." деген графасындагы "10%" деген сөз "-" деген символ менен алмаштырылсын;
2-4-пункттарынын "2022-ж. 01.06" деген графасындагы "тариф+инфляция" деген сөздөр "1802" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "Ысык сууга тарифтер" деген бөлүмүндө:
1-пунктунда:
"1120", "1277", "1456", "1661", "72", "81", "90", "101" деген цифралар тиешелүү түрдө "981,76", "1120", "1277", "1456", "64,38", "72", "81", "90" деген цифралар менен алмаштырылсын; "11,7%" деген сөз "-" деген символ менен алмаштырылсын, "11,8%", "12,0%", "12,1%" деген сөздөр тиешелүү түрдө "11,7%", "11,8%", "12,0%" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"2022-ж. 01.06." деген графасындагы "14,1%" деген сөз "-" деген символ менен алмаштырылсын;
2-пунктундагы "345", "386", "432", "485" деген цифралар тиешелүү түрдө "309,03", "345", "386", "432" деген цифралар менен алмаштырылсын; "11,7%" деген сөз "-" деген символ менен алмаштырылсын, "11,8%", "12,0%", "12,1%" деген сөздөр тиешелүү түрдө "11,7%", "11,8%", "12,0%" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пунктунун "2022-ж. 01.06." деген графасындагы "тариф+инфляция" деген сөздөр "1802" деген цифралар менен алмаштырылсын;
4-6-пункттарынын "2022-ж. 01.06." деген графасындагы "тариф+инфляция" деген сөздөр "103" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |