Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-июну № 322
"Кыргыз деңизи" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
Башкаруу түзүмүн өркүндөтүү жана финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, иштин натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу жана контролдоо системасын күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Бостери айылы дареги боюнча жайгашкан "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун филиалы "Кыргыз деңизи" санаторийинин мүлктүк комплексинин базасында оперативдүү башкаруу укугуна негизделген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз деңизи" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз деңизи" мамлекеттик ишканасынын уставын иштеп чыксын жана бекитсин;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз деңизи" мамлекеттик ишканасын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларды көрсүн.
3. Тиешелүү мамлекеттик органдар ушул токтомдон келип чыгуучу маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүшсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 4-июлундагы № 53 (3502) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |