Загрузка документа…
УТРАТИЛО СИЛУ в соответствии с постановлением Кабинета Министров КР от 25 января 2025 года № 38
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-июну № 316
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-июлундагы № 357 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун мындан ары өнүктүрүү максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-июлундагы № 357 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясында:
- 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик программаларды каржылоо максатында рыноктук эмес механизмдер аркылуу казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик ички карыз алууларды тартуу укугун өзүнө калтырат.";
- 9-главанын 1-таблицасында:
- "Аукциондук негизде МКБны жайгаштыруу" деген сөздөр "Казыналык милдеттенмелерден (КМ) тышкары, аукциондук негизде МКБны жайгаштыруу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |